Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Алты жылда дин чөйрөсү өзгөрдүбү?


Бишкектеги айт намаз. 2016-жыл
Бишкектеги айт намаз. 2016-жыл

Мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев диний чөйрөнү иретке келтирүүнү өз максаттарынын бири катары атаган. Бул багытта атайын концепция иштелип чыгып, диний билим берүүнү тартипке салуу милдети коюлган эле. Эксперттер мурда көңүл бурулбай келген бул тармакты тартипке салуу аракетин оңунан бааласа, айрымдар президенттин демилгеси аягына чыккан жок деген пикирде.

Президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаевдин учурунда талкууланган тармактардын бири диний чөйрөдөгү саясат болду.

Атамбаев акыркы жылдары радикалдашууну ачык сындап, динге жамынуу менен башка элдин маданияты каптап жатканын айтып келди. Атүгүл өлкө башчынын демилгеси менен Бишкектин көчөлөрүндө чүмкөнгөндөрдү айыптаган көрнөк-жарнактардын илиниши көптөгөн талкууларды жараткан эле.

Президент бул чөйрөнү иретке келтирүү зарыл экенин айтып, концепция кабыл алуу боюнча демилге көтөргөн.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

"Сереп" изилдөө институтунун директору Искендер Ормон уулунун баамында, Атамбаев президенттик мөөнөтүндө дин чөйрөсүндөгү көйгөйдү ачык айтып, көңүл бурдурганга жетишти:

- Кошуналар тыюу салып, сакалын кыркып, түрмөгө салып келген шартта этияттык менен радикалдашуудан оолакташтырып, системага койгон бир адам болду. Мен мында эң чоң салымы болгон киши президент болду деп эсептейм. Эгерде биз бул жерде кылдат мамиле кылбасак, күч органдарынын, мамлекеттин абалы өтө жакшы эмес учурда абдан радикалдашып, ошол жагынан көптөгөн коркунучтар бар эле.

Искендер Ормон уулу диний чөйрөнү иретке салууга багытталган, Кыргызстандын Коргоо кеңешинде кабыл алынган концепцияны бул боюнча жетишкендик катары эсептейт.

2014-жылы кабыл алынган бул концепция 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктаган. Анда Кыргызстан дүйнөбий (светтик) мамлекет экени жана дин менен саясат бири-биринен ажыратылганы белгиленип, бирок мамлекет диний иштерди өз алдынча таштап коё албасы бекем эскертилген.

Жаңы концепция мурункудан айырмаланып, анда Кыргызстандагы мусулмандар исламдын сунни агымындагы ханафий мазхабын карманары тактап көрсөтүлгөн.

Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орун басары Замир ажы Ракиевдин айтымында, салттуу исламга колдоо көрсөтүү менен ар кыл экстремисттик багыттагы диний агымдарды тизгиндегенге мүмкүн болду:

- Диний концепциянын алкагында Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгына абдан көп тапшырмалар берилген. Бизде билесиздер, кааласак-каалабасак да, ар кандай агымдар кирди эле. Алардын арасында адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан агымдар бар болчу. Биз ошолорго каршы туруу үчүн ханафи мазхабы жана матрудий акыйдасы деген, биздин ата-бабаларыбыз тутунган салттуу исламды өнүктүрүүгө президент колдоо көрсөттү.

Анткен менен акыркы жылдары Кыргызстанда Пакистан, Түркия, Иран жана араб өлкөлөрүнүн каражаттары менен мечиттер, диний уюмдар түзүлүп, объекттер салынып, аларда диний жөрөлгөлөрдүн, жүрүм-турумдардын өзгөчөлүгү пайда боло баштаган. Бул өз кезегинде мусулмандар ичинде биримдикти азайтып, алардын арасында талаш-тартыштар, карама-каршылыктар күчөгөн.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиевдин пикиринде, диний концепцияда туура багыттар камтылганы менен, ал аягына чыкпай калды:

- Башында чынында эле концепцияны Коргоо кеңеши карап, аны ишке ашыруунун планы кабыл алынган эле. Бирок ал аягына жетпей калды. Президент аны кабыл алууга жакшы киришип, өзү да окуп чыгып, алымча-кошумчасын айтты. Бирок ишке ашырууга келгенде каражат жок, башка себептер менен созулуп калды. Азыр болсо кайра артка кетти. Муфтият өзү билгендей иштей баштады.

Көп нерсе жасалбай калды. Эрктүүлүк менен жасаш керек болчу.
Алмазбек Акматалиев.

Ал эми эксперт Алмазбек Акматалиев болсо президент диний чөйрөдөгү абалды көзөмөлгө алуу аракети болгону менен кооптуу жагдайлар сакталып турганын белгиледи:

- Концепция жана башкалар кагаздагы нерсе. Жаштар радикалдашып жатканын көрүп эле жүрөбүз. Көп нерсе жасалбай калды. Эрктүүлүк менен жасаш керек болчу. Себеби бул багыттагы маселелерди чечүүгө дагы төрт-беш жылдан кийин кеч болуп калат.

Маалымат боюнча, Кыргызстанда 1990-жылы 39 мечит болсо, азыркы күндөрү алардын саны 2700дөн ашкан жана 81 диний окуу жай бар. Алардын ичинен ону жогорку окуу жайы. Бирок жогорку окуу жайлардын бири дагы мамлекеттик сертификатка ээ болгон эмес. Акыркы жылдары диний билим берүү боюнча мыйзам иштелип чыгып, окуу жайларды каттоодон өткөрүү жолго коюлган. Бирок бул чөйрөдө дале болсо иштер шыр кетпегенин адистер белгилешет.

Ошону менен катар Кыргызстандан барып Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн жарандардын маселесинин башы ачыла элек. Сирияга кеткен жарандар өлкөгө кайтканда аларды жарандыктан ажыратуу боюнча демилге көтөрүлүп, кабыл алынган. Бирок алар кайтып келген соң көзөмөлгө алуу жаатында кемчиликтер бар экенин эксперттер белгилеп келишет.

Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакытка чейин алардын 92си согуш талаасында мерт болгон.

Серепчи Канат Мурзахалиловдун айтымында, Кыргызстанда Дин боюнча концепция иштелип чыкканы менен каржынын айынан аны ишке ашыруу ара жолдо калды. Диний эрежелерди тескеген мыйзам да эскирип, жаңылоону талап кылып турат. Мурзахалиловдун пикирин бул жерден угуңуз:

"Кыргызстанда дин саясаты чар-жайыт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG