Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

Кумтөргө сапар активисттерди ынандырган жок


14-ноябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган 50дөй киши Кумтөр кенине барып, мөңгүлөрдүн абалы менен жеринен таанышты.

Кумтөргө баргандардын арасында Жогорку Кеңештин алты депутаты, өкмөт мүчөлөрү, жарандык активисттер жана журналисттер да бар. Алар кен казылып жаткан борбордук карьердин үстүндө жайгашкан Давыдов, Лысый жана карьерден обочо Сары-Төр, Петров мөңгүлөрүнө барышты.

Мөңгүнү көргөндөн кийин...

Аял активисттерден жалгыз барган “Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпар Баргыбаева мөңгүлөрдү көргөндөн кийин да Суу кодексин өзгөртүү боюнча пикири өзгөрбөгөнүн айтууда.

- Мына, өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. "Буга чейин Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү жок болуп кетти" дедиңер эле, турбайбы. Бул Давыдов эмеспи же тээ тиги Лысый эмеспи? Уят эмеспи! Кыргыз элинин душманы болбогула. Ушул жерге келген депутаттарга рахмат. Калган 120 депутат кана? Мөңгүлөрдүн каргышына калбай сактап калалы. Анан "мөңгүнү бир жерден экинчи жерге көчүрдүк" деген кантип болсун? Суу кодексин өзгөртпөш керек. Мөңгүлөр чаңдан, экологиянын бузулушунан жок болуп жатат.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев буга чейин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү дээрлик жок болуп кеткенин айткан болчу. Ал сөз болуп жаткан мөңгүлөр такыр жок болуп кетпегенине жарандык коом менен чогуу күбө болду. Ошентсе да Зилалиев "Кумтөр" ишканасы токтоп калбашы үчүн мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүүгө уруксат берүү керек экенин айтууда.

- Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүнүн баштапкы долбоорунда Сары-Төр мөңгүсү да бар болчу. Парламент каршы болуп ал сунуш алып салынган. Азыркы долбоордо мурда айтылгандай эки мөңгү жөнүндө гана сөз болуп жатат. Давыдов мөңгүсүнүн 45-50 пайызы, Лысыйдын 10 пайызы карьердин контуруна туш болуп калыптыр. Биз ошону башка жакка көчүрүп, "Кумтөрдүн" ишин улантышына уруксат берели деп жатабыз. Суу кодексинин жаңы долбоорунда башка мөңгүлөр жөнүндө сөз жок.

Кумтөрдөгү кайым айтышуу

Өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары мөңгүлөрдү карап чыккан соң Кумтөрдүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, алардын суроолоруна жооп беришти.

Максат
Максат

Өзүн Максат деп тааныштырган кызматкер "эгер парламент "Кумтөргө" каршы чечим чыгарса, кызматкерлер Ак Үйдүн алдына митингге чыгат" деп депутаттарды опузалады.

- Эгер парламент конструктивдүү чара көрбөсө, эгер силер кесиптештериңердин демин баспасаңар Ак үйдүн алдына биз дагы чыгабыз. Кумтөрдө баш-аягы 5 миңдей адам иштейт. Ар бирибиз ондон киши алып чыксак да Кумтөрдү коргоп калабыз. Биз жумушубуздан айрылгыбыз келбейт. Кызматкерлердин 97 пайызынын насыясы бар. Биз керек болсо парламенттин таркашын талап кылабыз.

Кызматкердин бул сөзү эл өкүлдөрүнүн кыжырын келтирди. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов коюлган ультиматум үчүн мыйзамга каршы добуш берээрин билдирди.

- Мен бул жигитке айтып коеюн. Сен өзүң үчүн жашайсың. Бизге акыл үйрөтпө. Сен 5 миң адамдын атынан сүйлөгөнгө акың жок. Силер айткандай болбойт. Басым менен эч качан мыйзам кабыл алынбашы керек. Мен ушул мыйзам эки окуудан өткөндө агрардык комитеттин төрагасы болчумун. Үчүнчү окуудан өтөөрдө "Кумтөрдүн" билермандары каскаларын кийип Ак үйдүн алдына барганда өткөрбөй койгонбуз. Силер митингге чыксаңар да эч нерсе өзгөрбөйт. Бул маселени отуруп талкуулаш керек. Мен бул мыйзамды колдоп добуш берейин деп жаттым эле. Силердин сөзүңөрдөн кийин каршы добуш берем деп оюмду өзгөрттүм.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн эле. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорунда алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү каралган.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну парламенттен талап кылышууда. Суу кодексин өзгөртүүнү сунуш кылган документ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын 16-ноябрдагы күн тартибине үчүнчү окууга киргизилген.

Эшенкулов: Көчүрүп кеткидей мөңгү боз үй эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG