Линктер

шейшемби, 23-январь, 2018 Бишкек убактысы 07:51

Апта: Кумтөрдөгү беш мөңгү, "Мугабе кетcин!"


Кумтөр алтын кени Ак-Шыйрак тоо массивинде жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 км2 жеткен 165 мөңгү жатат.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

16-ноябрда Жогорку Кеңеш Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду. Мыйзам долбоору Кумтөр алтын кени жайгашкан жердеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берет.

Парламентте жыйынга катышкан 85 депутаттын 63ү "ооба", 22си "каршы" добуш беришти. Коомчулукта кызуу талаш-тартыш жараткан мыйзам долбоорунун мындан аркы тагдыры президенттен көз каранды.

Парламенттин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев кен казган компаниянын кызыкчылыгы корголуп жатат деген маселени койду. "​Албетте, Кумтөр иштеши керек. Андан бюджетке салык катары алты миллиард сом түшүп турушу кажет. Бирок анын алдына түшүп алып, жүгүрүп бериштин кереги жок эле" - деген эл өкүлү мөңгүлөрдүн элүү пайызын жок кылып, мыйзамдаштыруу аркылуу калганын дагы жок кылууга уруксат суроо - бул эмне дегендик деп суроо узатты.

КСДП фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаев "беш-алты бейөкмөт уюмду" ээрчип, бул "маселени саясатташтырбай", маанилүү мыйзам долбоорун токтоосуз кабыл алууга кесиптештерин үндөдү.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кенде мөңгүлөр эрип, жок болуп баратканын жүйө келтирип, эми аларды башка жакка которуп, коопсуздукту камсыздоо зарылдыгын түшүндүрдү. "​Азыр тактап чыкканыбызда биринде 20%, экинчисинде 70% муз массасы жок болгону аныкталды. Бул эки мөңгү улам ылдый көздөй жылып бара жатат. Аларды улам-улам көчүрүп, жылдырып турбаса, анда ал мөңгүлөр кен казылып жаткан жерди басып калышы мүмкүн" - деген ​Зилалиев башка ишке өтүп жатканына байланыштуу деп 17-ноябрда кызматтан алынды.

14-ноябрда "Кумтөр" компаниясынын кызматкерлери комбинатта өткөн жолугушууда "эгер Суу кодекси кабыл алынбаса, парламентти таркатууну талап кылып, Ак үйдүн алдында чыгабыз" деп кенге барган депуттар менен жарандык активисттерди зекишкен.

Талаштуу мыйзам долбоору парламентте талкуулана баштагандан тарта жарандык активисттер, экологдор бир нече ирет нааразылык иш-чараларын өткөрүштү. Депуттар добуш берип жаткан маалда дагы активисттер парламент имаратынын алдында "Мөңгүлөрдөн колуңарды тарткыла!" жана "Суу кодексине өзгөртүү кирбесин!" деген сыяктуу ураандарды көтөрүп турушту.

Кумтөрдүн географиясы

Кумтөр алтын кени Ак-Шыйрак тоо массивинде жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 км2 жеткен 165 мөңгү жатат. Канадалык “Центерра Голд” компаниясына караштуу "Кумтор Голд компани" кен казууга уруксат алган тилкелер Петров (68,5 км2), Давыдов (11,6 км2), Борду (5,9 км2), Лысый (5,5 км2) жана Сары-Төр (3,3 км2) жана мөңгүлөрүнүн аймагында жайгашкан. Бул беш мөңгү Ай-Шыйрак массивинин 23,3% түзөт.

Борбор Азия Жер изилдөө институтунун илимий кызматкери, гляциолог адис, Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтеген өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Рыскул Усубалиев "Азаттык" радиосуна берген маегинде Сары-Төр мөңгү бассейнинде казуу иштери пландалып жатканына токтолду:

- Концессиялык аймак Петровду, Лысыйды, Давыдовду, Сары-Төрдү, анан Бордуну камтыйт. Андан чыгып кетүүгө болбойт. Булар азыр өзүнүн концессиялык зонасында иштеп жатышат. Сары-Төр мөңгү бассейниндеги алтынды мөңгүгө тийбей туруп алабыз деп Кумтөрдүн жетекчилери бизге кепилдик берип жатышат. Алардын эсебинде жылдан жылга мөңгү табигый түрдө тартылып жатат, андыктан мөңгүгө тийбей туруп эле ачык түрдө казып алабыз дешет.

2016-жылдын 31-декабрында “Кумтөр голд компани” Сары-Төр тилкесинде өндүрүштүк коопсуздук, экологиялык экспертиза өткөргөнүн билдирген.

Кумтөрдөгү булганган мөңгү (Архивдик сүрөт).
Кумтөрдөгү булганган мөңгү (Архивдик сүрөт).

Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтеген өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Рыскул Усубалиев алтынга бай Ак-Шыйрак массивинде казуу иштери кенири жүрүгүзүлсө, анын кесепети олуттуу болорун эскертет:

- Давыдовдо, Лысыйда, андан сырткары Сары-Төрдө жана башка батыш тараптагы тоолордо алтындын көп запасы бар экен. Эгер ошолордун баарын иштетүүгө​ уруксат берсек, анда Ак-Шыйрак массивинин сырткы келбетин, ал жердин ландшафтын бузууга алып келет. Азыркы сунушталган мыйзам боюнча эки гана мөңгүнү бузганга уруксат берилет, анткени эки мөңгүнүн ареалында алтын алуу көп жылдан бери жүрүп жатат. Ал ишти аягына чыгаруу керек деген ойдун негизинде эксперттердин көбү ошого макул болуп жатышат. Уруксат берилсе “Кумтөр” компаниясы дагы 10 жылдай иштегенге мүмкүнчүлүк алат экен.

“Кумтөр голд компанинин" интернет сайтында Кыргыз Республикасы менен концессиялык келишимдин мөөнөтү 2042-жылга чейин жарактуу экени көрсөтүлгөн. Ал эми кендин жабылышы боюнча маалыматта карьердеги казуу иштери 2023-жылы аяктайт десе, казылган руданы иштетүү 2016-жылы бүтөрү жазылган.

2016-жылдын март айында Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев жетектеген эксперттик комиссия Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн абалы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырган. Комиссиянын корутундусунда Ак-Шыйрактагы мөңгүлөрдүн эришине абанын булганышы, климаттын ысышы таасир эткени көрсөтүлгөн. Ага ылайык, глобалдык жылуулуктан улам, 1977-жылдан 2001-жылга чейин Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүнүн 20% көбү кыскарып кеткен. "Кумтөр" ишканасынын айланасындагы мөңгүлөр 1943-жылдан 2003-жылга чейин азайган, эң көп үлүш Давыдов мөңгүсүнө туш келет. Тактап айтканда, мөңгүлөр жылына орточо 19 метрден тартылып турган деп белгиленген.

"Кумтөр" ишканасы Кыргызстандын бюджетине 2016-жылы 238,450 млн. доллар салым кошкон. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 8%, өнөр жай өндүрүшүнүн 23,4% түзөт.

Дүйнө көмүрдөн баш тартат

17-ноябрда Германиянын Бонн шаарында Климаттын өзгөрүүсү боюнча глобалдык конференция аяктады. 10 күндүк иш-чарага дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн 25 миңдей киши катышып, 2015-жылкы Париж макулдашуусун ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты. Документтин негизги өзөгү - глобалдык жылуулукту 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн - эки градустан ашырбоо боюнча аракет көрүү.

Франция, Голландия, Британия, Канада жана Италия баштаган 20дан ашуун өлкө көмүрдөн тез баш тартуунун чарасын токтоосуз көрүшөрүн билдиришти. Француз лидери Эммануэл Макрон анын мекенинде 2021-жылдын аягына чейин көмүр жаккан бардык электростанциялар жабылат десе, немис канцлери Ангела Меркел көмүрдөн баш тартуу климаттын өзгөрүүсүн токтотууга “алгылыктуу салым” болорун баса белгиледи.

Германияда электр энергиясын алуунун 40% көмүргө байланган. Андан баш тартуу көмүр казуу өндүрүшүндөгү жумуш орундарынын кыскарышына түрткү болот. Ал эми кайра калыбына келген энергиянын булактарын өндүрүү өлкө казынасы үчүн бир топ кымбат турат.

RWE компаниясынын Германияда электр кубатын көмүрдөн өндүргөн станциясы. 3-ноябрь, 2017-жыл.
RWE компаниясынын Германияда электр кубатын көмүрдөн өндүргөн станциясы. 3-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын президентти Дональд Трамп Париж макулдашуусунан чыгаарын жарыяласа дагы Бонндогу конференцияга таасирдүү америкалык саясатчылардын жоон тобу келип катышты. Алардын позициясы Ак үйдүн саясатынан кескин айрымаланат.

Мурдагы вице-президент, климатты коргоо боюнча өнөктүктү жетектеген Ал Гор "АКШ Париж макулдашуусунун ичинде жана өзүбүзгө алган милдеттемелерибизди аткарабыз" - деди конференцияда сөз сүйлөп жатып. ​Белгилүү болгондой Кошмо Штаттар эл аралык келишимден 2023-жылы гана чыга алат.

Global Carbon Project деп аталган уюмдун эсебинде, планетада көмүр кычкыл газынын деңгээли быйыл кайра көбөйдү. Атмосферага чыккан уулуу газдар рекорддук чекке чыкканын Дүйнөлүк метеорология уюму да билдирген.

Илимпоздордун эсептөөсү боюнча көмүр кычкыл газынын глобалдык эмиссиясы быйыл былтыркыдан 2% өстү. Кытайда бул көрсөткүч 3,5%, ал эми Индияда 2% жогорулаган. Ошол эле маалда АКШда 0,4% жана Европада 0,2% азайган.

Метеорология уюму климаттын өзгөрүүсүнүн быйылкы белгилери катары Атлантика океаны менен Кариб деңизиндеги күчтүү бороондорду, Түштүк Азиядан Пакистанда, Жакынкы Чыгыштан Иран менен Оманда абанын температурасы 50 градустан жогору болгонун белгилейт.

Экологдор 2017-жылдын этегине чейин 40,8 млрд тоннага уулуу газдар абага кошулат деп эскертишет. Ал эми 60 жыл мурда жылдык көлөм тогуз млрд тоннанын гана тегерегинде болгон экен.

Илимге таянсак, 1950-жылдан берки глобалдык жылуулукка негизинен атмосферага бөлүнүп жаткан дал ушул көмүр кычкыл газы себепкер. Энергия боюнча эл аралык агентикттин маалыматы боюнча дүйнөдө ушул тапта электр энергиясынын 40% көмүрдүн эсебинен өндүрүлөт.

Дүйнөдө көмүрдү эң көп колдонгон 10 өлкөнүн сабында Кытай, АКШ, Индия, Жапония, Орусия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Германия, Польша, Индонезия турат. Бул он өлкөнүн үлүшүнө дүйнөнүн көмүргө болгон муктаждыгынын 85%, ал эми жалгыз Кытайдын үлүшүнө 50% жакыны туура келет. Европада учурда 280дей көмүр жаккан жылуулук станциялары бар.

Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.
Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.

Зимбабведеги саясий кризис

18-нобярда баш калаа Харареде миңдеген адамдар үй камактагы президент Мугабенин кызматтан кетишин талап кылып чыгышты. “Зимбабвенин африкалык улуттук кеңеши – Патриоттук фронт” деп аталган башкаруучу партиянын регионалдык уюмдары өлкө боюнча элди нааразылык акцияларга үндөштү. Аларга башка дагы жарандык уюмдар, бирикмелер кошулду. Массалык нааразылык чараларын иш жүзүндө бир нече күндөн бери мамлекетти башкарып жаткан Зимбабвенин армиясы дагы колдоду.

Аскерлер менен демонcтранттар.
Аскерлер менен демонcтранттар.

​Демонстранттар аскерлер менен кучакташып, көңүлдөрү көтөрүңкү экенин жеринен чет элдик журналисттер кабарлашты. Адамдар «Мугабе кетсин!», «Зимбабвенин өз тагдырын өзүнө берели» - деп ураан чакыргандар армияга ыраазычылык билдирип, Мугабе менен качан кош айтышабыз деп күтүп жатышканын жашырышпайт.

15-ноябрдын түнүндө аскер күчтөрү Харареде шаардагы өкмөттүк имараттарга барчу чоң жолдорду бөгөп, мамлекеттик телеканалды өз көзөмөлүнө өткөрүшкөн. 1980-жылдан бери бийликте отурган 93 жаштагы президент Мугабе үй камагына алынганы эртеси белгилүү болду.

Генерал-майор Сибусисо Мойо өлкөдөгү саясий, социалдык жана экономикалык кризис жөндөлгүчө мамлекеттик бийлик армиянын колунда экенин жарыялаган. Бир катар министрлер кармалганы кийин маалым болду.

Мугабени бийликтен кетирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын армиянын жетекчилиги мамлекеттик телеканал аркылуу жума күнү жарыялады. Армия операция маалында элди "сабырдуулукка жана тынчтыкка" чакырды.

Бийликтеги партиянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири “эгер Мугабе 19-ноябрда кызматтан алынбаса, 21-ноябрда импичмент жарыяланарын" Рейтер агенттигине айткан.

Анткен менен аскерий жетекчилик мамлекеттик төңкөрүштү четке кагып, Мугабени куралдуу күчтөрдүн башчысы деп эсептейт. Жума күнү президент биринчи жолу эл алдына чыкты. Хараредеги Ачык университетте студенттерге диплом тапшыруу аземине катышып, бийликтеги кризис боюнча ооз ачкан жок.

Робер Мугабе студенттер менен жолугушкан учур. 17-ноябрь, 2017-жыл
Робер Мугабе студенттер менен жолугушкан учур. 17-ноябрь, 2017-жыл

Байкоочулардын баамында армиянын мындай кескин аракети Мугабенин 52 жаштагы жубайы Грэйс Мугабенин президенттик кызматты ээлеп калышына бөгөт коюу максатын көздөгөндөй. Мындан бир нече күн мурун Мугабенин ордун басат деп күтүлгөн вице-президент Эммерсон Мнангагва кызматтан четтетилген. Ага удаа эле экс-вице-президенттин жакын санаалашы, армиянын башкы командири Константино Чивенга президент Мугабени катуу сындап, армия бийликти колуна алат деп коркуткан.

16-ноябрда Чивенга Түштүк Африка Республикасынын президенти жиберген ортомчулардын коштоосунда Мугабе менен сүйлөшүүлөрдү баштаганы белгилүү болду.

Ушул эле күнү дагы бир экс-вице-президент Жойс Мужуру маалымат жыйынында өткөөл өкмөт түзүүнү сунуштады. "​Зимбабве тандалуу кишилердин же бир топтун эмес, бул жерди ата-журтум дегендердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк берилген өлкө болууга тийиш" - деди 10 жылдай вице-президенттик кызматты аркалаган Мужуру. Бийликтин ыктымал мураскери деп саналган аял саясатчыны 2014-жылы кутумга айыптап отставкага кетиришкен.

19-ноябрда Зимбабвенин президенти Роберт Мугабенин кортежи Хараредеги "Көк чатыр" деп аталган резиденциядан чыгып кеткени кабарланды. Бирок андагы унааларда Мугабе бар-жогу тууралуу так маалымат жок. Резиденцияны курчап турган аскерлер чогулган элди тосуп, автокербенге жакындоого мүмкүнчүлүк берген жок. Зимбабвенин аскер командачылыгы бийлик тынч жол менен өткөнүн маалымдады.

Рейтер маалымдагандай, жекшембиде өлкөдө партиялык жыйындар өтүшү мүмкүн. Анда Мугабе менен аялы бардык жетекчи кызматтардан алынары айтылууда.

Эл аралык коомчулук Түштүк Африканын бул өлкөсүндөгү саясий кризисти тынч жол менен жөндөөгө үндөп жатышат. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү “тирешүүдөн оолак болуп, тынчтык келишимине жетишүү үчүн диалог зарыл” деп, Зимбабведеги кырдаалдын татаалдыгын, аскерий төңкөрүш болгон-болбогону белгисиз экенин айтты.

Еврорибимдиктин бул жердеги өкүлчүлүгү убактылуу жабылды. “Биз кырдаалга жакындан көз салып турабыз жана адамдардын негизги укуктары сакталышы керек” деп айтылат Брюсселдин билдирүүсүндө.

АКШнын жана Британиянын тышкы иштер мекемелери бул өлкөдөгү жарандарына коопсуз жерде болууну эскертишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG