Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Зимбабведе саясий кырдаал бүдөмүк


Зимбабвенин борбору Хараредеги танк, 2017-жыл, 16-ноябрь.
Зимбабвенин борбору Хараредеги танк, 2017-жыл, 16-ноябрь.

Зимбабведеги саясий кризис уланууда. Роберт Мугабе өлкөнүн жалгыз мыйзамдуу мамлекет башчысы бойдон кала бергенин айтты. 15-ноябрда аскерлер баш калаа Харарени өз көзөмөлүнө алып, муну президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан. Алар Мугабени резиденциядан чыгарбай кармашууда.

"Рейтер" агенттиги Зимбабвенин чалгын кызматтарындагы булактарга таянып маалымдагандай, президент Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жардам берүүнү каалаган католик чиркөөсүнүн диниятчысы Фиделис Муконоринин ортомчулугуна каршылыгын билдирүүдө.

93 жаштагы Мугабе өлкөнү 1980-жылы эгемендик алгандан бери башкарып келатат. Африкада аны көп кишилер боштондук кыймылынын баатыры деп эсептешсе, Батыш бир кездери үмүт арттырган өлкөнү талкалаган, бийлигин кармап калыш үчүн зомбулукка даяр ырайымсыз башкаруучу деп билет.

"Рейтер" ошондой эле Зимбабвенин коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси, өткөн айда вице-президенттик кызматтан бошотулган Эммерсон Мнангагва куралдуу күчтөр жана оппозиция менен биргелешип бир жылдан бери өлкөнүн Мугабе кеткенден кийинки саясий түзүлүшүн пландап жүргөнүн маалымдайт.

Ал эми дагы бир мурдагы вице-президент Жойс Мужуру 16-ноябрда басма сөз жыйынында өткөөл өкмөт түзүлүп, биринчи кезекте экономикалык маселелерге көңүл бурулууга тийиш экенин билдирди:

- Зимбабве тандалуу кишилердин же бир топтун эмес, бул жерди ата-журтум деп билген бардык адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк берилген өлкө болууга тийиш.

Он жылдай бул кызматты аркалап келген Мужуру Мугабенин болжолдуу мураскери катары эсептелчү. Бирок бийлик 2014-жылы аны кутумга байланыштуу айыптап, кызматтан кетирген.

Биринчи айым Грейс Мугабе
Биринчи айым Грейс Мугабе

Шейшембиде аскерлер баш калаа Харарени өз көзөмөлүнө алып, муну президенттин айланасындагы “кылмышкерлерге” каршы операция деп аташкан. Армия өкмөттүк имараттарга, парламентке, сотторго кетчү жолдорду оор техника менен бөгөп, мамлекеттик телевидениени басып алган.

Мугабе резиденциядан чыгарылбай кармалып турганы кабарланган. Түштүк Африканын өкмөтү Мугабе шаршембиде президент Жейкоб Зума менен телефондон сүйлөшкөнүн, ага эч кандай зыян келбегенин билдирген.

Армия бийликке Мугабенин жубайы Грейстин келишин каалабайт. 52 жаштагы биринчи айым 1990-жылдары президент менен таанышканда катчы болуп иштечү. Акыркы жылдары ал бийликтеги партияда өз позицияларын бекемдеп жүргөн. Жакында болсо вице-президенттикке дайындалганда бул мамлекет башчынын ордун басууга даярдык деп бааланган.

Жумушсуздук, жакырчылык өкүм сүргөн өлкөнүн тургундары Грейстин дүкөн кыдырып, чет өлкөлөрдөн баалуу кийим-кече, буюм сатып алган адатын көп сындашат. Айрым маалыматтарга караганда биринчи айым сыртка качууга үлгүргөн. Бирок армия өкүлдөрү төңкөрүш ишке ашырылганын ырасташууда.

"Мындай саясий драмага карабай, көчөлөрдө оор техника, аскерлер жайгаштырылганы менен, Харареде кадимки жашоо-тиричилик уланууда" деп кабарлашат жеринен "Рейтердин" журналисттери.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Булавайонун тургундары да армия эч кимди куугунтуктабаганын айтышууда.

"Адамдар ойгонуп, кадимкидей жумушка жөнөштү, эч ким эч кимди коркутуп, куугунтуктаган жок. Бардыгы жайында. Албетте, келечек үчүн тынчсызданабыз. Бирок азырынча бардыгы жакшы", - дейт калаанын Лунги Нене деген тургуну.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG