Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Атамбаев "мөңгү мыйзамына" кол койду


Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан.
Кумтөр алтын кени деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашкан.

Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстандын президенти катары акыркы иш күнүндө Суу кодексине өзгөртүү киргизген буйрукка кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматына ылайык, мыйзам өлкөдөгү тоо-кен өнөр жайынын мөңгүлөргө тийгизген таасирин тескөө жана стратегиялык мааниге ээ болгон "Кумтөр" ишканасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатын көздөйт.

Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында Суу кодекси менен таанышып жатканын, мыйзам Кыргызстандагы 6771 мөңгүнүн ичинен эки мөңгүгө гана тиешелүү экенин айткан:

- Мен керек болсо эски маалыматтарды көтөрүп, СССРдин мөңгүлөрүнүн каталогун колго алдым. Кыргызстанда 6771 мөңгү бар. Бул мыйзам ошол мөңгүлөрдүн экөөнө эле тиешелүү. Эки мөңгү тең 23 жыл мурун "жайланып" баштаган. Ошол кезде эмнеге эч ким "кыңк" деген эмес?

Жарандык коом: аракеттерди токтотпойуз!

Жарандык активисттер Суу кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөргө каршы чогулткан петициясын президент эске албаганына кабатыр. Активисттер 2 миңдей киши change.org сайты аркылуу кол койгон петицияны ушул эле күнү эртең менен президенттин аппаратына тапшырган болчу.

Мындан аркы аракеттери тууралуу петиция тапшырган активисттердин бири Рита Карасартова буларды айтты:

- Президент кол койгон соң, биз мындан ары Конституциялык палатага кайрылабыз. Мындан башка эл аралык сотко Сапар Исаковдун Кумтөр менен келишиминин мыйзамдуулугун аныктап берүүгө кайрылабыз. Айтор мыйзамдардын бардыгын бир сыйра карап, мындан аркы кадамыбызды дагы тактайбыз.

Активисттер президентке петиция тапшырышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев кетип бараткан президент Суу кодексине кол коюу аркылуу өзүндөгү акыркы саясий дивидендинен ажырады деп билдирди:

- Чынын айтсам аягына чейин президент мыйзамга кол койбойт деп үмүт кылгам. Мыйзамга каршы пикир менен парламентке кайра кайтарып койсо элдин көксөөсү сууп калмак. Өзү жоопкерчиликти албастан Сооронбай Жээнбековго калтырып койсо деле оң болмок. Эми абдан өкүнүчтүү болуп жатат. Себеби акыркы саясий дивидендди Атамбаев алып кетсе болмок, эми анысынан да ажырап калды.

Атамбаев менен кошо кеңешчилери да кетти

Алмазбек Атамбаев мыйзамга кол койгондон тышкары коомдук кеңешчилери Фарид Ниязов жана Икрамжан Илмияновду жазган арызынын негизинде кызматынан бошотуу тууралуу буйруктарды чыгарды.

Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, Илмиянов менен Ниязовдун расмий кызматта иштеген же иштебегенинин мааниси деле жок:

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

- Алар ар дайым Атамбаевдин жанында жүргөн кишилер. Президент кызматтан кеткенден кийин деле саясатта болом деп айтып жатпайбы. Демек алар Атамбаевдин жанында жүрө беришет.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик акыркы иш күнү Бишкектин түндүгүндө маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн көп батирлүү төрт үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салуудан башталган эле.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, маданият мекемелеринин кызматкерлери үчүн үйлөрдү курууга 340 миллион сом бөлүнгөн. Көп кабаттуу төрт турак жай 216 батирге эсептелген.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл баатыры наамын берүү демилгесин көтөрүп, муну өлкөдө туруктуулук орноду, шайлоону таза уюштурууга мүмкүнчүлүк түздү деп негиздеди:

- Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда жаңы шайланган президентке бийликти демократиялык жол менен тапшырышы баарыбызды толкундандырды. Шайлоочулардын сунуштарын эске алып Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл баатыры деген наамды берүүнү сунуштайм.

Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев

Депутаттын президентке жагуу аракети

Бул демилге коомчулукта дароо колдогон жана каршы болгон тараптардын талкуусуна түштү. Жарандык активист Адил Турдукулов лидери камакта отурган депутаттын бул демилгесин Жогорку Кеңештин бүгүнкү абалынын көрсөткүчү катары баалады.

- Бул жеке депутат Нышановдун бийликке сигналы десек болот. Ал бийликчил фракция айтпаган демилгени айтып, жеке Атамбаевдин өзүнө жагалдануу аракетин көрсөтүп койду. Албетте бул абдан өкүнүчтүү, себеби дал ушу “Ата Мекен” фракциясы бийликтин куугунтугунда келатат. Бул өз кезегинде парламенттеги депутаттардын бүгүнкү абалын дагы бир ирет шардана кылды. .

Өлкөгө өзгөчө сиңирген эмгеги жана баатырдыгы үчүн ыйгарылып келген Кыргыз Эл баатыры мамлекеттик жогорку наамды Алмазбек Атамбаевге ыйгаруу демилгеси Жогорку Кеңеште кеңири талкууга түшкөн жок.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленген. Бул күнү президент Алмазбек Атамбаев өз ыйгарым укуктарын жаңы президентке өткөрүп бермекчи.

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Алмазбек Атамбаев 2011-жылы келген. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө мамлекет башчылык кызмат тынч жол менен өткөрүлүп берилүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG