Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:44

Үч фракция өкмөткө "эки" койду


Сапар Исаков парламенттеги жыйында. 17-апрель, 2018-жыл.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылык өкмөттүн 2017-жылдагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп баалады.

Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт 17-апрелде "Республика - Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынын кошмо жыйынында отчет берди. Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу соңку жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, Бишкек ЖЭБиндеги авария, ГЭС куруунун айланасындагы чыр, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жана башка маселелерге байланыштуу болду.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жыйында "Ата Мекен" фракциясы өкмөткө негизинен Кумтөргө байланыштуу нааразылыгын билдирди. Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов премьер-министр Сапар Исаковду "Центерра Голд" компаниясы менен Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түздү, Жогорку Кеңеш менен акылдашып-макулдашкан жок" деп айыптады:

- Парламент менен кеңешпестен ошондой келишимге кол коюунун өзү - кыянатчылык жана кечирилгис ката. Жогорку Кеңешке мурунку өкмөт башчылар - Жантөрө Сатыбалдиев да, Жоомарт Оторбаев да Кумтөр боюнча жаңы келишимдерди алып келген. Жантөрө Сатыбалдиевдин долбоору алдагы сиздин келишимден да алда канча жакшы болчу. Ошондо парламент макул болбой койгон. "Салык түрүндө эмес, алтындын өзүн алабыз" деп парламент ал келишимге макул болбой койгон. Андан кийин да Жоомарт Оторбаев "Центерра" ийге келип жатат, экологияга мынча берип жатат" деп, ал да келишим алып келген. Экөөнө тең парламент "тарыхый адилеттүүлүк орнобойт" деп уруксат бербей койгон. Силер эч нерсеге карабай, өзүм билемдик кылып, парламентти, элди тоготпостон келишимге кол коюп койдуңар.

Сапар Исаков Кумтөргө байланыштуу бардык маселенин себеби катары 2009-жылдагы келишимди атады. Ал "кыргыз тарап бул документтин айынан соттошо албайт" деп билдирди:

- 2009-жылдагы келишимдин негизинде, Кумтөр боюнча "Центерраны" бир да сотко бере албайбыз. Андай укугубуз жок. Биз бир канча компания менен сүйлөшүү жүргүздүк, "арбитражда биздин келечегибиз, мүмкүнчүлүгүбүз кандай" деп экспертиза жасадык. Ошондо бизге "арбитражда утуласыңар" деп корутунду чыгарып беришкен. Биз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек. Кумтөрдүн келечегин узартышыбыз керек. Ошол жактагы инфраструктурага бир миллиард доллардан ашык инвестиция келген. Фабрика, жолдор салынды, электр чубалгылары келди. Ал жакта үч миңден ашык адам иштеп жатат. Аларды жети жылдан кийин көчөдө калтырабызбы?

Бирок өкмөт башчынын мындай түшүндүрмөсүнө ынабаган депутаттар да болду. Мунун айынан "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, убагында Кумтөргө байланыштуу соттолгон депутат Талант Мамытов өкмөт башчы менен кайым да айтыша кетти.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун пикиринде, премьер парламенттин үмүтүн актаган жок:

- Тилекке каршы, сиз көздөгөн иш-аракеттердин көпчүлүгү максатына жеткен жок. Эл да, биз да көрсөткөн ишенимди актаган жоксуз. Мына, Тогуз-Торо чыры боюнча сиз "уюштуруучуларды аныктадык" деп айткансыз. Эгер ошондой болсо, анда алар менен алдын-ала сүйлөшүп, ушундай жагдайга алып келбесеңиз жакшы болмок.

Жыргалбек Турускулов Бишкек Жылуулук электр борборун моденизациялаш үчүн берилген 386 миллион доллар максаттуу сарпталбаганын да сынга алды. Премьер-министр Сапар Исаков расмий Бээжин ЖЭБдин айланасындагы талаш-талкууга нааразы экенин билдирди жана депутаттарды этият сүйлөөгө чакырды:

- Иликтөө бүтө электе катуу айтпай туралы. Анткени Кытай бизди карап турат. Бул жерде тышкы иштер министри отурат. Мен ачык айтышым керек, бул кишиге Кытайдын элчиси абдан катуу айткан. Ал "Бээжин бул тууралуу көп айтылганына, парламентте дискуссия болуп жатканына түшүнбөй жатат" деген. “Биз түшүнбөй жатабыз, бизди эмнеге капа кылып жатасыңар?” деген ал. Бул айтканымды Эрлан Бекешович (тышкы иштер министри-ред.) тастыктай алат.

Сапар Исаков "Тогуз-Тородогу тополоңдун артында айрым бир саясатчылар турат" деп билдирди. Бирок алардын атын ачык айтуудан баш тартты.

Жыйында өкмөт Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу, "Акылдуу шаар" долборунун ишке ашыра албаганы боюнча суроо көп берилди. Өкмөт башчы Сапар Исаков муну "бардык эле мамлекеттерде боло турган көрүнүш" деген мааниде да жооп берди:

- "Лигласс" менен келишимге кол коюлгандан кийин алар өзүнүн милдеттерин аткара албай калды. Ошондон кийин мен ал келишимди буздум. Биздин бюджетте 1 миллион 200 миң доллар калды. Биз азыр инвесторлорду издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө эки инвестор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерде да келишимдерге кол коюлуп, кийин ал келишимдер бузулуп деле кетет. "Huawei" менен болсо келишимге кол койгондон кийин, техникалык-экономикалык негиздемесин эсептей баштаганда бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашыра алаарыбызга ынандым. Жоопкерчиликти алып, келишимди буздум.

Оппозициялык азчылыктын жыйынында өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деген баага эки депутат - "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов гана каршы чыкты.

Өкмөттөн буга чейин коалициялык көпчүлүккө кирген КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары караган жана экөө тең оң баа берген. "Бир бол" болсо азырынча карай элек. Башкаруучу коалиция качан бир чечим кабыл алаары белгисиз.

Үч фракция өкмөттүн ишин жактырган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG