Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Парламент мөңгүлөрдү "көчүрүүгө" уруксат берди


Кумтөр
Кумтөр

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, которуштурууга уруксат берчү Cуу кодексине өзгөртүүлөр колдоо тапты.

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралып жаткан маалда Ак үйдүн сыртында жарандык активисттердин чакан тобу чогулуп, депутаттарды мөңгүлөрдү сактап калууга чакырып турду. Алар мыйзам долбоору кабыл алынса, парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгесин көтөрүп, кол топтоо өнөктүгү башталаарын эскерткен эле.

Масалиевдин кер какшыгы

Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, аларды толугу менен талкалоого уруксат бере турган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карады.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев демилге каяктан чыкканын сурап, өкмөт "Центерранын" тапшырмасын аткарып жаткан жокпу деген мааниде собол таштады:

Мөңгүлөрдү көчүрүүгө макул жана каршы болуп добуш берген депутаттардын тизмеси. Тизме Исхак Масалиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды. 16-ноябрь, 2017-жыл
Мөңгүлөрдү көчүрүүгө макул жана каршы болуп добуш берген депутаттардын тизмеси. Тизме Исхак Масалиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды. 16-ноябрь, 2017-жыл

- Бул жерде компаниянын кызыкчылыгы көрүнүп турат. Албетте, Кумтөр иштеши керек. Андан бюджетке салык катары 6 миллиард сом түшүп турушу кажет. Бирок анын алдына түшүп алып, жүгүрүп бериштин кереги жок эле. Кылымдардан бери топтолуп, сакталып келген мөңгүлөрдүн элүү пайызын жок кылып, мыйзамдаштыруу аркылуу калганын дагы жок кылууга уруксат суроо - бул эмне дегендик? Анан дагы "мөңгүлөрдү көчүрүп эле коёбуз" дегени эми жаш баланы алдагандай эле кеп да. Буга ким ишенет? Эгерде чын эле ошондой мүмкүнчүлүгүңөр болсо, мөңгүлөрдү араалап туруп, сарайларга алып келип койгула. Керек болгондо эритип берип турасыңар.

Өкмөт башчысынын орун басары Дүйшөнбек Зилалиев мөңгүлөр эрип, жок болуп баратканын айтып, бул үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу аларды которуштуруу зарыл экенин белгиледи. Дүйшөнбек Зилалиев бул иш жасалбаса, анда мөңгүлөр кен казуучу аймакты басып калаарын эскертти:

- Бизге деле бул маселени алып чыгып, эл душманы катары көрүнүштүн кереги жок болчу. Башында мына ошол мөңгүлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жок болуп кетти дегенбиз. Азыр тактап чыкканыбызда биринде 20 пайыз, экинчисинде 70 пайыз муз массасы жок болгону аныкталды. Бул эки мөңгү улам ылдыйды көздөй жылып бара жатат. Аларды улам-улам көчүрүп, жылдырып турбаса, анда ал мөңгүлөр кен казылып жаткан жерди басып калышы мүмкүн.

"Эл душманы" болгусу келбеген эрендер

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорун алып келген өкмөт мөңгүлөр үчүн жоопкерчиликти парламентке оодарып жатканын белгиледи. Рыскелди Момбеков мыйзамдын арты менен "эл душманы" болуп, тарыхта калгысы келбей турганын айтты:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

- Бул кабыл алынса, сиздер эл душманы болбойсуздар. Мына биз эл душманы болобуз. Каркыра менен Үзөңгү-Куушту берүүгө добуш берген депутаттардын баарын азыр "эл душманы" деп жүрүшөт. Бул мыйзам долбоорун колдосок, анда биз дагы мына ошол тизмеге киребиз. Силер "депутаттар маңкурт турбайбы, кабыл алып коюшту" деп чыгасыңар. Президент "депутаттар колдосо, мен эмне кылайын" деп кол коюп коёт.

Бирок талкуудан соң, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкканда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан "эл душманы" болгусу келбеген депутат Рыскелди Момбеков Суу кодексине өкмөт сунуштаган өзгөртүүнү колдоп, добуш бергени кызык болду. ​

Анткен менен КСДП фракциясынан башка бир депутат Азамат Арапбаев мөңгүнүн ызы-чуусун беш-алты эле бейөкмөт уюм көтөрүп жатканын белгиледи. Депутат Азамат Арапбаев кесиптештерин маселени саясатташтырып талкуулап отурбай, мыйзам долбоорун токтоосуз кабыл алууга үндөдү:

Азамат Арапбаев
Азамат Арапбаев

- Беш-алты бейөкмөт уюм үчүн бул маселени аябай саясатташтырып жибердик. Өкмөт мүчөлөрүнүн жарымы азыр бул жерде отурат. Аларды кармабайлы. Жылдын аягы болуп жатат. Салык, бажы төлөмдөрү жакшы топтолбой турат. Булар барып иштесин. Саясатташтырбай, мыйзамды үчүнчү окууда колдоп берели.

Ал арада жарандык активисттердин чакан тобу "Мөңгүлөрдөн колуңарды тарткыла!" жана "Суу кодексине өзгөртүү кирбесин!" деген сыяктуу ураандар менен Ак үйдүн астында нааразылык акциясына чыкты.​

​Шарттуу түрдө бош чаканы аянтка көтөрүп келген жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бул өлкө мөңгүлөрдү жоготуп алып, таза сууга зар болуп, чакалар калдырап бош калбасын деген ишарат экенин түшүндүрдү.

- Бул бош чака - образ. Анткени биздин Кыргызстанда мөңгүлөрдү бузууга тыюу салган Суу кодексиндеги ченемдерди өзгөртүп, ага уруксат берүү колдоо таба турган болсо, анда мөңгүлөр жок болуп, ичкенге таза суу азайып, чакаларыбыз калдырап калышы мүмкүн. Биздин депутаттар буга ойлонуп туруп добуш бериши зарыл. Алтын казып алыш үчүн мына ушуга барсак, таза сууга зар болуп калышыбыз мүмкүн.

Активисттер: мөңгүнү акырына чейин коргойбуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

Жаңы өнөкөт

Жакында Кумтөргө барып, мөңгүлөрдүн абалы менен таанышып кайткан парламент депутаты Жанар Акаев анда бир эле Давыдов жана Лысый мөңгүсү эмес, Сары-Төр деген сыяктуу кендин айланасындагы башка мөңгүлөрдүн дагы эрип жок болуп кетүү коркунучу бар экенин билдирди. Депутат Суу кодексине өзгөртүү киргизүү опурталдуу экенин айтты:

- Эртең эле башка бир кен казып жаткан инвестор өкмөткө келип, "биз дагы билбей, мөңгүлөргө тийип алыппыз, алар эрип кетти, эми биздин мына ошол ишибизди мыйзамдаштырып, аларды биротоло которуп салууга уруксат бергиле" десе, эмне деп жооп беребиз? Анткени мына ошол эле инвестор "мурда "Центеррага" уруксат берилген соң, эмнеге башкасына уруксат берилбеши керек" деген акыйкат суроо коюшу мүмкүн да.

Ошентип Суу кодексине өзгөртүүлөрдү караган мыйзам долбоорун 63 депутат колдоп, 22 эл өкүлү ага каршы добуш берди. Бул мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда сыртта турган жарандык коом өкүлдөрү эгерде ал кабыл алынса, анда парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу үчүн кол топтоо демилгесин жарыялашкан болчу.

Эшенкулов: Көчүрүп кеткидей мөңгү боз үй эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG