Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Отузунчу өкмөт ишин баштады


М. Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген.
М. Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген.

Кыргызстандын эгемен тарыхында 30-өкмөт башчы шайланды.

Жогорку Кеңеш 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрдин кызматына Мухаммедкалый Абылгазиевди жана ал сунуш кылган өкмөттүн жаңы курамын, программасын бир добуштан колдоп, бекитип берди. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Абылгазиев "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталган программасын жарыялады. Программа бир түндө жазылганы сөз болуп, өкмөт курамындагы айрым кадрлар боюнча сындар жана дооматтар айтылды.

Кыргыз өкмөтүндө вице-премьер-министрлердин баары алмашты. Биринчи вице-премьер-министр 2010-жылдан бери өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келген Кубатбек Боронов болду.

Андан кийинки үч вице-премьер-министрдин бири Замирбек Аскаров буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп турган. Жеңиш Разаков президенттин кеңешчиси, Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2016-2017-жылы вице-премьер-министр болуп иштеген. Дагы бир вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болчу.

Жаңы премьер-министр жана вицелер.
Жаңы премьер-министр жана вицелер.

Финансы министри Адылбек Касмалиев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, юстиция министри Айнур Абдылдаева, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскулов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өз ордунда калды.

Буга чейин коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган, бир катар адамдардын аты аталып жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси болуп Идрис Кадыркулов дайындалды. Ички иштер министрлигинин башына буга чейин ушул кызматта иштеп кеткен Кашкар Жунушалиев келди. Экономика министри болгон Олег Панкратов вице-премьер-министр, ​Нурболот Мырзахметов өзгөчө кырдаалдар министри, ​Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри​, Бакыт Шаршембиев болсо Байланыш жана маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Эрлис Тердикбаев болду.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы өкмөт экономикага, бизнеске көңүл бурат деп ишендирди:

- Өкмөттүн алдында экономикабызды атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай жана улуттук бизнес менен чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу болгондой кылып өнүктүрүүгө байланышкан эң бир маанилүү милдет турат. Коомубуз менен бизнес фискалдык органдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен тажап бүттү. Эми бизнес жүргүзүү менен инвестициялардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө көңүл бурулат. Өкмөттүн бизнес менен жигердүү жана конструктивдүү диалогу калыбына келтирилет. Мамлекетте бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү зарылдыгы жөнүндө көптөн бери эле сөз болуп келе жатат.

Ошол эле маалда өкмөттүн жаңы курамына байланыштуу бир катар дооматтар да айтылды. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков кийинки өкмөт деле мурда-кийин иштеп кеткен министрлерден куралганын сындады:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Балдардын өкмөтү бат эле кетти, эми чапанын сүйрөгөн чалдардын өкмөтү келатыптыр. "Жаңы өкмөт" деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң "б\у өкмөт" келиптир. Аймактык тең салмактык керек эле. Эмне үчүн бир да таластык жок? Мага азыркы жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок. Талапкерлердин көбүнүн буга чейинки жумуштары анчейин алкоого арзыбайт.

КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева болсо экономика министри болгон Олег Панкратовдун Кыргызстан ЕАЭБге киргенде алешемдиктерге жол берген учурларын эстеди. Ошондуктан депутат анын бул кызматка көтөрүлүшүнүн моралдык жагына кызыкты:

- Олег Михайлович, сиз Экономика министрлигинде 2013-жылдан бери жүрөсүз. Алгач экономика министри, андан кийин аны көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр болдуңуз. Сиз Кыргызстан ЕАЭБге киргенде биздин ишкерлер жетиштүү корголбой калганы үчүн жоопкерчиликти сезип жатасызбы? Сиз азыр стандарттуу эле жоопторду берип жатасыз. Биздин өлкөдө бул кызматка эмгеги сиңген көп эле адамдар бар. Сиздин бул кызматка отурууга моралдык укугуңуз жок! Анткени азыр өлкөдөгү аткезчилик, башаламандыктын баары сиздин ишиңиздин жыйынтыгы.

Бирок Мухаммедкалый Абылгазиев "Олег Панкратовдун ЕАЭБге кирүүдөгү эмгеги чоң" экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Мухаммедкалый Абылгазиевди президент да, парламенттеги бардык күчтөр да колдоп жатканын, тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. Ал өкмөт эми мындан ары иштебей, ар кандай шылтоо айта албай турганын белгиледи жана өзүнүн бир катар сунуштарын берди:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Элибиз адилеттүү жана жаратман өкмөткө муктаж. Кийинки жылдары коррупцияга батып калганын көрдүк. Мына, прокурорлор алган паранын суммаларын көрдүңүз. Мунун баары Кыргызстанды коррупционерлер мите курттай эле жеп жатканынын далили. Ушул нерсени сөзсүз токтотушуңуз керек деп ойлойм. Тышкы карыз 4,5 миллиард доллардан ашты. Келген акча максатсыз пайдаланып жатат. Муну сиз премьер-министр катары катуу көзөмөлгө алышыңыз керек. Келген насыяларды, гранттарды миллиондоп уурдап жеп жатышат. Ушул багытта, коррупция менен күрөшүүдө сиз президент Сооронбай Жээнбековдун колуна кол, бутуна бут болушуңуз керек. Ушундай шартта Көчмөндөр оюндарын өткөрүп жатабыз. Мына азыр 300 миллион сом бөлүндү. Олимп оюндары төрт жылда бир болот. Биз Көчмөндөр оюндарын эки жылда бир өткөрүп жатабыз да. Ушуну да ойлонуп көрсөңөр. Ушундай шартта насыя алып той өткөргөн туурабы?

"Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жаңы өкмөт башчыны саясий оппоненттерди, сөз эркиндигин сыйлоого, мурунку өкмөттүн катасын кайталабай иштөөгө чакырды:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Саясий оппоненттерди түрмөгө камоо, сындыруу, журналисттердин "тилин кесүү" менен темирдей тартип орнобойт. Темирдей тартип адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана тең салмактуулук менен орнойт. Демократия деп ошону айтат. Ошондуктан силер мурунку өкмөт кетирген катаны эч качан кайталабагыла. Кыргыздын тарыхында оппозицияны муунтуп, журналисттерди камап, талкалаган бир да өкмөттүн телегейи тегиз болгон эмес. Ал элдин кыжырдануусуна алып келген. Ошондуктан сиздер тарыхый ката кетирбеңиздер. Журналисттер канчалык катуу чындыкты айтканы менен алар жана оппозиция коомдогу санитардын ролун аткарат. Оппозиция болуш оңой-олтоң иш эмес. Мактап-жактап, кемчиликтерди көрмөксөнгө салуу биздин деле колубуздан келет. Коом алдыга жылышы үчүн кемчиликтерди бирөө көзгө сайып айтып турбаса болбойт.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьерлик кызматка талапкерлигин жана ал сунуш кылган программаны, өкмөттүн курамын жыйынга катышкан 105 депутат тең бир добуштан колдоду.

Жаңы өкмөт парламент сынынан өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:49 0:00

Жаңы премьер-министрдин баскан жолу

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 жашта. Константин Скрябин атындагы Айыл чарба институтун 1994-жылы аяктаган. 2003-жылга чейин "Кыргызстан" финансылык агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары, "Ажар" фирмасынын аткаруучу директору, өкмөткө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти, Калкты ишке жайгаштыруу департаментинин райондук бөлүмүнүн башчысы, департаменттин жетекчиси өңдүү кызматтарда иштеген.

Абылгазиев Социалдык фонддо баш-аягы он жылдан ашык иштеди. 2003-жылы Социалдык фонддун ички аудит башкармалыгын башкарган, бир канча айдан кийин эле Чүй облустук башкармалыгына жетекчи болуп барган жана бул кызматта беш жылга жакын турган. Андан кийин эки жыл Социалдык фонддун аппаратын башкарган.

2009-жылы Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп көтөрүлгөн жана 2010-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин төрага болуп дайындалып, 2016-жылга чейин иштеген.

Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген. Ошол учурда саясий айдыңда дээрлик белгисиз Абылгазиевдин биринчи вице-премьер-министрдин кызматына көрсөтүлүшү күтүүсүз болгон. Ал кездеги өкмөттү жакшы билгендер бул жерде аймактык фактор негизги роль ойногонун, тактап айтканда, "премьер түштүктөн, анын биринчи орун басары түндүктөн" деген принцип менен тандалганын айтып жүрүшөт.

Абылгазиев премьер-министр болгонго чейин кыска убакыт президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратын жетектеди. Жогорку Кеңеш шеним көрсөтпөй кызматтан кеткен Сапар Исаков да бул кызматка келгенге чейин мурунку президент Алмазбек ​Атамбаевдин аппаратын башкарган эле.

Эмки өкмөттө эмне өзгөрүү болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:33 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG