Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:52

"Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуш кылды.

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн 100 күндүк ишине байланыштуу журналисттер менен жолугушкан учурда билдирди. Жергиликтүү эксперттер муну терең изилдөөгө алуу зарылдыгын жана чоң тобокелдик жатканын белгилешүүдө.

Исаковдун айтымында, бул маселе "Центерра Голд" компаниясынын жетекчиси Скотт Перри менен жолугушкан учурда козголгон. Мындай шартта Кыргызстан "Центерра Голддун" курамынан чыгып, 26 пайызды өткөрүп бериши керек болот. Өкмөт башчы бул сунушту эксперттер изилдеп көрөрүн билдирди:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

- Биз Кумтөрдү 100 пайыз "Центеррадан" алсак болот, бирок "анда "Центеррадан" чыгып кетишиңер керек" деген маселе көтөрүлүп жатат. Балким Кыргызстан бир аз тыйынын кошуп бериш керек, чоң тыйын эмес. "Центеррадагы" 26 пайызды өткөрүп беришибиз керек. Эгер мен популист болсом, дароо эле мындай сунушка макул болмокмун. Бирок учурда эксперттерге бул сунушту изилдеп көрүү боюнча тапшырма бердик, чечим кабыл алына элек. Бирок ойлонуп көрсөк Кумтөр кенинин иштешине сегиз жыл гана калды. Сегиз жылдан кийин бул кен жабылат. «Центерра» болсо башка кендерди да иштетип жатат, алардан биз дивиденд алабыз. Ошондуктан бул чечимдин үстүнөн баарыбыз ойлонушубуз керек.

Сапар Исаков учурда "Центерра Голд" Кумтөрдөн башка Америкадагы «Томсон Гриик» кенин, Монголияда жана Түркиядагы кендерди иштетип жатканын жана дагы эки кенди сатып алууга даярдык көргөнүн эске салып, бул боюнча терең ойлонуу зарыл экенин билдирди.

"Кумтөрдү улутташтырыш керек"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Кумтөр кенин улутташтырууну колдоп келе жатат. Ал "Центерра Голд" компаниясы айткан Кумтөрдүн 100 пайызын алуу сунушуна караманча каршы. Анын пикиринде, эгер Кыргызстан буга макул болсо, "Центерранын" башка өлкөдөгү алтын кендерден тапкан кирешесинен куру калат:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Конвертация кылгандан кийин алар Кумтөрдөн тапкан акча менен башка алтын кендеринин акциясын сатып алып жатышты да. Кээ бир жерден 100%, кээ бир жерде 50%. Булар Монголиядан, Канададан, Кытайдан, Орусиядан, Түркиядан сатып алды, азыр "Центерра" көп алтын таап жаткан жерлердин акционери болуп калды. Ошого биз дагы 26 пайыз менен дивидендге ээбиз. Азыр "ошондон баш тарткыла, Кумтөр менен отуруп калгыла" деп жатышат. Мындай сунушту четке кагыш керек. "Кумтөр голдду" жөн эле улутташтырып алыш керек. Азыр өкмөт "эгер улутташтырсак айыппул төлөйбүз" деп коркутуп жатат. Бул туура эмес. БУУнун Башкы ассамблеясынын чечиминде "алтын, алмаз болобу, бул - элдин байлыгы, аны элдин өкүлдөрү улутташтырып алса, аны дүйнө жүзүндөгү бир дагы сот кароого укуксуз" деп белгиленген.

Кадырбеков ушундай эле шартта араб мамлекеттери, Иран, Ирак мунай компанияларын улутташтырып алышканын мисал келтирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева мындай сунуш киргизүү менен «Центерра Голд» мөңгү, уу калдыктары, дамба куруу сыяктуу олуттуу маселелерде жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатат деп эсептейт:

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

- Булар азыр жыйнап кеткени жатышат. Азыр бүт баары коркунучта, "Центерра голддун" жооп берчү убактысы келип турат. Бүт каймактарынын баарын алды, болушунча байыды. Бүт бардык жоопкерчиликти Кыргызстанга таштап, "100% алгыла" дегени туура эмес. Буга барбаш керек. Бүт баарын жасатып, коркунучсуз абалга келтирип туруп, анан кетириш керек.

Экология артыкчылыктуу маселе

Сапар Исаков башында турган өкмөт 11-сентябрда "Центерра Голд Инк" компаниясы менен айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, "Центерра" айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын каржылоого, биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясын сактоого багытталган жаңы милдеттенмелерди алганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлаган.

Мындан тышкары түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм катары 50 млн. доллар которулат. Аны менен бирге жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм каражаты 310 миң доллардан 3 млн. долларга чейин өсөт.

Калыбына келтирүү фондунун механизмине ылайык, каражат Кыргыз Республикасынын каржылык башкармалыктарында сакталып, 69 млн. долларга чейинки төлөм жыл сайын 6 млн. доллар болуп көбөйөт.

Бул макулдашуулардан кийин Кыргызстан Кумтөрдү иштетүүдөн тарткан экологиялык зыян боюнча “Центерра Голд” компаниясынын үстүнөн сотко берген доо арыздарын чакыртып алмай болгон.

"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Кылычбек Шакиров Кыргызстан Кумтөрдү 100 пайыз алууга даяр эмес деп эсептейт. Ал мындай чоң кендерди иштетүүдө жоопкерчиликти тең бөлгөн оң деген ойдо. Анын айтымында, бул маселени жергиликтүү жана эл аралык эксперттер толук талдап чыгышы керек:

- Бардыгын шашпай карап чыгыш керек. 100 пайызга ээ болгондон кийин анын жоопкерчилиги дагы бар. Тобокелдиктер чоң болот. Диверсификация деп коёт, бул чоң кен, каржылык жагынан алганда жоопкерчиликти азайтып, бирөө менен бөлгөн жакшы.

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик Кумтөр маселесин бир жаңсыл чечүүгө убада берген. Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин чечүү боюнча 2014-2015-жылы токтом кабыл алган жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген. Бирок алар аягына чыкпай калган.

Буга чейин Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт үлүшү 50-50% бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылып, ал Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.

Андан кийинки премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Центерранын” башка акционерлери менен Директорлор кеңешин өзгөртүү аркылуу Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоону сунуш кылган. Бирок бул аракеттен да майнап чыккан эмес.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Кумтөр боюнча "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү жүрүп, жылыштар болот деп ишендирген эле. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда да Кумтөр маселеси боюнча бир жаңсыл чечим кабыл алынган эмес.

Кен казуу боюнча эксперт Кубан Ашыркулов "Центерра Голд" компаниясынын кыргыз өкмөтүнө берген соңку сунушу боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG