Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Суу кодексине каршы петиция бийликке тапшырылды


Жарандык активисттердин бүгүнкү чогулушу жана Кумтөргө барышы.
Жарандык активисттердин бүгүнкү чогулушу жана Кумтөргө барышы.

Ак үйдүн алдына чогулган бир нече жарандык активисттер Жогорку Кеңеш кабыл алган "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы петицияны бийлик өкүлүнө тапшырышты. Документти президенттик администрациянын өкүлү Жумакун Сыдыков алып, 14 күндүн ичинде жооп берилээрин айтып кирип кетти.

Петицияга кол топтоо "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы "Мөңгүлөрдү сактоо боюнча жарандык демилге" кыймылы тарабынан уюштурулган. Кыймылдын демилгечилеринин бири, жарандык активист Рита Карасартованын айтымында ага эки миңден ашуун киши кол койгон. Бул петиция бүгүн Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматындагы акыркы иш күнүндө тапшырылды.

16-ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алып, президенттин кароосуна жиберген.

20-ноябрда президенттик кызматтагы соңку маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан "Центерра" менен кызматташтыгын улантып, андан дивиденд алышы керектигин, бирок мөңгүлөргө байланыштуу мыйзам боюнча чечимди бир нече күндө кабыл аларын айткан.

Мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну талап кылып чыгышкан. (ErN)

Активисттер президентке петиция тапшырышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00

XS
SM
MD
LG