Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

"Центерра" Кумтөрдү чалгындагысы келет


Канадалык "Центерра Голд" ишканасы Кумтөрдө чалгын иштерин улантууну көздөйт. Мындай ниетин компаниянын директору кыргыз премьер-министри менен жолугушууда билдирди. Бирок мамлекеттик органдар "Центерра" кен чалгындоого укугу жок экенин айтууда. Бул арада жарандык коом өкүлдөрү жаңы мөңгүлөргө коркунуч жаралабы деп чочулай баштады.

"Центерра Голддун" Кумтөрдө чалгындоону улантуу ниети тууралуу компаниянын аткаруучу директору Скот Перри премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкекте жолугушуп жатып билдирди. Анда Кумтөр кенинин айланасындагы абал талкууланган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда кенди иштетүү мөөнөтүн узартуу маселеси көтөрүлгөн.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгуловдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, канадалык компания Кумтөрдө чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 26 миллион доллар жумшоого даяр экенин билдирген:

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

- Жолугушууда Сапар Исаков кендин жерин иштетүү мөөнөтүн узартуу маселесин белгилеп, адистердин талдоосу жана бардык расмий документтер боюнча анын иштөөсүнө 8-10 жыл калганын айтты. Буга байланыштуу Скот Перри компания жергиликтүү адистерден 5 миң адамды жумуш менен камсыз кылган жана жеке сектордун ири салык төлөөчүсү болуп эсептелген кенди иштетүүнү улантыш үчүн мындан аркы геологиялык чалгындоого дээрлик 26 млн. доллар кошумча инвестиция салууга ниеттенип жатканын тастыктады.

Өкмөт - "Центерра": создуккан сүйлөшүү

Өкмөт - "Центерра": создуккан сүйлөшүү

Жергиликтүү телеканалдардын бири өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, Кумтөр боюнча жаңы документ даярдалып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, "Центерра Голд" Кумтөрдө 2012-жылы чалгындоо иштерин токтоткон. Буга ал кезде өкмөт менен канадалык компаниянын ортосунда түшүнбөстүк келип чыкканы себеп болгон.

Кумтөрдөгү чалгындоону улантуу боюнча соңку маалымат коомчулукта талкууларга жем таштап, бир топ суроолорду жаратууда. Буга чейин "Центерра Голд" менен кен иштетүүнүн айланасындагы талаш-тартыш утур-утур козголуп, келишимдин шарттары боюнча тараптар бир пикирге келе албай, аны жокко чыгаруу боюнча демилгелер көтөрөлүп келгени белгилүү.

Мындай шартта компаниянын чалгындоо ишин жүргүзүү маселесин көтөрүп, аны кыргыз өкмөтү менен талкуулаганы жарандык коомду чочулатып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр маселеси менен алектенген активист Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, чалгындоого уруксат берилсе кендин айланасындагы бир топ мөңгүлөргө зыян келиши мүмкүн:

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Буга чейин "Суу кодексин" кабыл алуу менен мөңгүлөрдү талкалоого уруксат беришти. Эми болсо "Центерра Голддун" өкүлү келип, дагы бир келишим түзгөнү жатат. Аны менен "чалгындоо" деп мындан ары да мөңгүлөрдү талкалоону улантышы мүмкүн. Мисалы, чалгындоо жүрсө Сары-Төр, Борду деген мөңгүлөргө зыяны тийиши мүмкүн. Ансыз деле азыр эле Сары-Төрдү четинен каза баштады. Бирок биздин бийлик ага көңүл бурбай келатат.

Кенде чалгындоо жүргүзүүнү улантуу боюнча азырынча кыргыз өкмөтү так позициясын билдире элек.

Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында, ушул тапта "Центерра Голддун" Кумтөрдө чалгындоо жүргүзүүгө лицензиясы жок.

Улан Рыскулов.
Улан Рыскулов.

- Алардын азырынча лицензиясы жок. Алар учурда концессиялык келишимдин негизинде иштеп жатат. Мурун алардын концессиялык аянтчанын чегинен чыгып, иштөөгө лицензиясы бар болчу. Кийин аны токтотушкан. Кечээ Скотт айткандай, 2012-жылы токтотушкан. Ошол учурда лицензиядан баш тартышкан эле. Эми алар жаңы лицензия алуу боюнча кайрылышса керек. Балким "Кыргызалтын" менен бирге алышы мүмкүн. Бирок азырынча бирге кайрыла элек.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Кумтөрдө чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн коркунучу жок деп эсептейт. Бирок аны иштетүүгө келгенде Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоого аракет кылышы керектигин белгилейт.

- Чалгындоо менен өндүрүштүн чоң айырмасы бар. Чалгындоо жаратылышка же мөңгүгө чоң зыян алып келет деп айта албайм. Келишим боюнча "Центеррага" берилген аймакта алтын өндүрүү бүтүп жатат. Эми алтындын корун аныктап, чалгындоо жүргүзсө болот. Бирок иштетүү боюнча өзүнчө келишим түзүлүшү керек.

Ал эми эксперт Орозбек Молдалиев "Центерра" менен мурдагы келишимдердеги чырлуу жагдайларды аягына чыгарбай туруп, жаңы ишти баштоодо өзгөчө кылдат мамиле кылыш керек деп эсептейт:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Бул жерде биздин өкмөт "буга чейин түзүлгөн келишим ушуну менен токтосун, эгер жаңы долбоор болсо жаңы шартта баштайбыз" деп айтышы керек. Себеби мурунку маселелердин баары чечилбей турат. Алардын баарын унуткарып туруп, жаңы кенди чалгындоого макул болуу туура эмес.

Негизи "Кумтөр боюнча 2009-жылы бекитилген келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калды" деген нааразы пикирлер айтылып келет. Мындай жүйө менен апрель окуяларынан кийин алгач парламенттик, кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп иш алып барган. Бул комиссиялар "учурдагы келишимдер өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деген тыянакка келип, келишимди кайрадан карап чыгуу жөнүндө сунуш киргизген. Ошондой эле кендеги экологиялык маселелер курчуп баратканы айтылган эле.

Андан бери өкмөт "Центерра Голд" компаниясы менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүп, абалды жөнгө салуунун бир нече жолу айтылган. Алардын арасында үлүшү 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү, "Центерра Голддун" директор кеңешиндеги мүчөлөрдү алмаштыруу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок бул сунуштар ишке ашпай, учурда 2009-жылдагы келишим кадимкидей иштеп жатат.

Былтыр күзүндө болсо Сапар Исаков жетектеген кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, канадалык компания айлана-чөйрөнү коргоо жаатында төлөмдөрдү көбөйтүүгө макул болгон. Кыргыз тарап буга жооп катары буга чейин "Центеррага" койгон экологиялык доолордон баш тарткан.

Бул келишимди "Кыргызстандын экологиялык доолорду өндүрүү рычагын жокко чыгарды" деп бир катар эксперттер сындап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG