Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:32

Кумтөрдөгү беш мөңгүнүн түйшөлткөн тагдыры


Сапар Исаковдун Кумтөргө сапары. 9-сентябрь, 2017-жыл

Кумтөрдүн алтын казылган аймагына караштуу беш мөңгүнүн экөөнү бузууга уруксат берилип, үчөөнүн абалы эмне болору белгисиз бойдон турат.

Жарандык коом өкүлдөрү жакында парламент уруксат берген Лысый менен Давыдовдон башка Сары-Төр, Борду жана Петров мөңгүлөрүн буздурбай, сактап калуунун кепилдиги эки тараптуу документтерде каралбай жатканына кабатыр.

Анткени кыргыз өкмөтүнүн "Центерра" менен соңку макулдашуусунда ал мөңгүлөр Кумтөрдүн кен казуучу зонасынан чыгарылган эмес. Ошол эле учурда анда 2009-жылдагы макулдашуунун кен казуу иштеринин планы боюнча шарттар өзгөрүүсүз калтырылганы белгиленген.

"Сары-Чат-Ээр-Таш" мамлекеттик коругу жана Карасай сыяктуу ири мөңгүлөр кирип кеткен 16,3 миң гектар аянтты кайра кайтарууну караган өкмөттүн 2012-жылдагы токтому күчүн жоготкону туюк бойдон турат.

Кандай болгон күндө да, Кумтөрдөгү алтын казылчу кендердин аянты боюнча буга чейин бекитилген макулдашуу менен өкмөттүн 2012-жылдагы токтомунун ортосунда айырмачылыктар келип чыгууда. Буга байланыштуу "Центерра" келечекте каза турган кендин аянты жана чек арасынын так болбой калганы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Кумтөрдөгү мөңгүлөр тутуму

Дүйнө жүзүндөгү эң ири алтын кендерине кирген Кумтөр кени Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 чарчы чакырымды түзгөн 165 мөңгү бар экени учурунда СССРдин атластына катталган. Анын ичинен канадалык “Центерра Голд” компаниясына караштуу "Кумтөр Голд компани" кен казууга уруксат алган тилкелер Петров (68,5 чарчы чакырым), Давыдов (11,6 чарчы чакырым), Борду (5,9 чарчы чакырым), Лысый (5,5 чарчы чакырым) жана Сары-Төр (3,3 чарчы чакырым) мөңгүлөрүнүн аймагында жайгашкан.

Бул беш мөңгү Ак-Шыйрак массивинин аянтынын 23,3% пайызын түзөт. Жакында парламент Суу кодексине киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, "Кумтөр Голд компани" Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн казууга уруксат алды. Бирок быйыл жайында жүргүзүлгөн экологиялык экспертизада көрсөтүлгөндөй, кенге жакын жайгашкан Борду жана казылган тоо тектери төгүлүп жаткан Сары-Төр мөңгүлөрүнүн мындан аркы тагдыры эми кандай болору белгисиз.

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Акылбек Жапаров алтынга аралашкан кыңыр иштерге ошол кезде өлкө башында тургандардын тиешеси бар деп эсептейт.

Парламент депутаты Жанарбек Акаев кен казыла турган ошол тилкелерге жакын жайгашкан башка үч мөңгүнүн абалы деле кейиштүү аякташы мүмкүн экенин айтып, кулак кагыш кылды:

- Эртең "билбестиктен башка мына ошол үч мөңгүгө дагы тийип алган экенбиз, аларды дагы мыйзамдаштырып бергиле" десе, эмне кылабыз? Азыр мына Сары-Төр мөңгүсү тууралуу сөз жок. Бирок анын жанында дагы азыр кен казылып жатат да. Эки-үч жылдан кийин мына ошол мөңгү дагы жок болуп кетүү коркунучуна кептелгенде жаңы парламентке компаниянын өкүлдөрү келип, "Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн казууга уруксат алган прецедент бар, эми мына ушул Сары-Төрдү дагы, анан эң чоң Петров мөңгүсүн дагы мына ошолордой эле мыйзамдаштырып, кабыл алып койгула" деп айтып чыкпайт деген кепилдик жок да. "Климаттын ысып кетишинен улам ушундай болуп калды" деген жүйө менен келип, ошондой шарт койгонго коркунучтуу прецедент түзүлүп калды. Бул чоң экологиялык кылмыш да. Бирок биздин өкмөт мына ушундай жоопкерсиздикке жол берсе, анда калган мөңгүлөрдү деле жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Эми экөөнөн башкасы кантип корголот?

Өкмөт өкүлдөрү болсо Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөр Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн ордунан козгоого гана тиешелүү экенин айтып, муну менен кендин айланасындагы башка мөңгүлөрдү бузууга уруксат берилбейт деп ишендирген.

Суу кодексине өзгөртүүнү сунуш кылып, ал долбоор парламенттен кабыл алынган күндүн эртеси кызматынан алынган вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев башка мөңгүлөрдүн эрип кетишине коркунуч жоктугун айтып, эки мөңгү боюнча сунуш кылынган чечимге өндүрүштүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу милдети себеп болгонун белгилеген:

Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

- Лысыйдын 10 пайызы, анан Давыдовдун 45-50 пайызына анын таасири тийип калыптыр, аларды башка жакка көчүрүп, иштете берели. Бирок биз "калган мөңгүлөргө тиймей жок" деген катуу талаптарды койдук. Бирок тигил мөңгүнү көчүрбөсө болбой калган. Анткени алар улам карьер жакты көздөй жылып келе жатат. Башка жакка которуштурбасак, анда биз карьерди жоготуп алабыз. Анан дагы муз массалары адамдар иштеп жаткан жерди басып калып, экологиялык катастрофага алып келиши мүмкүн деген коркунуч болгону үчүн ага уруксат берүүгө туура келди. Укуктук жагынан биздин өкмөт Кумтөрдөгү өндүрүштүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча Жогорку Кеңештин жана Жогорку Соттун чечимин аткарышы зарыл.

Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн абалы менен таанышып кайткан бир катар жарандык коом өкүлдөрү өкмөт менен парламенттин соңку аракеттерин "Центерранын" ыгына көнүп, анын койгон шарттарын кынтыксыз аткаруу катары кабыл алышты. Жарандык активист Мавлян Аскарбеков муну Кумтөрдөгү буга чейинки экологиялык кылмыштарды кечип жиберүү катары карап, мындай кадам жоопкерсиздиктин кайталанышына негиз болорун айтты:

- Давыдов менен Лысый эле эмес, андагы Сары-Төр деген мөңгү дагы талкалануу алдында турат. Мына, эмне үчүн аны элге айтышпайт? Азыр тигил эки мөңгү талкаланды. Мунусун, анан кийинкисин казып, талкалап, улам барган сайын мындай өнөкөт кайталана береби? Биз эмне үчүн ушундай абалга жол бергендердин жоопкерчилигин карабайбыз? Маселени ушундай негизде койгондо туура болмок. Талкалаган адамдар жооп берүүгө тийиш. Антпесе бул кылмыштуу аракеттер кайталана бериши мүмкүн.

"Бузбай" казуунун усулу...

"Кумтөр Голд" компаниясы быйыл жайында мөңгүлөрдүн абалын иликтеп, жыйынтык чыгаруу боюнча жергиликтүү жана чет элдик окумуштуулардан турган эркин эксперттик топ түзгөн.

Анын чыгарган изилдөө корутундусунда кен казуу иштеринин мөңгүлөрдүн эришине тийгизген таасири быйылкы учурга карата болгону 1,5 пайызды түзөрү көрсөтүлгөн. Ошону негиз катары караган өкмөт жогоруда айтылган Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган. Бирок абалды көзөмөлгө алуу үчүн үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүп туруу боюнча сунуш дагы эксперттик корутундуга киргизилген.

Кумтөр кени
Кумтөр кени

Мына ошол эксперттик топтун мүчөсү Рыскул Усубалиев "Центерра" учурда айтылып жаткан Сары-Төр мөңгүсүн бузбастан, андагы алтынды казып алуу усулун сунуш кылып жатканын билдирди:

- Азыркы мезгилде компаниянын жетекчилиги "Сары-Төр мөңгүсүнө тийбей туруп, андагы алтынды казып алабыз "деп кепилдик берип жатат. Анткени аларда атайын эсеп бар экен. Себеби "ошол мөңгү жылдан-жылга табигый түрдө өзү эрип, канчалаган метрге артка тартылып, кичирейип жатат. Ошондуктан мөңгүгө тийбей эле, ачык түрдө казып алабыз" деп бизди ишендиришти. Давыдов, Лысый жана Сары-Төр мөңгүлөрүнүн астында алтындын ири запасы бар экен. Ошолордун баарын казып, бузууга уруксат берсек, анда ал Ак-Шыйрак массивиндеги мөңгүлөрдүн ландшафтынын бузулушуна алып келет.

Акчага айырбашталган ак кар, көк муз

Быйыл 2017-жылы 11-сентябрда кыргыз өкмөтү менен "Центерра" кол койгон соңку стратегиялык макулдашууда тараптар ортодогу келишпестиктердин баарын жөнгө салганы көрсөтүлгөн.

Муну менен "Центерра" экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн мурдагы макулдашууда бекитилген жылдык төлөмдүн өлчөмүн он эсе көтөрүүгө макул болуп, мындан тышкары Кыргызстандын пайдасы үчүн бир жолу берилчү кенемтелер каралганы белгиленген.

Дүйшөнбек Зилалиев парламентке сөз болуп жаткан мөңгүлөрдү бузууга уруксат берген ченемди сунуш кылып жатып, ошол төлөмдөргө мындайча токтолгон болчу:

- Биз ошол экологиялык зыянды калыбына келтирүүгө жыл сайын бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн 300 миң АКШ долларынан 3 миллион долларга көтөрдүк. Мындан сырткары 10 миллион доллар онкологиялык фондду түзүүгө бериле турган болду. Ысык-Көл облусунун аймагындагы кенди казуудан келип чыккан экологиялык абалды жөнгө салууга дагы 50 миллион доллар берилет. Анан дагы АМИК эл аралык уюмунун сунушу боюнча Кумтөрдөгү бузулган экологиялык ченемдерди оңдоого дагы 10 миллион доллар түшө турган болду. Ошону менен бардыгы бириккенде бизге 169 миллион доллар түшө турган болуп жатат.

Эмки кезек Сары-Төрдөн башталабы?

Анткен менен жарандык коом өкүлдөрү менен экологдор чөйрөсү кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" ортосунда жетишилген макулдашууда Давыдов менен Лысыйдан башка мөңгүлөрдүн жок болуп кетпешине кепилдик берген шарттар киргизилбей калганын белгилешүүдө.

Мунун өзү ошол эки мөңгү сыяктуу эле кендин айланасындагы калган үч мөңгүнүн үстүнө тоо-тектерин төгүүнүн, чаңдоонун жана башка механикалык кыйыр жана түз таасир этүүнүн натыйжасында алар дагы эрип, кичирейип отуруп, жок болуп кетет деп тынчсыздангандар бар.

Мөңгүгө жанынан кен казуунун түздөн түз таасири тиет. Анткени ал мөңгү карьерге жакын жайгашкан. Ал жердеги жардыруулар, чаң уюлгуп мөңгүнүн үстүн капташы жана тоо-тектеринин анын үстүнө төгүлүшү мына ошол Сары-Төр мөңгүсүнүн эрип жок болушун шарттайт.
Исакбек Торгоев

Геоэкологиялык байкоо жүргүзүү боюнча лабораториянын башчысы Исакбек Торгоев башка мөңгүлөрдүн айланасындагы кен казуу иштеринин таасири туурасында мындай деди:

- Биринчи берилген концессиялык зонага Сары-Төр мөңгүсү кирип калган. Ошонун негизинде ал жерде эки карьердин долбоору жасалган. Анын бири "Сары-Төр" участогу болсо, экинчиси жанагы "Түштүк-Батыш" долбоору деген карьер 2006-жылы эле башталган. Буга кошумча дагы жаңы карьер салына турганы белгилүү болду. Мөңгүгө жанынан кен казуунун түздөн түз таасири тиет. Анткени ал мөңгү карьерге жакын жайгашкан. Ал жердеги жардыруулар, чаң уюлгуп мөңгүнүн үстүн капташы жана тоо-тектеринин анын үстүнө төгүлүшү мына ошол Сары-Төр мөңгүсүнүн эрип жок болушун шарттайт. Ал эми Борду мөңгүсү концессиялык зонага киргени менен алтын казыла турган карьерден алыс турат. Анан 2009-жылдагы бекитилген келишимге кирип, кийин өкмөттүн токтому менен чыгарылган 16 миң гектар жер аянтынын концессиялык аймагына кирген "Түндүк Карасай" мөңгүсүнүн астынан дагы ири көлөмдөгү алтындын запасы бар экени аныкталган. Аны булар мурда эле чалгындап, ошондуктан 2009-жылы аны иштетүү укугун берүүнү сурап алышкан.

Өкмөттүн мөңгүлөрдү "коргоо" туруму

Кумтөрдүн айланасындагы казып, ордунан козгоого уруксат берилген мына ошол эки мөңгүдөн сырткары концессиялык зонага кирген калган үч мөңгүнү жана 2009-жылдагы келишим боюнча берилген жер аянтында жайгашкан мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча азыркы өкмөттүн кандай пландары бар экени азырынча белгисиз.

Өнөр-жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов мөңгүлөргө тийишип, анын табигый абалына механикалык таасир этүү болгон учурда гана чара көрүлөрүн айтып, андай болбогон учурда алардын жанында кен казууга уруксат бар экенин белгиледи:

Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

- Суу кодексине кирген өзгөртүүлөргө ылайык, жанагы эки мөңгүдөн башка мөңгүлөргө тийип, анан ага байланыштуу долбоор жазып келе турган болсо андай өтүнүч канааттандырылбайт. Ошол эле учурда ал мөңгүлөр ошол концессиялык зонадан чыгарылбайт. Бул жерде Сары-Төр деген мөңгү, анан Сары-Төр деген участок бар. Кен казуу иштери мына ошол участокто жүрөт. Бул экөөнү айырмалай билүү керек. Себеби экөө эки башка обьектилер. Мөңгү ошого жакын жайгашканы чын. Бирок алар ал тарапта кен казуу иштерин жүргүзбөйт. Бирок мөңгү жылса, анан алар мөңгүгө тийбей туруп иш алып барышса, анда биз аларга ал жерде кен каза беришине уруксат беребиз. Бирок мөңгүгө тийишсе, анда ага уруксат жок. Мөңгү турган жерди барып эле алар каза алышпайт. Андайга мүмкүнчүлүк берилбейт.

Чекеси кайчы чек ара же 16 миң гектардын чыры

Ошол эле кезде "Центерра" иштеткен Кумтөр алтын кенинин учурдагы аянты жана анын тилкелеринин чек арасы түшүнүксүз абалда турганы боюнча маселе келип чыгууда.

2003-жылдагы макулдашууга ылайык, Кумтөрдөгү алтын кендин аянты 10,70 гектар деп көрсөтүлгөн. Бирок "Центерра" 2009-жылдагы кайра кабыл алынган макулдашуу боюнча кен казыла турган аянт 16,3 гектарга кеңейгенин жарыялаган. Мындай шартка "Центерра" Кыргызстандын андагы 15 пайыз үлүшүн 33 пайызга көтөрүп бергени үчүн жетишкени белгиленген. Мына ошол 16,3 гектар аянт "Сары-Чат-Ээр-Таш" мамлекеттик коругундагы "Коёнду" участогунун жана андагы Карасай сыяктуу мөңгүлөр жайгашкан тоо кыркаларынын эсебинен толукталган. Мамлекеттик коруктун аймагы мыйзам боюнча кен казууга берилбейт. Андыктан 2012-жылы өкмөт ал жер аянтын кайра кайтаруу боюнча токтом чыгарган.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ошол токтом эмнегедир азыркыга чейин күчүнө кирбегенине мындайча токтолду:

- 2012-жылы Бабанов мырза өкмөт башчы болуп турганда Кумтөрдөгү 2009-жылы берилип кеткен 16 миң гектар жерди кен казуу зонасынан кайтарганы тууралуу токтом чыкканын айткан. Анан бул боюнча ал кечээ жакында эле президенттик шайлоо маалында дагы ошонусун айтып жүрдү. Бирок биз Кумтөргө барып, андагы кен казуучу компаниянын жетекчилери менен жолугушкан учурда алар 2009-жылдагы келишим боюнча ошол 16 миң гектар жер дагы эле алардын ээлигинде экенин билдиришти. Андай болсо, ошол жерди кайтарууну караган токтом каякта калат? Бул жерде ким кимди алдап жатат? Эмнеге Максим Бакиевдин кийлигишүүсү менен "Центеррага" кошумча берилип кеткен жер аянттары кайтарылбай калган? Эмне себептен азыркы өкмөт мына ошонун баарын иликтеп чыгып, жообун бербей келе жатат?

Мурдагы экономика министри, 2013-жылы Кумтөрдөгү кен казуу ишин иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы жана кийин өкмөт башчысы болгон Темир Сариев 2009-жылдагы келишимге кирип калган ошол 16,3 миң гектар жер аянты 2012-жылдагы өкмөттүн токтому менен жокко чыкканын ырастап, бирок анын учурдагы макамы белгисиз экенин айтты.

2010-жылдын башына карата "Центерра" анын Кумтөрдөгү кен казуу аянты 26 гектардан ашуун экенин көрсөтүп, кошулган аянттан 40 тоннадан ашуун алтын кени чалгындалып, ошону менен анын жалпы алтын запасы 152 тоннадан ашканын жарыялаган.

Ың-жыңсыз калган өкмөт токтому

Темир Сариев "Центерранын" жетекчилиги ал 2012-жылкы токтомду жокко чыгарууну талап кылып келгенин белгиледи:

Темир Сариев
Темир Сариев

​- 2012-жылдагы өкмөттүн токтому боюнча аталган жер аянты кайра кайтарыла турганы көрсөтүлгөн. Бирок кечээ жакында кол коюлган макулдашууда бул маселе кандайча чечилгени белгисиз. Анткени мен өкмөт башчы болуп турган мезгилде дагы "Центерранын" жетекчилери ошол жер аянты келишимге ылайык алардын пайдалануусунда экенин айтып, өкмөттүн токтому туура эмес экенин жана бул боюнча алар эл аралык сотко чейин кайрылууга аргасыз болушарын белгилеп келишкен. Канада 2009-жылдагы келишимдин шарттары толук аткарылышы зарыл экенин эскертип келген. Анткени ошол кезде бул келишимге эл аралык макам берилип, Конституциялык соттун чечими менен бекитилип коюлган. Балээнин баары мына ошол жерде.

Кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" 2017-жылдын 11-сентябрында бекитилген соңку стратегиялык макулдашуусунун ачыкка жарыяланган тезисинде ошол кошумча берилген 16,3 гектар жер аянты тууралуу сөз козголгон эмес.

Болгону макулдашуунун негизги бөлүгү катары каралган анын 6-7-пункттарында кен иштетүү шарттарын ичине камтыган 2009-жылдагы келишим толугу менен күчүндө калары жана ага эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбей турганы көрсөтүлгөн.

Адистер 16,3 миң гектар аянты иш жүзүндө жана юридикалык жактан учурда "Центерранын" карамагында экенин белгилешүүдө. Анткени 2009-жылдагы келишим толугу менен же анын ичиндеги мына ошол жер аянтын кошуп берүү шарттары жокко чыккан эмес. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмазбек Алимбеков Кумтөрдө учурдагы кен казууга берилген аянттын көлөмү анын эсинде жок экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG