Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Ошто бейөкмөт уюмдар жаштардын радикалдашуусун талкуулашты


"Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуу факторлору” деп аталган Оштогу жыйын.
"Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуу факторлору” деп аталган Оштогу жыйын.

Бул тууралуу Ислам илим изилдөө институтунун директору Маметбек Мырзабаев билдирди. Анын айтымында, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин базасында өткөн “Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуу факторлору” аттуу жыйынды алардын уюму өткөргөн.

Жыйында жаштардын радикалдашуу жолдору жана анын алдын алуу, динге жамынып алып иш алып барган бузуку топторго жаштардын кирип кетишин азайтуу маселелери талкууланды. Сөз сүйлөгөндөр эктремисттик жана радикалдык уюмдарга жаштарды тартуу системдүү жүрүп жатканын, буга каршы мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар чогуу күрөшүшү зарыл экендигин айтышты. Натыйжада жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр да болду.

Иш-чарага негизинен Ош шаарындагы бейөкмөт уюмдун жетекчилери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк боюнча башкармалыгын өкүлдөрү, Ислам илим изилдөө институтунун кызматкерлери, Ош облусунун казыятынын өкүлдөрү, теологдор жана эксперттер болуп, жалпысынан отуздай киши катышты.

Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашык. Алардын көбү Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундары. (ErN)

XS
SM
MD
LG