Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Бишкекте Суу кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулаган тегерек үстөлдө тараптар тил табыша алган жок.

Мыйзам демилгечилери кодекске өзгөртүү киргизүү Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз иштешин шарттайт деп жатышат. Жарандык активисттер болсо мыйзам кабыл алынса, мөңгүлөр талкаланып, экологияга орду толгус зыян алып келет деп кабатыр.

Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн айланасындагы талаш парламенттин комитетинде үчүнчү окуудан өтүп, жалпы жыйынга чыгаар алдында кызып отурат.

Мөңгү талашын талкуулаган тегерек үстөлдө “Кумтөр голд компани” ЖАКтын башкармалыгынын мүчөсү Дүйшөн Касенов Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдырууга уруксат бере турган мыйзамды кабыл алуу зарыл деп билдирди.

Кумтөрдүн ишин токтото турган болсок, анда ишти кайра баштоо өтө кымбатка турат. Тагыраагы ишкананы кайра иштеткенге эле 150-160 млн доллар керектелет.
Дүйшөн Касенов

Муну ал алдыдагы экологиялык, экономикалык, социалдык тобокелдиктер менен негиздеди. Анын айтымында, экономикалык жагын алганда эле 169 тонна алтын мөңгү астында калат, 5 миң киши жумушун жоготот, мамлекеттин казынасы 251 миллион доллардан ажырайт:

- Эң негизги тобокелдик мөңгүлөр жылып отуруп борбордук карьерди толтуруп таштайт, анын айынан кенге барчу жол бүтөлөт. Ошондой эле иштеген кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туулат. Эгерде кыска мөөнөткө эле Кумтөрдүн ишин токтото турган болсок, анда ишти кайра баштоо өтө кымбатка турат. Тагыраагы ишкананы кайра иштеткенге эле 150-160 млн доллар керектелет. Мындайча айтканда, Кумтөрдүн эки айлык акчасы ишканадагы шаймандарды бир өчүрүп, кайра күйгүзгөнгө эле кетип калат.

Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорун караган Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров жаңы жобонун жалпы мөңгүлөргө тиешеси жоктугуна ынандырды:

- Башында бул мыйзам өлкөдөгү жалпы мөңгүлөргө тиешелүү болчу. Тагыраагы эгерде стратегиялык маанидеги ишкана бар болсо, мөңгүнү жылдырууга уруксат берилмек. Бирок экинчи окууда ал өзгөртүлүп, бул норма Давыдов менен Лысый мөңгүсүнө гана жайылтылат деп кабыл алынды. Ушул долбоорду үчүнчү окууда комитет карады. Эми бардыгы депутаттардын колунда.

Мөңгү мыйзамы чыр менен аяктады. 10-ноябрь, 2017-жыл

"Өкмөт алтын үчүн экологияны унутту"

Эколог Калия Молдогазиева мыйзам демилгечилерин бир гана экономикалык кызыкчылыкты ойлоп, миллиарддаган литр таза суунун жоголоруна, экосистеманын бузулушуна кайдыгер болууда деп сындады:

- 77 миллион куб метр мөңгүнү жылдырганы жатышат. Бул деген 60 миллиард литр таза суу экенин унутпасак. Мөңгүнүн суусу чет өлкөдө жогорку сорттогу же премиум суусунун катарына кирет. Эгерде бул суунун бир литрин он сомдон эле сатсак, 9 миллиард доллар болуп жатпайбы. Биз албетте Кумтөрдүн иштешине каршы эмеспиз. Мейли 2026-жылга чейин иштей берсин, бирок экологиялык зыянга компенсациясын төлөп койсун. Биз болсо азыр бул мыйзам менен аларды жоопкерчиликтен кутулууга шарт түзүп, зыянды калыбына келтирбөөгө жол берип жатабыз.

77 миллион куб метр мөңгүнү жылдырганы жатышат. Бул деген 60 миллиард литр таза суу экенин унутпасак.
Калия Молдогазиева

Ушундай көз карашты карманган жарандык активисттер, жаратылыш коргоочулар мыйзам ушул турушунда кабыл алынса, коомдо чыңалуу күчөйт деп, долбоорду кайтарып алууга демилгечилерди чакырышты.

Талкууга катышкан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо зарыл деп эсептеп, мыйзам долбоору чакыртылып алынбай турганын билдирди. Мындай кескин позиция кайым айтышка жем таштады:

Дүйшөнбек Зилалиев жарандык активисттердин көпчүлүгү Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү өз көзү менен көрбөй эле дүрбөп жатканын, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жылып, эрип отуруп, болгону 20 пайыздан ашыгыраак гана бөлүгү калганын айтты:

- Биз бир нече жолу буга чейин айтканбыз жана айтып келатабыз. Тилекке каршы биз Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн жоготуп алдык. Эксперттердин баамында, жалпы мөңгүнүн 20-30 пайызы гана калды. Ошол эле учурда бул эки мөңгү Кыргызстандын суу балансына таасирин тийгизбейт. Анткени бул эки мөңгү өлкөдөгү жалпы мөңгүнүн 0,11 пайызын гана түзөт.

Өкмөт акыйкат баа берүү үчүн Суу кодексин өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан жарандык активисттерди Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн көрүп келүүгө чакырды. Жарандык коомдун өкүлдөрү Кумтөргө баруу майнапсыз деп баш тартып, ар кандай акцияларды уюштурушарын жарыялап, тарап кетишти.

Өкмөт аталган мөңгүлөрдү бардык тараптардын катышуусунда жеринде көрүү демилгесин күчүндө калтырып, 21-ноябрга белгиледи. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Адистердин эсебинде, соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

Мөңгүлөрдүн тагдырын талкуулаган жыйын (видеонун толук версиясы). 10-ноябрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG