Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Өкмөттүн ири инвестиция тартуу дымагы


Кытайлык инвесторлор ачкан Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү завод.
Кытайлык инвесторлор ачкан Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү завод.

Өкмөт кийинки беш жылда инвестиция тартууну кескин күчөтөөрүн жарыялады.

Бийлик "ар бир облуска жыл сайын кеминде 20 млрд. сомдук чет элдик салым киргизилет" деп убада кылды. Ошол эле кезде адистер бюрократия менен коррупция жоюлмайынча, мындай дымактуу план аягына чыгаарынан шек санашат.

Кыргызстандын өкмөтү алдыдагы беш жылдыкка карата инвестициялык саясат мерчемин Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында жарыялады. Бул план эки ай мурда өкмөт жаңы шайланганда кабыл алынган “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” аттуу программанын биринчи кадамдары катары түшүндүрүлдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев командасынын орто мөөнөткө койгон максатын мындайча түшүндүрдү:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Жакынкы беш жылда инвестициялык саясат жалпы саясаттын негизги бөлүгү катары каралат. Биз биринчи кезекте инвестицияны борбордон алысыраак, аймактарга алып барууну жолго салабыз. Себеби ар бир аймактын өзгөчөлүгү жана ал жактагы калктын социалдык абалы бизди ушуга түртөт. Демек, келерки беш жылда ар бир облуска инвестиция боло турган каражаттардын көлөмү, жылына эң аз дегенде 300 млн. долларга (болжолдуу 20 млрд. сом) жетиши керек. 2022-жылга карата бизнести жүргүзүү жагынан Doing Business” көрсөткүчүндө эл аралык рейтингде Кыргызстан 50 мыкты өлкөнүн катарына кириши керек. Орто жана чакан ишкерликтин ички дүң өндүрүмдүн түзүмүндөгү үлүшү 2023-жылга карата 50% кем эмес болот.

Министрлер кабинетинин башчысы бул максаттарга инвестициялык абалды оңдоо аркылуу жетсе болот деп ишендирүүдө. Ал ишкерлик бизнести жүргүзүү жана инвесторлорду тейлөө массалык түрдө санариптик формага өтөрүн белгилейт:

Отчет тапшыруунун убактысы бир топ азаят. Салык отчетторун тапшыруунун заманбап кызматтары ишке кирет.

- Ишкерликти финансылык жана финансылык эмес жактан колдоо чөйрөсүндө координациялык саясат камсыз болот. Ишкерликти тейлөө мүмкүн болушунча дистанттык, электрондук формага өтөт. Натыйжада отчет тапшыруунун убактысы бир топ азаят. Инвестор жана жергиликтүү ишкер мамлекеттик кызматкерлер менен байланышпагандай тейлөө жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Салык жана бажы системасында электрондук фискалдаштыруу да буга чоң жардам берет. Башкача айтканда, салык төлөө мүмкүн болушунча жөнөкөйлөшүп, автоматташтырылууга тийиш. Салык отчетторун тапшыруунун заманбап кызматтары ишке кирет. Бизнеске административдик кысым көрсөтүүнү жана текшерүүлөрдү азайтуу боюнча иштеп жатабыз. Ал тургай салык жана көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө мораторий киргизүү маселесин карап жатабыз, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешмеде сөз алган экономика министри Олег Панкратов өз жетекчисинин айткандары боюнча өкмөттүн позициясын чечмелеп, бул боюнча кандай сунуштар жана мыйзамдар каралып жатканына токтолду.

Инвестициялык кеңештин жыйыны.
Инвестициялык кеңештин жыйыны.

Бирок жыйынга чакырылган ондон ашык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү бир-экиден орчундуу маселелерди ортого салышты. Алар бийлик бул маселелерди канча убакыттан бери чечпей келатканын да эскертишти. Маселен, Товар ташып келүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева электрондук эсеп-кысап жүргүзүү боюнча ишке кирген система аткарылбай жатканын билдирди.

Кыргызстандагы Тоок чарбалар ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев болсо өлкө ЕАЭБге киргени чет элден жумурткаларды ташып келүү күч алып, тоок фермалар чекеден банкрот болуп жатканын белгиледи. Ал эми Кыргызстандагы Базар ассоциациясынын жетекчиси Сергей Понамарёв жергиликтүү ишкерлердин чет өлкөдө виза алышы жана чет элдик жарандардын Кыргызстанда ишке уруксат алышы татаал болуп жатканына даттанды.

Инвестициялык кеңештин жыйыны.
Инвестициялык кеңештин жыйыны.

Жалал-Абаддык ишкер Бакыт Борошев аймакта иштеп жаткан инвесторлордун көйгөйүн айтты:

Юридикалык жактарды каттоо адатта алар жайгашкан жерде жүргүзүлөт. Бирок чет элдик ишкерлер катышкан юридикалык тараптарды каттоо борбордо, Бишкек шаарында гана жүрөт экен.

- Юридикалык жактарды каттоо адатта алар жайгашкан жерде жүргүзүлөт. Бирок чет элдик ишкерлер катышкан юридикалык тараптарды каттоо борбордо, Бишкек шаарында гана жүрөт экен. Башкача айтканда, Юстиция министрлигинин өзүндө гана каттала алышат экен. Бул бизге таптакыр түшүнүксүз. Эмне үчүн Юстиция министрлиги муну менчиктеп алган? Аймактагы бөлүмгө барсаң, "борборго бар" дешет. Ошо жерден эле каттатам десең бир гана жолу бар, ал - коррупция, пара берүү. Биз Жалал-Абадда бир фирма каттатыш үчүн мыйзамдуу түрдө 5 миң сомдон 7 миң сомго чейин акча төлөйбүз. Бирок ошол эле учурда Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнө дагы 7 миң сомго чейин пара берүүгө мажбур болуп атабыз. Маселен, бизге бир жолу Орусиядан чоң ишкер келди, анан айласыз Бишкекке келип фирма ачууга Юстиция министрлигине арыз бердик эле, "үч күндөн кийин кел" дешти. Чет элдик жарандын үч күндүк виза мөөнөтү бүтүп калып, мекенине кетти. Үч күндөн кийин кайра келди эле, дагы бир болбогон шылтоону айтып каттабай коюшту. Аны оңдогондон кийин "дагы үч күндөн кийин кел" дешти. Эмне себептен Юстиция министрлиги бул укукту аймактагы бөлүмдөргө берип койбойт?

Ишкердин бул суроосуна юстиция министри Айнур Абдылдаева "мыйзамда ошондой" деп жооп берүү менен гана чектелди. Ал ошондой эле фирмаларды каттоо укугун аймактарга берүү жана электрондоштуруу аракеттери жүрүп жатканын да кошумчалады.

Ага карабай адистер жергиликтүү ишкерлерди жана инвесторлорду мамлекеттин бардык бутактарында коррупция кыйнап жатканын эскертишүүдө. Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын президенти Улукбек Кыдырбаев буларга токтолду:

Улукбек Кыдырбаев.
Улукбек Кыдырбаев.

- Мыйзамдардын ичинде коюлган тоскоолдуктар аябай көп болуп жатат. Кээ бир беренелер бири-бирине карама-каршы келип калат, айрым беренелер коррупциялык жагдайларды жаратат. Бир эле мисал - уруксат кагазын берүүдө жооптуу кишиге каалагандай укук берилип калган. Ал кааласа бир жуманын ичинде, кааласа бир жылдын ичинде уруксат берет. Натыйжада уруксат кагазын алуучулар ага акча берүүгө мажбур болушат. Жазана процессинде да ушундай - инспектор бир эле иш үчүн бир адамга кааласа 500 сом, экинчи адамга 500 миң сом айыппул сала алат. Ушундай нерселерди оңдоп чыкканда гана ишкерчиликтин мүмкүнчүлүгү кеңейет жана инвесторлор көп келе баштайт.

Кыргызстанда коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө кетип жатканын президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып да эске салган. Ал бул багытта коррупцияны жоюш үчүн мамлекет кескин чара көрөрүн да айткан.

Адатта Кыргызстанга келген инвесторлор кен багытындагы ишканаларды ачууга көбүрөөк умтулат. Товар жана азык-түлүк иштетүү, кайра иштетүү, финансылык жана башка тармактагы тейлөө, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик, электр, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу боюнча да Кыргызстанда ишкана ачкан чет элдиктер арбын.

Бирок адистер сырттан келген инвесторлорду кызыктыруучу сунуштар жок экенин айтып жатышат. “ЖИА” бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров мындай дейт:

Фархат Пакыров.
Фархат Пакыров.

- "Инвестициялык климат коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жакшы" деп айтабыз. Бирок тилекке каршы жумушка келгенде айтылган көп сөздөр иштебей калат. Экинчиден, инвесторлорго суна турган товар болуш керек, ошол товарларыбыз да сапатсыз болуп жатат. Реалдуу, келечектүү инвесторлор кызыга турган долбоорлорубуз жокко эсе. Мындан сырткары келген инвесторлорго өкмөт “биз гарант болобуз, биз коопсуздук жагын камсыздап беребиз” деп ачык кайрылбайт. Бул жолку жыйында айтылды, бирок ошол ишке ашып кетсе жакшы болмок.

Былтыр Кыргызстанга чет өлкөдөн 616 млн. 793 доллар түз инвестиция келген. Мурдагы жылы болсо бул көрсөткүч 654,8 миллион долларды түзгөн. Бул каражаттардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнөн тартылган.

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш 2010-жылы түзүлгөн. Андан бери жылына кеминде эки-үч жолу жыйын өткөрүп ишкерлик жана инвестиция тармагындагы маселелерди талкуулап турушат. Кеңештин курамында өкмөт мүчөлөрү, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, ишкерлер жана эксперттер бар. Анын Бишкектеги кезектеги жыйыны 28-июнда өттү.

Кыргызстанда буга жанаша инвестиция боюнча BIF аттуу бизнес-форум да өтүп турат. Анда бийлик, жергиликтүү ишкерлер жана чет элдик инвесторлор чогуу олтуруп талкуу жүргүзөт жана ошондой эле келишимдерди түзүүгө жетишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG