Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Жаңы өкмөттүн курамы жактырылды (тизме)


Солдон оңго карай: Алтынай Өмүрбекова, Жеңиш Разаков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, Замирбек Аскаров.
Солдон оңго карай: Алтынай Өмүрбекова, Жеңиш Разаков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, Замирбек Аскаров.

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду. Бүгүн күн тартибинде өкмөттүн программасы, тутуму жана курамы каралды.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Парламент 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын карап, колдоду. Жыйынга 115 депутат катышып, "макул" деп добуш беришти.

Жаңы курамдын программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди.

Жактырылган өкмөттүн курамы:

Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;

Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;

Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;

Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;

Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;

Экономика министри – Олег Панкратов;

Финансы министри – Адылбек Касымалиев (буга чейин иштеп келген);

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге (буга чейин иштеп келген);

Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (буга чейин иштеп келген);

Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (буга чейин иштеп келген);

Юстиция министри – Айнур Абдылдаева (буга чейин иштеп келген);

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (буга чейин иштеп келген);

Ички иштер министри - Кашкар Жунушалиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;

Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (буга чейин иштеп келген);

Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (буга чейин иштеп келген);

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов (буга чейин иштеп келген);

Байланыш жана маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси – Идрис Кадыркулов.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдогон. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

ЖK жаңы өкмөт курамын талкуулоодо. (2-бөлүк)

ЖK жаңы өкмөт курамын талкуулоодо (Түшкө чейинки талкуу)

Кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен парламенттеги азчылыктын өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.

Кийин өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Мындан соң парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдогон. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG