Линктер

жекшемби, 16-июнь, 2019 Бишкек убактысы 12:37

Бюджеттин капшыты толбой турат


Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешесине дээрлик 6,5 млрд. сом чогулбай калды. Муну өкмөт салык, бажы төлөмдөрүнүн аз жыйналышы жана инвестициялык долбоорлор толук ишке ашпай калганы менен байланыштырууда.

Депутаттар бюджеттин аткарылбай калышына коррупция себеп болгонун айтып, жоопкерлерди аныктоону талап кылышты. Эксперттер болсо өкмөт мамлекеттик бюджетти пландоого көрөгөч мамиле кылбай жатканын белгилешүүдө.

Салык менен бажы төлөмдөрү аз жыйналды

Республикалык бюджеттин 2018-жылдагы кирешеси алдын-ала 141,5 млрд. сом деп болжолдонгон. Бирок былтыр өкмөт мунун 135,4 млрд. сомун чогулткан. Бул тууралуу маалымат 4-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтылды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун маалыматы боюнча, алдын-ала болжолдонгон 81, 403 млрд. сомдун ордуна 79,583 млрд. сом жыйналган. ​

- Белгиленген план 97,8 пайызга аткарылган же 1,820 млрд. сомго кем аткарылган. Республикалык бюджетке болжолдуу 66,402 млрд. сомдун ордуна 64,910 млрд. сом түшкөн, - деди ал.

Башкы салыкчынын маалыматы боюнча, киреше салыгынын азайышына 9 ири ишканадан салыктардын аз түшкөнү себеп болгон. Аларды ичинде "Чайна петролиум" ишканасынан болжолдонгон пландан 85 млн. сомго аз же тагыраагы 152 млн. сом салык алынган. "Казминералс-Бозымчак" ишканасы пландан 63 млн. сомго, ФИНКА компаниясы 41 млн. сомго, "Алтынкен" ишканасы 70 млн. сомго аз салык төлөгөн. Жалпысынан мына ушундай ири 9 ишканадан 747 млн. сом кем салык түшкөн.

Дагы бир ири өлчөмдө жетишсиз төлөнгөн салык - кошумча нарк салыгы. Салыктын бул түрүнөн былтыр 13 ишканадан 1 млрд. 833 млн. сом аз төлөнгөн. Алардын ичинде "Түндүкэлектр", “Газпромнефть Азия”, “Скаймобайл”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызпатент” жана башка ишканалар бар. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келип түшкөн товарлардын кошумча нарк салыгы алдын-ала болжолдон ашык төлөнүп, 101% аткарылган.

Ушундай эле жетишпестик бажы тармагында да бар. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековдун маалыматы боюнча, 2018-жылга карата бажы төлөмдөрү алдын-ала 39 млрд. 796 млн. сом деп болжолдонгон. Кийинчерээк бул көрсөткүч да көбөйтүлүп, 43,5 млрд. сом деп бекитилген. Бирок мунун 95 пайызы аткарылган.

Алмаз Оңолбеков.
Алмаз Оңолбеков.

- Иш жүзүндө былтыр Мамлекеттик бажы кызматы 41,7 млрд. сом жыйнады, - деди ал. - Бул алдын-ала болжолдонгон пландан 1 млрд. 831 млн. сомго аз. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген товарлардан жыйналган төлөмдөр алдын-ала божомолдон 1 млрд. 460 млн. сомго кем жыйналган.

2018-жылкы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 141,5 млрд. сом, чыгашасы 161 млрд. 149 млн. сом өлчөмүндө бектилген. Ал эми тартыштык 20 млрд. 267 млн. сом. Мурдагы өкмөт бул бюджетти бекитүүгө алып келген учурда эле 20 млрд. сом таңкыстык кандай жол менен жоюлары тууралуу суроолор келип чыккан. Буга Сапар Исаковдун өкмөтү 2018-жылы күтүлүп жаткан бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашарын, андан бюджет кенемтесин толтурууга мүмкүн болорун айтып үмүттөндүргөн.

Инвестициялык долбоорлор демекчи, азыркы учурда мамлекеттик инвестициялык портфелде 82 долбоор бар. Өткөн жылы анын ичинен 24ү ишке ашкан эмес. Бул бюджеттеги бекитилген сумманын 23 млрд. сомун түзөт. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ишке ашпай калган долбоорлордун басымдуу бөлүгү тоо-кен тармагын иштетүү тармагына, Транспорт жана Энергетика министрликтерине караштуу.

Кайдыгерлик, коррупция...

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Кубанычбек Нурматов былтыркы бюджеттин киреше бөлүгүнүн толук чогултулбай калышына мамлекеттик кызматтардагы кайдыгерлик менен коррупцияны күнөөлөдү:

- Ишкерлер канча долбоорлорду алып келип жатышат, сунуштамалар берилип жатат. Бирок Экономика министрлигинде алты айлап каралбай жатат. Ошол эле учурда бардыгы билишет, канчалаган товарлар аткезчилик жол менен келип жатат. Мисалы, мунай ташыган ишкерлердин өздөрү “20 миң тонна күйүүчү май кирип жатат” деп айтып жатышат. Баары билишет, бирок эч кандай көзөмөл жок. Ушундан улам 150 млн. сом салык түшпөй жатат. Мамлекеттик ишканалар турат, алардын натыйжалуулугун арттырууга эч кимдин кызыкчылыгы жок. Экономика министрлиги иштебей жатат.

ЖИА ишкерлер биримдигинин президенти Темир Ажыкуловдун пикиринде, өкмөт бюджетти пландоого көрөгөч мамиле кылбагандыгы ушундай кесепеттерге алып келди.

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Жыл сайын эле киреше бөлүгү көп коюлат, - деди ишкерлердин өкүлү. - Анан аны толтурмакчы болуп карызга батып кетишет. Карыз дегеним, "2018-жылдын бюджетин толтурабыз" деп 2019-жылдын салыктарын чогултуп алышат. Көбүнчө ири ишканаларга барып, ошентип суранып алышат. Мен өзүм сегиз жыл компанияны жетектеп отурдум, "беш миллион, он миллион, жүз миллион сом берип тургула" деп келе беришет. Кийинки жылы төлөнө турган салыктын эсебинен берип коесуң. Бул үй-бүлөдө аялы күйөөсүнөн жашырып, кошунасынан "айлыкка чейин берип тур" деп карыз алып тургандай эле кеп. Бизде мамлекеттик органдардын чыгашаларын талдаган, сураштырган киши жок. Алардын ишинен мамлекетке пайда түштүбү-жокпу, мунун баары белгисиз. Кайсы бир органдар таптакыр эле жабык.

Жогорку Кеңештин Бюджет жанан финансы комитетинин 4-февралдагы отурумунда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бюджеттик кирешенин жетишсиздигин мамлекеттик салык жана бажы төлөмдөрүнүн жеткиликтүү жыйналбаганы жана айрым инвестициялык долбоорлордун ишке ашпай калышы менен түшүндүргөн.

2018-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маселе жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна чыгарылат.

Кыргыз өкмөтү болсо бюджет аткарылбай калганы боюнча өзүнчө аудит жүргүзүлөрүн, анын корутундусу регламент боюнча сентябрь айына чейин парламентке берилерин билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG