Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Сатке: "Центерранын" планын билиш керек


Кумтөр кени, 9-сентябрь, 2017-жыл.
Кумтөр кени, 9-сентябрь, 2017-жыл.

Кумтөр кенине байланыштуу эл аралык маалымат каражаттарына үзбөй жазып жүргөн журналист Рыскелди Сатке "Азаттыктын" бир катар суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Рыскелди мырза, премьер-министр Сапар Исаков Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрүндөгү дагы бир жаңы жагдайды ачыкка чыгарды.

“Центерра Голд” компаниясы "Кумтөр кенин толугу менен өз көзөмөлүңөргө алсаңар болот" деп сунуш кылган экен. Мындай сунуштун артында эмне турушу мүмкүн?

Рыскелди Сатке: Бул жерде ачык эле канадалык компаниянын стратегиясы көрүнүп турат. Анткени былтыртан бери “Центерра Голд” компаниясы Канадада жаңы долбоорлорду сатып ала баштады.

Кумтөрдө эмне болуп жатканы тууралуу коомчулукка да кеңири маалымат берилип, талкууларды уюштуруу зарыл деп ойлойм.

​“Томсон Гриик” деген долбоорду баштады, өткөн айда "Аурико Металс" деген компанияны 240 миллиондон ашык долларга сатып алган. Бул процесс азыр дагы жүрүп жатат. Канадалык бизнес-медиа “Центерра Голд” компаниясы "Кыргызстандан чыгып, өз долбоорлорун диверсификациялоого аракет кылып жатат” деп ачык эле жазып жаткан кези.

Премьер-министр "биз муну эксперттер менен изилдейбиз" деп айтыптыр. Менимче, бул туура, изилдеш керек. Эгерде канадалыктар сунуш киргизсе, демек бул жерде ачык эле план бар. Канадалыктар жөн эле айтпайт.

Мындан тышкары, Кумтөр кенинде бир топ көйгөйлөр бар, экологиялык маселелер көп, ал жердеги мөңгүлөр боюнча талкуулар дагы эле уланып жатат. Ошондой эле Кумтөрдөгү химиялык калдыктар сакталган жердин үстүндө Петров деген көл турат. Ошол көл жылдан жылга көбөйүп, жакын арада суу ташып кетиши мүмкүн экенин окумуштуулар эскертишет. Эгер көл ташыса, биринчи кезекте калдыктарды агызып, андан соң Кумтөрдүн жанындагы сууларга кошулат. Алар болсо түз эле Нарын дарыясына куят.

Кыргыз өкмөтү иликтөөнү мурда эле башташы керек эле. Кумтөрдө эмне болуп жатканы тууралуу коомчулукка да кеңири маалымат берилип, талкууларды уюштуруу зарыл деп ойлойм.

"Азаттык": Жогоруда сиз айткан сөзгө улай, Кумтөр “Центерра Голд” үчүн кирешелүү кен катары мааниси азайып баратат деп айтсак болобу? Кенге байланыштуу талаш-тартыш күчөп, экологиялык чыгымдар көбөйүп баратпайбы?

"Центерра" Кыргызстандан кетүү үчүн өз долбоорлорун диверсификациялап жатат. Себеби компаниянын эң чоң жана кирешелүү долбоору Кумтөр болгон да. Кумтөрдөн булар жылына 15-20 тонна алтын алып турган.

Рыскелди Сатке: “Центерранын” азыркы маалда 450 млн. доллардай топтолгон акчасы бар. Мен жогоруда айткандай, алар Кыргызстандан кетиш үчүн өз долбоорлорун диверсификациялап жатышат.

Себеби "Центерранын" эң чоң жана кирешелүү долбоору Кумтөр болгон да. Кумтөрдөн булар жылына 15-20 тонна алтын алып турган.

Сиз айткандай, убакыт өткөн сайын Кумтөр боюнча талаш-тартыштар күчөп келатат. Мындан тышкары коррупция боюнча иштер аягына чыга элек. Алар мындан ары кандай чечилет? Бул суроолорго жооп дагы эле табыла элек. Өкмөт бул суроолорго кандайдыр жооп табышы керек.

Албетте, коррупция тууралуу сөз кылганда "анын “Центерра Голдго” тиешеси жок" дегендей сөз компанияда кеңири тараган. Бирок териштире келгенде “Центерра Голддун” ичинде да коррупциялык схемалар болгон. Биринчи жагынан коррупцияга аралашкан Кыргызстандын өкмөттөрү болсо, экинчи жагынан кен казган компаниядагы схемалар боюнча суроолор туулуп жатпайбы.

"Азаттык": Кумтөр кени жети-сегиз жылдан кийин жабылары, алтындын запасы азайганы белгилүү. "Центерра" болсо "азыр эле кете берели" деген сунушун айтып жатат. Мындай кырдаалда кыргыз өкмөтүнүн стратегиясы кандай болушу керек?

Кумтөр
Кумтөр

Рыскелди Сатке: Кыргыз коому Кумтөрдүн мисалында жакшы сабак алышы керек. Биринчиден, кыргыз өкмөтү азыркы учурда инвестициялык келишимдерге терең көңүл буруп, анын ар бир шартын кылдат карап чыгышы зарыл. Себеби буга чейин инвестициялык келишимдердин бардык шартына макул болуп, кол коюп берип эле, андан кийин "Ким эмнеге жоопкерчиликтүү?" деген чыр чыкчу. Азыркы учурда Кыргызстандын 32 инвестициялык келишими бар. Ошол келишимдердин ичинен кайсынысы Кыргызстанга ыңгайлуу экенин, анын бардык шарттарын карап чыгуу зарыл.

“Центерранын” эле мисалында карап көрсөк, Кыргызстанды эки жолу эл аралык арбитражга берди. Акыркы сот өткөн жылы болду. Өлкөнүн соттору чечим чыгарган иштер эл аралык арбитраждык сотто да териштирилип жатат. Мындай баш-аламандыкты да териштирип, жыйынтык чыгарып, үйрөнүш керек. Ошол эле учурда инвестициялык келишимдерге эл аралык инвесторлор өздөрүнө ыңгайлуу шарттарды, беренелерди киргизишет. Кыргыз өкмөтү ошонун баарын кылдат талдап чыгышы абзел.

Мындан тышкары, өкмөт бул тармактагы коррупцияны жоюшу керек. Кыргызстанда коррупция өтө чоң мүшкүл экени жалпыга белгилүү. Бийлик коомчулук менен жакшыраак иш жүргүзүп, элге көп маалымат жеткиликтүү болбосо, коомдо күмөн ойлор көп жаралат.

"Азаттык": Сапар Исаковдун сөзүнөн кийин айрым эксперттер Кыргызстан 26% акциясын колдон чыгарбай, дивидендден пайда көрсө болорун айтышууда. Буга сиз кошуласызбы?

Рыскелди Сатке: “Центерранын” стратегиясын адегенде изилдеш керек. 26% тууралуу айтууга азырынча эрте. Азыр "Центерранын" долбоорлору тууралуу да ар кандай сөз көп. Монголиядагы долбоорунун тегерегинде суроолор арбын. Гацуурт деген кенге мен эки жыл мурда баргам, ал жактагы эл менен да сүйлөшкөндө маселелер бар экени маалым болгон.

Түркиядагы долбоору кандай жүрүп жатканын да байкап көрүш керек. Азыр канадалык маалымат каражаттарынын кабары боюнча, "Томсон" жана кийинки сатып алган компаниялары орточо көлөмдөгү долбоорлор. Кумтөр "Центерранын" эң чоң долбоору экенин кайталайм. Андыктан "Центерра" жаңы долбоорлорунан канчалык киреше таба алаарын, дивиденддер кандай болорун көбүрөөк маалымат чогултуп, талдап, салыштыруу зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG