Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:05

Кумтөр кенине байланышкан талкуу кайрадан кызыды. Жогорку Кеңеште Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кендеги эки мөңгүнү бузууга жол ачат. Жарандык активисттер алтын казууну токтотуп, жаратылышты сактап калууну бийликтен талап кылып акцияга чыгышты.

Чехиялык гидрогеолог, 12 жылдан бери Кыргызстандын мөңгүлөрүн изилдөөгө катышып жүргөн Михал Черный "Азаттык" радиосуна курган маегинде өз байкоолору менен бөлүштү.

М.Черный: Кумтөр кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдү, көлдөрдү бир канча жолуп барып көргөм. Биз узактан бери Петров көлүн жана анын айланасындагы кырдаалды иликтеп жүрөбүз. Ал жерде маселе бир кыйла эле татаал. Маселен, биз узактан бери иликтеген Петров мөңгүсү азайып, Петров көлүндө суунун көлөмү көбөйүп жатат. Ошол эле маалда кендин айланасындагы башка мөңгүлөр Кыргызстандагы калган мөңгүлөргө салыштырмалуу туруктуу десек болот. Маселен, кыргыз тоо кыркаларында карлуу чокулар бир канча тездик менен кыскарып барат. Ал эми Ак-Шыйрак тоо массиви салыштырмалуу туруктуу.

"Азаттык": Кыргыз бийликтери Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жок болуу коркунучунда экенин мойнуна алышат. Алтургай Давыдов мөңгүсү дээрлик толук талкаланып бүткөнүн билдиришти. Сиздин байкоолоруңуз кандай?

М.Черный: Бул жерде бири-бири менен чиеленишкен бир нече суроо турат. Биринчиден, Давыдов менен Лысый кенге өтө жакын турат. Аларга казуу иштеринин зыяны тийгени баарыбызга белгилүү. Бул эч ким тана албаган чындык. Бир жагынан кен казуу иштери талкалап жатса, экинчиден, уулуу заттардын таасири дагы күч.

Кумтөрдүн тийгизген таасири боюнча айтсам, ага жакын мөңгүлөргө гана зыянын тийгизет деп айтар элем. Ал эми андан бир канча чакырым алыс жайгашкан ак карлуу тоо кыркаларына кендин таасири минималдуу экенин белгилеп кетким келет. Ооба, кенге жакын жерде айрым мөңгүлөр бузулуп жатат, ал эми кенди курчап турган башка мөңгүлөргө кендин таасири өтө эле аз. Бирок ага карабастан Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоону күчөтүү керек. Бул жагы талашсыз.

"Азаттык": Ушул тапта Кыргызстанда дилемма пайда болду. Бирөөлөр Кумтөрду толук жаап, жаратылышты сактап калалы дешсе, экинчилери кенди аягына чейин казып бүтүп, анан кайра калыбына келтирүү иштерин аткаруу туура дешет. Сиз кайсы жагына кошулат элеңиз?

М.Черный: Мен жеке оюмду билдирсем, Кумтөрдү азыр токтотуп салуу туура эмес. Анткени жана мен айткандай эле кендин жалпы мөңгүлөргө тийгизген кесепети чоң эмес. Андыктан кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдардын, адистердин тыкыр көзөмөлүндө иштетилсе кендин экологиялык таасирин азайтса болот.

Кыргыз экономикасы үчүн Кумтөрдү токтотуп коюу мүмкүн эмес. Ал үчүн көзөмөлдөөчү механизмдерди жетиштүү киргизип, алардын аткарылышын карап туруш керек. Кендин өзүнө бир топ жолу барып көргөн адис катары менин көз карашым ушундай.

Тасмада: Мөңгү мыйзамына каршы акция өттү

"Азаттык": Сиз Кумтөр кенине барып изилдөөгө катышып жүрөсүз. Мөңгүдөн башка экологиялык дагы кандай проблема бар кенде?

М.Черный: Эң олуттуу көйгөй деп калдыктар сакталган бассейнди айтар элем. “Кумтөр Голд” компаниясы бассейнди стабилдүү кармап туруу үчүн атайын тосмолорду коюп, дамбаны бекемдеп жатат.

Дагы бир маанилүү нерсе – биз узактан бери иликтеп жүргөн Петров көлү. “Кумтөр Голддун” Петров көлүндөгү суунун деңгээлин азайтуу үчүн атайын долбоору бар. Азырынча бул көл жарылып кетсе, анын кесепти кандай болорун, канча суу агып чыгарын эч ким так айта албайт. Теориялык эсептөөлөргө таянсак, көл жарылып кетсе, андан аккан суу кен калдыктары сакталган дамбаны жарым-жартылай бузуп кетиши ыктымал. Бул теориялык божомол, бирок ошол эле маалда андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

"Азаттык": Петров көлүндө канча суу бар жана изилдөө эмнени көрсөтөт?

М.Черный: Бул жерде көлдө канча суу бар экени маанилүү эмес. Анда 60 миллион куб метрдей суу бар. Кооптуу жагы – көл жырылса андан канча көлөмдөгү суу агып түшөт. Изилдөөчүлөр болжол менен 10-20 миллион куб метрдей суу агып чыгышы мүмкүн деп эсептейбиз. Мынча суунун калдыктар куюлган дамбаны бузуп кетүүгө кубаты жетет. Бул биздин изилдөөнүн тыянактары гана экенин эске сала кетейин.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG