Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:42

Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы жана суу ресурстарды пайдалануу маселеси күн тартибинен түшпөй, адистердин талкуусу уланууда.

Суу кодексине өзгөртүүлөр кирсе мөңгүлөрдүн келечегине кандай таасири тийиши мүмкүн? Кыргызстан суу байлыктарын сарамжал пайдаланып жатабы? Суу маселелерин чечүүдө илимге кандай маани берилген, болочокко болжонгон суу саясаты кандай болушу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна профессор Саламат Аламанов, экология боюнча эксперт Динара Кутманова, география илимдеринин кандидаты, доцент Кайрат Молдошев катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга алынып жаткан Суу кодекси кабыл алынып калса, мөңгүлөрдүн келечегине оор залакасы тиет дегендер көп. Дегеле ал экологияга кандай таасири тийиши мүмкүн, сиздердин пикир кандай?

Саламат Аламанов: Мындай талкуулар Кумтөрдүн өз айланасындагы мөңгүлөргө тийгизген таасиринен улам чыгууда. Бир табигый мыйзам ченемдүүлүк бар. Биз жердеги кен байлыктарды пайдаланабызбы, жайыт катары колдонобузбу, айдоо жерлерди өздөштүрөбүзбү, баары бир анын баары өзүнүн таасирин тийгизип келген, мындан ары да тийгизет.

Динара Кутманова: Азыркы Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү - мөңгүлөрдү талкалаганга уруксат берүү деген сөз. Мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши түздөн-түз Кумтөргө байланыштуу. Аталган мыйзамдын 62-беренесинде “Мөңгү болгон жердин айланасында, жанында өндүрүш ишканалары болбойт” деп жазылып турат.

Кумтөрдөгү негизги кен байлыктар беш мөңгүнүн астында жатат. Азыр Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн жарымынан көбү талкаланып бүттү. Эми биздин өкмөт "бул эки мөңгү баары бир талкаланат, ошондуктан уруксат берели" деген позицияда болуп жатат.

Биздин мамлекеттик органдар буга чейин эле мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берип келишкен, ага да укуктары болуп келген, эми биротоло мыйзамдаштырып жатышат. Бул биздин өлкөнүн, элдин келечегине балта чабуу менен барабар.

“Азаттык”: Динара айым, Кумтөр кени иштетилгенге чейин ал аймакта мөңгүнүн көлөмү канча эле, азыр канча көлөмү калды?

Динара Кутманова: Кумтөрдү иштетип жаткан компания "дүйнөлүк деңгээлде" дегени менен, мөңгүлөр боюнча эсептөө жүргүзгөн эмес. Бирок Данияда дүйнө жүзүндөгү мөңгүлөрдүн эсебин алып, изилдеп жаткан атайын институт бар. Ошолордун изилдөөлөрүнө таянсак, Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдүн көлөмү глобалдык жылуулуктун кесепетинен жылына 10 метрге азайып жатат, ал эми Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөр жылына 30-40 метрге азайып жатат, ушунун баары эмне канчалык таасири эткенин айтып турат. Биз глобалдык абалга кошумча иретинде өз колубуз менен мөңгүлөрдү талкалап жатабыз.

“Азаттык”: Саламат агай, президент Алмазбек Атамбаев кечээ жакында БУУнун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө "2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн көлөмү 30 пайызга азаят" деген божомолдорду айтты. "Борбор Азиядагы суу запасы 25 пайызга азаят" деп айтылууда. Бул фактыларды "мөңгүлөрдүн азайышын сактап калууга Кыргызстандын кудурети жетпейт, дүйнө коомчулугунан жардам керек" деген ишарат катары бааласак болобу?

Саламат Аламанов: Мөңгүнү "коргойбуз, сактайбыз" деген терминди колдонуунун өзү туура эмес. Себеби мөңгүлөрдүн азайышына глобалдык климаттын өзгөрүшү таасир тийгизип жатат. Бул өзү дүйнөлүк процесс: Арктика, Антартикада, Грендландияда муздар ээрип жатат, дегеле муз каптаган жердин баарында интенсивдүү өзгөрүүлөр болууда. Кумтөр да ал процесстен четте калган жок.

Убагында биздин институт "Кумтөрдү азыркыдай иштетүүгө болбойт" деп каршы чыкканбыз. "Кенди мөңгүлөргө тийбей, алдына үңүлүп кирип иштетиш керек" деп бүтүм бергенбиз. Ошондой ойду айткан окумуштууларды кийинки жыйындарга кошпой коюшкан.

“Азаттык”: Кайрат мырза, Кыргызстан – суу башындагы, сууга бай өлкө катары эсептелет. Ошол эле учурда элдин таза сууга, сугат сууга болгон муктаждыгы канааттандырыла элек. Анын негизги себептерин сиздер эмнеден көрөсүздөр? Өлкөнүн экономикалык абалына эле байланыштуубу же максаттуу саясат жокпу?

Кайрат Молдошев: 1996-жылы Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук программа кабыл алынган. Ошондо таза суу боюнча чоң маселе көтөрүлгөн. Албетте, Кыргызстанда суу кенен, жылына 50 кубометр суу биздин дарыялардан агып түшөт. Маселе суунун кенендигинде эмес, анын сапатында болуп жатат. Айыл-кыштактар эмес, кээ бир шаарларыбызга таза суу жетпейт. Арыктын суусун ичкенге аргасыз болгондорубуз канча? Мамлекеттик “Таза суу” программасынын иштей баштагына жыйырма жылдан ашты, натыйжасы анча жакшы эмес.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG