Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Атамбаев "мөңгү мыйзамы" жөнүндө: "Центеррада" калып, дивиденд алалы


Кумтөр.
Кумтөр.

Кыргызстан "Центерра" менен кызматташтыгын улантып, андан дивиденд алышы керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында айтты. Президент мөңгүлөргө байланыштуу мыйзам боюнча чечимди бир нече күндө кабыл аларын билдирди:

- Мөңгүлөр боюнча мыйзам келди. Мен азыр таанышып жатам. БУУда "Кумтөрдүн айынан мөңгүлөр эрип жатат" деген жокмун, "климаттын айынан" деп айткам. Мыйзам менен жакшылап таанышам, эксперттердин айткандарын окуп чыккам. Кыргызстанда каталог боюнча 6771 мөңгү бар. Мыйзамда эки мөңгү жөнүндө сөз болуп жатат. Ал 23 жыл мурун иштеп баштаган. Булар эрип кетсе да башкалары калат. Биз Кумтөрдү иштетип, алардан экологиялык шарттын аткарылышын талап кылышыбыз керек. "Центеррада" калып, дивиденд алышыбыз керек. Айрымдар ""Центерраны" кууп чыгып, Кумтөрдү өзүбүзгө алышыбыз керек" дейт. Анда алар калтырган калдыктарды кошо алабыз. Биз аларды тазалатышыбыз керек. Мен мыйзамга кол коембу же жокпу, бир нече күндүн ичинде чечим кабыл алам.

Өткөн аптада парламент "Суу кодексине" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Өкмөттүн бул сунушу коомчулукта ача пикир жаратууда. Жарандык активисттер эгер мыйзам иштей баштаса Кыргызстандагы мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылат деп кооптонууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG