Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Диний сабырдуулук ынтымакка өбөлгө


Иллюстрация

Кыргызстандын коомдук турмушунда динге ишенүү, диний кийимдерди кийүү, улуттук каада-салт жана диний ырым-жырымдарды колдонуу жаатында карама-каршы көз караш бар экени баарыга маалым.

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсүндө ушул тема талкууланды. Ага жазуучу Олжобай Шакир, теологиядагы социология илими боюнча окумуштуу Абай Кенжекулов жана журналист Айбек Шамшыкеев катышты.

“Азаттык”: Олжобай мырза, сиз мамлекет башчысынан баштап бардык бийлик бутактарынын жетекчилерине, тартип коргоо органдарына социалдык тармакка сиздин өлүмүңүздү тилеп жазган адам менен анын сөзүн андан ары коштогондорду таап, жазалоону талап кылган кайрылуу жолдодуңуз. Мындай кайрылуу жазууга сизди мажбурлаган кандай чыныгы коркунуч бар жана кайрылуудан натыйжа чыгат деп ишенесизби?

Олжобай Шакир: Жеке керт башым үчүн коркунуч жок, себеби чындап кол салам деген адам коомчулукка жарыяламак эмес. Бул жөн гана опузалоо. Ал эми мындай опузалоолорду тизгиндеп коюу тартип коргоо органдарынын бирден бир милдети. Кумурсканын дабышын тыңшап отурууга милдеттүү органдардын менин өмүрүмө коркунуч келтирген маалымат боюнча тезинен чара көрүүсү керек эле. Андай чара кечиккенден улам мен “РухЭШ” сайтына кайрылууну жарыялоого мажбур болдум.

Мындай нерсенин туюк жарадай болуп бүксүп отурбай ачыкка чыкканы да жакшы болду. Андан чочулоонун да кереги жок. Себеби, мындай темаларды көп талкуулап, тез эскиртип, коом иренжий турган деңгээлге алып келсек ушундай талаштуу темаларга кайрылбай калышыбыз мүмкүн. Коомдо диний эле тема эмес, башка карама-каршылыктуу маселелер да жаралып жатат. Анткени адамзат тарыхында көп талаш-тартыштар улуттук сезим, диний көз караштардан улам келип чыккан. Бул жагдай ушунусу менен кооптуу.

“Азаттык”: Айбек мырза, азыр ушул тапта социалдык тармактарда Олжобай мырзага карата жазылган пикирлерди, анын кайрылуусун талкуулаган адамдардын кайым айтышы жүрүп жатат. Буга эмне себеп? Бир адамдын динге же башка көрүнүштөргө карата жеке көз карашы, пикири башка адамдын ишенимине доо кетирбеши же таңууланбашы керек экендигин биздин замандаштар эске албай жатышабы?

Дин адам өз ыктыяры менен тандап алган ишеним. Аны бирөө таңуулоого же диний ишеними үчүн басмырлоого укугу жок.

Айбек Шамшыкеев: Кыргызстандын Конституциясында дин мамлекеттен тышкары деп жазылып калгандыгынын кесепетинен 25 жылдан бери диндин башаламандыгы өтө жогорку деңгээлге чыгып кетти. Бул жерде журналисттин да жоопкерчилиги жогору. Себеби журналист коомдун күзгүсү деп бекеринен айтылбайт эмеспи.

Журналист коомдогу көрүнүштөрдүн бардыгын байкоочу катары чагылдырып бериши керек. Дүйнөлүк журналистиканын тарыхына кайрылсак, анын пайда болгонуна 5550 жыл болду. Ошондон бери журналист негизинен алты суроого гана жооп берген маалыматты таратышы керек деп окутулуп келет. Бирок биз бул милдетти эске албай жатабыз, аша чапкандык аябай көп болуп жатат.

Албетте Олжобай агайга кол салууга чакыруу чектен чыккан көрүнүш, андай болбошу керек. Бирок, ошол эле учурда бул агайыбыздан да кемчилик кетип жатат. Ашыкча кеткен учурлары бар, журналисттин өз ичинде цензурасы болуш керек, аны көп журналисттер эске албай жатат. Кыргызда “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген макал бар. Анын сыңарындай өзүнүн көзү жетпеген нерселердин баарына кийлигишип, сындап, ачуу тил менен жазганда диний фанаттардын нааразылыгын пайда кылып жатса керек.

Олжобай агабыздын калеми курч, тили ачуу, эмоцияга да алдыра жазган нерселери бар. Жүз миңдеген жылдан бери тутуп келген динди сындап жазганда жанагындай карама-каршылыктуу жагдай пайда болуп жатат. Андай карама-каршылыктуу көрүнүштөрдү, албетте, тартип коргоо органдары теске салышы керек.

Адамзат тарыхында көп талаш-тартыштар улуттук сезим, диний көз караштардан улам келип чыккан. Бул жагдай ушунусу менен кооптуу.

Олжобай Шакир: Мен тескерисинче теңсалмактуулукту кармап, бир жылдан бери “РухЭШ” сайтына респонденттердин ар түрдүү пикирлерин жарыялап келе жатам. Мисалы, Орозбек Молдалиев, Каныбек Осмоналиевдун ойлорун, Мухтар Шаханов менен Чыңгыз Айтматовдун дин боюнча диалогун жарыяладым. Ал эми Абдышүкүр Нарматов жана Чубак Ажы тууралуу материалга коюлган “Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат” деген тема Дени Дидронун афоризминен алынган. Мен диний асылдуулукту кеңири жайылтуу үчүн исламдын алтын доору, суфи дервиштеринин накыл кептеринен турган “Мусулман санаттарын” жана мусулман аалымдарынын акыл сөздөрүн жарыялап жатам. Мен теңсалмактуулукту гана сактоого аракет кылып келем. Себеби биздин диний көсөмдөр диний агартуучулукка караганда динди жайылтууга билек түрө киришип алышты.

“Азаттык”: Абай мырза, адамзаттын өнүгүү тарыхында динге, диний ишенимдерге мамилелердин негизинде ар кандай кагылыштар, карама-каршылыктар көп болгону белгилүү. Бирок, илим, техника өнүгүп, адамзаттын түшүнүгү улам тереңдеген сайын динге карата мамиле да өзгөрүп, ар кимдин диний ишеними сыйлана баштаган. Кыргыз коомунда ушундай сый көз караш эмне үчүн калыптанбай жатат? Анын башкы себеби эмнеде?

Абай Кенжекулов: Биз эми гана ошондой доорго келе жатабыз. Дин менен коом арасында жүрүп жаткан мамиле бизде жакында гана пайда болгон мамиле. Эгемендик алгандан бери мамлекет менен дин деген маселе жаңы гана көтөрүлө баштады. Кандай коом болбосун жаңы мамилелер пайда болгон учурда жогорудагыдай кагылышуулар боло турган нерсе.

Кыргызстанда калктын көбү өзүн мусулман деп таанышат. Бирок эгемендик алгандан кийин түрдүү диндердин агымы күч болду. Өзүбүздө да кылымдап калыптанып калган диний түшүнүк же салт жок болчу. Ошон үчүн карама-каршылыктар көп болуп жатат. Ал эми дин адам өз ыктыяры менен тандап алган ишеним. Аны бирөө таңуулоого же диний ишеними үчүн басмырлоого укугу жок. Бул маселени жөнгө салуу абдан оор. Ал мамлекеттик гана деңгээлде жөнгө салынышы керек.

Кыргызстанда диний сабатсыздык жогору. Аны жоюу үчүн алдын ала аракет көрүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, диний сабатсыздыкты жоюу боюнча буга чейин эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес. Демек, кесепетин алдын алуу үчүн диний сабатсыздыкты жоюу колго алынышы керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угунуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG