Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:48

Өргө чыга албаган экономика


Кыргызстандык тигүүчүлөр

Улуттук статистика комитети 2018-жылдын биринчи үч айлыгындагы экономикалык өсүштүн жыйынтыгын чыгарды.

Анда экономиканын өнүгүүсүндө бир топ ылдыйлоо болуп, азык-түлүктүн, күнүмдүккө керектүү товарлардын жана күйүүчү майдын кымбаттоосу байкалганы көрсөтүлгөн.

Муну көз карандысыз экономисттер экспорттун чабалдыгы жана сырттан келчү валютанын кыскарышы менен байланыштырып жатат. Ошол эле кезде талдоочулар көмүскө экономиканын көлөмү жогору экенин жана аны ачыкка чыгаруудагы оорчулуктарды белгилешүүдө.

Экономикадагы ылдыйлоо

2018-жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча былтыркы ушул мезгилге караганда экономикалык өсүш бир аз ылдыйлаган.

Ички дүң өнүм былтыр февраль айына салыштырмалуу 2,9 пайызга гана өсүп, "Кумтөрдү" кошпогондо 87 миллиард 623,8 миллион сомду түздү. Алтын кендин кирешесин эсептебегенде, экономиканын өсүшү былтыркы мына ушул мезгилге салыштырганда 0,4 пайызга артка чегинген. Март айынын жыйынтыгы менен өнөр жай тармагындагы өсүш артка кетип, өндүрүш 0,5 пайызга төмөндөгөн.

57 миллиард 376,9 миллион сомдук товар өндүрүлүп, былтыркыга караганда ылдыйлоо байкалган. Көрүнүштү экономисттер сырттан экспорттук жана эмгек мигранттарынын эсебинен түшчү валютанын азайышы менен түшүндүрүп жатышат. Экономист Улукбек Кыдырбаев муну реэкспорттун кескин кыскарышы менен байланыштырды:

- Кыргызстан өз учурунда Кытай товарларын реэкспорт кылган өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Ошондой он өлкө болсо, Кыргызстан анын бири болчу. Мына ошону менен жашаганбыз. Биздин мурунку жылдардагы өсүш реэкспорттун эсебинен камсыз болуп турган. Анан биз ЕАЭБге киргенден кийин анын көлөмүнө чектөө коюлду. Ага чейин аймактагы эң чоң базар бул - Кыргызстан болчу. Кытай товарлары бизге кирип, биз аркылуу башка үчүнчү өлкөлөргө ташылчу. Ошонун эсебинен экономика кандайдыр бир өзүнүн деңгээлинде кармалып келген. Ошондуктан 2008-жылдан 2014-жылга чейин курулуш тармагы өсүп, жылына беш жүзгө чукул көп кабаттуу имараттар курулуп турду. Андан бул тенденция кан буугандай токтоду. Себеби экспорттон жана эмгек мигранттарынан мурдагыдай акча келбей калды.

Металл кошулмасын казуу 38,7 пайызга, баалуу металл өндүрүү 6,4 пайызга, машиналарды жана жабдууларды өндүрүү 24,7 пайызга кыскарган. Адистердин айтымында, негизинен жолго түшүп бараткан текстиль, тигүү, желим жана пластика чыгаруу тармактарында буга чейинки жана былтыркы өсүш көрсөткүчтөрү сакталып калган.

Экспорттун көлөмү

Өндүрүш көлөмүнүн ылдыйлоо себептерин адистер товарларды сыртка сатуунун жөнгө салынбаганы жана мындан улам өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы менен түшүндүрүшөт.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Кыргызстандын өндүрүш жана айыл чарба товарларын экономикалык биримдикке экспорттоонун абалы менен тааныштырды:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

- 2016-жылы экспорт 6,1 пайыз өстү. 2017-жылы болсо экспорттун көлөмү 13,8 пайызга көбөйдү. Январь-февраль айларында былтыркы ушул айларга караганда ички дүң өнүм 2,2 пайызга өстү. Экспорт ойдогудай тездик менен болбосо дагы, бирок өсүп жатат. Азыр бир гана тоскоолдук ветеринардык көзөмөл гана алына элек. ЕАЭБ башка тоскоолдуктардын баарын алып салган. Жүк ташуунун акысы дагы арзандады.

Көмүскө экономиканын көлөмү

Анткен менен улуттук статистика комитетинин берген маалыматтарында көмүскө экономиканын көлөмү камтылган эмес. Көз карандысыз адистер анын болжолдуу көлөмү 40 пайызга чейин жетиши мүмкүн экенин айтып келишкен. Экономист Жумакадыр Акенеев көмүскө экономика сыртка чыкса, анда реалдуу өсүш камсыздалмак деген ойдо:

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

- Көмүскө экономиканын көлөмү расмий айтылган экономикадан бир топ эсе жогору. Аны изилдеп чыгыш керек. Мына ошол көмүскө экономика иштегени үчүн өлкөнүн ичинде акча көп айланып жатат да. Ошондуктан ортодогу айырмачылык аябай чоң. Муну биз эмнеден улам билсек болот? Мисалы, өлкөдө 1 200 000 автоунаа бар. Күйүүчү май кымбаттаса дагы сатып алып, унаалар жүрүп жатат. Күйүүчү майга болгон керектөө жыл сайын 8-10 пайызга өсүп жатат. Анан дагы электр энергиясын пайдалануу дагы өсүп жатат. Мына ушул көмүскө экномиканын көлөмү өтө чоң экенин аныктап турган көрсөткүч. Эгерде аны жөнгө салсак, салыктардын түшүүсү көбөйүп, бюджет толо баштамак. Мамлекеттик органдарда иштегендердин жана бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөймөк.

Жакындан бери парламенттин тиешелүү комитеттеринде жана фракцияларда өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердиги боюнча отчету карала баштады. Анда өкмөттүн экономикалык өсүштү камсыздоо маселелери талкууга коюла турганы белгилүү болду. Мына ошого жараша өкмөттүн жалпы ишмердигине баа бериле турганы буга чейин жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG