Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:26

"Центерра Голд" ишканасы Кумтөрдү чалгындоону улантууну жана кенди иштетүү мөөнөтүн узартууну көздөп жатат.

Канадалык компаниянын Кыргызстандагы иши жана өкмөттүн мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо маселеси тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын экономика бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": "Центерра Голд" Кумтөрдөгү кенди иштетүү мөөнөтүн узартууга жана чалгындоо иштерин жандандырууга умтулаарын билдирди. Бул алтын кенинин ачык айтылбай келген запастарына байланыштуубу же кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрдөгү ийкемдүүлүгү мененби?

Өзбекстанда бир долбоорго бир нече инвестор тартып, анан мамлекеттик үлүштү сактап калуу тажрыйбасы колдонулат.

Мигранян: 2011-жылдан бери "Центерра Голд" өзүнүн активдерин кеңейтип, ар кыл долбоорлорду ишке ашырып келет. Кумтөрдөн тышкары Монголияда, Канадада жана бир катар өлкөлөрдө иштеткен кендери бар, анын ичинде Африкада да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Компания мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бизнес чөйрөсүндөгү кадимки тажрыйбаны колдонууда. Геологиялык чалгындоо - "Центерранын" иш стратегиясындагы келечектүү багыттардын бири. Ал эми Кыргызстан боюнча айта турган болсок, өлкөдө бир топ иштетилбеген кендер бар. Андыктан компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети боло турган иш. Бул коммерциялык кызыкчылык.

Кыргыз өкмөтүнүн ийкемдүүлүгүнө токтолсок, кеп өлкөнүн кызыкчылыктарын аныктоо, кыргыз экономикасын коргоо туурасында болуп жатат. Бир да инвестор өкмөттү өз шарттарына мажбурлай албайт. Бул жерде кыргыз өкмөтүнүн "Центеррага" карата ийкемдүүлүгү, Кыргызстанда акыркы он жылдагы саясий абалдан улам бизнес үчүн чоң коркунучтарга карабай инвестордун өлкөдө калып, ишин улантууга макул болуп жатканына байланыштуу.

Экинчи жагдай - ошол эле бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүү жүргүзүп, өкмөттүн кызыкчылыктарын так аныктап, инвесторлор менен тил табыша албай жатканы. "Центерранын" өлкөдөн кетиши Кыргызстандын өз кызыкчылыгына туура келбейт. Компаниянын геочалгындоо иштерин жүргүзүп, ортодогу келишимди узартуу ниетин өлкөнүн имиджин оңдоп, чет өлкөлүк инвестиция тартуу үчүн жагымдуу жагдай десек да болот.

"Азаттык": Негизи "Кумтөр боюнча 2009-жылы бекитилген келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калды" деген нааразы пикирлер бар. Апрель окуяларынан кийин парламенттик, андан соң мамлекеттик комиссия түзүлүп, "учурдагы келишимдер өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деген тыянак чыгарышкан. Андан кийин өкмөт "Центерра Голд" менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүп, абалды жөнгө салуунун бир нече жолу айтылган. Бирок учурда 2009-жылдагы келишим кадимкидей иштеп жатат. Негизи кыргыз өкмөтүнүн "Центерра Голд" менен кызматташтыгын кандай бааласа болот?

Өкмөт - "Центерра": создуккан сүйлөшүү

Жергиликтүү телеканалдардын бири өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, Кумтөр боюнча жаңы документ даярдалып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Мигранян: Азыр бул тууралуу бир нерсе айтыш кыйын. Башынан өлкөдө көп сандаган инвесторлор болгон эмес, кенди иштетүүнүн альтернативалык жолдору да каралган эмес. Инвесторлорго зар өлкө катары "Центерра" менен түзүлгөн келишимде да бир катар мүчүлүштүктөр кетирилген.

Инвесторлор тизилип күтүп турбаса, өкмөт жалгыз кызыккан компаниянын шарттарына макул болот да. Бул жерде ошол келишимдин мүчүлүштүктөрүн оңдоо, чыгымдарды толуктоо тажрыйбасын колдонуш керек. "Центерра" боюнча болсо, "келишимди өзгөртөлү, жокко чыгаралы" деген маселе далай көтөрүлдү. Мунун баары Кыргызстанга инвестиция тартууга өз залакасын тийгизди. Ошол эле Казакстан кен иштетүү боюнча бир да келишимди өзгөрткөн жок. Алар деле өз өлкөсү үчүн оңтойсуз шарттарда түзүлүп калган. Бирок казак өкмөтү компаниянын социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча кошумча келишимдерди кабыл алып, чыгымдарын жабууга аракет кылды.

Азыр деле кыргыз өкмөтү "Центерра" менен келишим кайра карала турган болсо, бул жагын эске алса болот. Муну калкты социалдык камсыздандыруу, экология, облусту өнүктүрүү, инфраструктура жана байланыш тармактарын көтөрүү долбоорлору аркылуу ишке ашырууга болот. Тирешүү жолу менен өлкөгө инвестиция тартуу мүмкүн эмес. Кызыккан инвесторлор көбөйүп, атаандаштык пайда болгондо гана өкмөт өз шарттарын коё алат. Кыргызстанда мындай чарбалык маселелерге саясат аралашып кетип жатат.

"Центерранын" өлкөдөн кетиши Кыргызстандын өз кызыкчылыгына туура келбейт.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Улан Рыскуловдун айтымында, ушул тапта "Центерра Голддун" Кумтөрдө чалгындоо жүргүзүүгө лицензиясы жок. Компания бул ишке 26 млн. доллар бөлдү. Бул компаниянын Кумтөрдү монополияга алганын түшүндүрөбү?

Мигранян: Компания жаңы долбоорлорду, технологияларды жана аларга бөлүнүүчү каражатты дайындап жатканы - анын ички саясаты. Муну бардык компания өз кызыкчылыктарын коргош үчүн жасайт. Бирок иш жүзүндө лицензиясыз жана келишимсиз эч нерсе кыла албайт.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү менен "Центерра" түзгөн концессиялык келишимге кенге жакын жайгашкан беш мөңгү кирген. Бирок Жогорку Кеңеш атайын мыйзам кабыл алып, Лысый менен Давыдов кендерин гана бузууга уруксат берген. Мындай учурда чалгындоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнбү? Мындай чалгындоо иштеринин өлкөнүн экологиясына, башка мөңгүлөргө жана суу ресурстарына кандай кесепети тийиши мүмкүн?

Мигранян: Зыяндын көлөмү кен иштетүүгө жана чалгындоого берилген лицензиядан, ошол уруксат берүүчү документтерди иштеп чыккан мамлекеттик органдардын компетенциясынан көз каранды. Бул документте иштетилүүчү аймак, колдонулуучу технологиялар жана ыкмалар кылдаттык менен каралып, так көрсөтүлүшү керек. Экологияга минималдык жана максималдык зыян келтирилиши мүмкүн. Бардыгы колдонулган технологиялар менен иштердин түрүнө байланыштуу. Ошондуктан бул документти кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл.

"Азаттык": "Центерра" компаниясынын алтын иштетүүчүлөрдүн эл аралык чөйрөсүндө орду кандай? Киреше булактарычы? Кандай долбоорлорду ишке ашырууда?

Инвесторлор тизилип күтүп турбаса, өкмөт жалгыз кызыккан компаниянын шарттарына макул болот да. Бул жерде ошол келишимдин мүчүлүштүктөрүн оңдоо, чыгымдарды толуктоо тажрыйбасын колдонуш керек.

Мигранян: "Центерра" Монголия менен Канадада кен иштетүүдө. Азыр алтын кендеринин булактарын мүмкүн болушунча кеңейтүү аракетинде. 2011-жылы ресурсту 100 пайыз Кумтөрдөн алган болсо, азыр Кумтөр 77 пайызын түзөт. Жыл аягында 70 пайыздан да азайышы күтүлүп турат. Компания алтын кен булактарын көбөйтүүдө. Бул саясатын уланта берет. Дүйнөлүк рынокто компаниянын акциялары ортодон жогорку баада сатылат, компания туруктуу, анын кирешеси алтынга болгон суроо-талапка жараша өсүп келетат.

"Азаттык": Кыргызстан үчүн "Центерранын" шарттарына мындан ары көнүп, кызматташтыкты улантуу канчалык оңтойлуу?

Мигранян: Алтын кенинен түшкөн пайданы бөлүштүрүү, алтынды Кыргызстанда иштетүү маселелерин кайрадан карап чыгуу керек экендиги айдан ачык. Бул республиканын кирешесин көтөрүүгө жардам берет. Экология, инфраструктура жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелерине да жакшылап көңүл буруш керек.

"Азаттык": “Центерра” компаниясы менен түзүлгөн келишимдер кыргыз коомчу үчүн жабык. Бул ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратып келет. Мындай келишимдерди эмне үчүн купуя сыр катары кармаш керек?

Мигранян: Бир да инвестор келишимдердин ачыкка чыгышына макул болбойт. Дүйнөлүк рынокто атаандаштык бар. Эч ким киреше-чыгашаларын ачыкка чыгарууга макул болбойт.

"Азаттык": Алтын кенин иштетүү боюнча Өзбекстандын тажрыйбасы жакшы мисал катары көрсөтүлүп келет. Сиз буга макулсузбу? Коңшулардын жана Орусиянын кандай тажрыйбасын Кыргызстан эске алса болот?

Мигранян: Биринчи кезекте, келишимдерди түзө билүү. Улуттук кызыкчылыктарды жогору коюп, сүйлөшүүлөрдө инвесторго да, мамлекетке да ылайыктуу шарттарды макулдашып, тил табышуу. Казакстан менен Өзбекстан бул маселеде өзүнүкүн беришпейт.

Экинчиси - Кумтөр менен болгон окуядай өкмөт бир долбоорду толугу менен бир инвесторго монополияга берип койбошу керек. Өзбекстанда бир долбоорго бир нече инвестор тартып, анан мамлекеттик үлүштү сактап калуу тажрыйбасы колдонулат. Бул жерде монополияга жол берилбей, тең салмактуулук сакталат. Бирок азыркы кезде Кыргызстанга өлкөдөгү инвестициялык абалды оңдош үчүн "Центерра" менен кызматташтыкты улантуу да маанилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG