Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 21:39

Жогорку Кеңештин үч фракциясы менен өкмөт ортосундагы тирешүүлөр күндүн талылуу темасына айланды.

Бийлик бутактарынын ортосундагы курчуган мамиле саясий принциптерге негизделгенби же мурдагы жана азыркы президенттердин шыкагы менен болуп жатабы? Мамлекет башчы менен премьер-министрдин мамилеси саясий аба ырайынын өзгөрүшүнө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов жана коомдук ишмер Жыпар Жекшеев катышты.

“Азаттык”: Жыпар мырза, Жогорку Кеңештин үч фракциясы өкмөттүн отчетун өтө оор кабыл алып, катуу сындар менен коштолду, ачык кайым айтышуулар болду. Фракциялардын өкмөткө болгон мындай мамилеси оппозициялык азчылыктын кадимки ишиби же өкмөттү кетирүү аракетиби, сиз кандай баалап жатасыз?

Оппозициялык үч фракция биригип алып, өкмөттүн отчетун угуп жатканы депутаттардын конструктивдүү жолго түшүп жатканынын белгиси.
Жыпар Жекшеев

Жыпар Жекшеев: Парламенттин табияты ушул – коомдук маанидеги маселелерди ачык айтып, сындоого шарт түзүү. Жогорку Кеңештеги оппозициялык үч фракция биригип алып, өкмөттүн отчетун угуп жатканы депутаттардын конструктивдүү жолго түшүп жатканынын белгиси. Оппозициялык күчтөрдүн биригип жатканын фактор катары да карасак болот.

Тарыхка кылчайсак, дегеле кыргыз парламенти өкмөттүн отчетун жылуу-жумшак кабыл алган эмес. Дайым эле курч сындар, ачуу сөздөр айтылып келген. Мурда деле парламент тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү деген аракеттер болгон, азыр да болуп жатат. Бул жерде трагедияны көргөн жокмун.

Премьер-министр деле парламенттеги абалды туура билип жатат, сезет, отчетун жакшы берип жатат. Баарын эле жакшы деген күндөр өтүп, ар бир фракция өзүнүн оюн айтканга үйрөнүп, парламенттик башкарууну калыптандырып жатабыз, саясий маданият дагы ушинтип орун алат.

Үч фракция өкмөттүн ишин жактырган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

“Азаттык”: Алманбет мырза, оппозициялык азчылыктын өкмөткө айткан сындарынын жүйөсү барбы? Мурдагы өкмөттүн жетекчиси катары бүгүнкү өкмөттүн ишине кандай баа берээр элеңиз?

Алманбет Матубраимов: Менимче, парламенттеги оппозициялык үч фракциянын биригип алып өкмөттүн отчетун угуп жатканынын өзүнчө сыры болсо керек. Мурдараак ушул фракциялар өкмөт башчы өзү келбесе, өтчетун укпайбыз деп коюшкан.

Үч фракциянын мурдагы эки лидери башка жакта жүрүшөт, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери да президенттикке талапкер болгон жигит, алардын баарына байланышкан көп маселелер бар. Бирок, оппозициялык күчтөрдөн парламентте Кыргызстандын келечегине байланышкан конструктивдүү суроо же кабыргасынан коюлган маселе көтөрүлгөн жок.

Расмий түрдө алганда Кыргызстан сыртка экспорт жасаган жок, көпчүлүгүн дагы эле импорт кылып жатабыз. Абалдын, жагдайбыздын оор экенин моюнга алып, парламент менен өкмөт биригип көп маселелерди чечиши керек. 2017-жылдын 1-декабрынан баштап Конституция өзгөргөн, бийликтин негизги күчү парламент менен өкмөттө.

“Азаттык”: Жыпар мырза, азыркы өкмөт “жаштарга таянган, технократ өкмөт болобуз” деди эле. Ал тилек канчалык ишке ашып жатат? Ишеним арткан жаш кадрлардын көбү эмне үчүн жыдып калышты?

Жыпар Жекшеев: Эми чындыгын айтканда, өкмөттүн жетекчиси Сапар Жумакадырович тарабынан көп иштер жасалууда. “Жаңы доорго кырк кадам”, “Таза коом”, “Таза суу” программалары боюнча кайсы жылы кандай иштер жасалат, баарынын жообун, жолун ачык айтып жатышат. Мурда бийликке келгенде “эмне кылсам өзүм билем” деп жоопкерчиликтен качып калган. Азыр андай болгон жок, билинип калгандарга катуу чаралар көрүлүп жатат.

Жаштардын баарын эле таза дей албайбыз, муну туура түшүнүү керек. Тилекке каршы, өзүн булгап алган жаштар болууда, ар кимдин тарбиясына байланыштуу маселе тура.

“Азаттык”: Алманбет мырза, азыркы өкмөттүн “Кумтөр” маселеси боюнча бүгүнкү позициясы канчалык улуттук кызыкчылыктарыбызга жооп берет, өкмөт башчы Кыргызстан эл аралык сотко берсе утулуп калмак дегени жөндүү жооппу?

Сапар Исаковду канча сындабайлы, ал фракцияларга көз каранды. Бийликти фракциялар ортосунда бөлүп алышкан.
Алманбет Матубраимов

Алманбет Матубраимов: Бизде мамлекеттик башкаруу системасы жок. 26 жылдан бери Кыргызстанда бир дагы жетекчи жооп берген жок. Орун алмаштырып коюп кетип жатышпайбы. Биз Сапар Исаковду канча сындабайлы, ал фракцияларга көз каранды. Бийликти фракциялар ортосунда бөлүп алышкан. Эртең бир фракция коалициядан чыгып кетсе премьер-министр кызматынан кол жууйт.

Мамлекеттик система жолго коюлса, бийликте жашпы, улуубу өнүгүү болот. Ошону түшүнгөн бийлик керек, бизде ушунча жылдан бери кадр саясаты калыптанган жок. Башкаруу системасын түзүү үчүн кимдир бирөө жоопкерчиликти алышы керек. Конституция боюнча бийлик башындагылардын жоопкерчилиги, милдети чечилген эмес. Командабыз менен жооп беребиз деп жатышат. Бирок жеке, инсандык жоопкерчилик кайда?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Өкмөттүн иши оппозицияга жакпады
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:06 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG