Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:53

Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапты. Айрым диний уюмдар бул чечим туура эмес болгонун айтып, шаардык сотко арызданышты.

"Йакын инкар" тобуна Кыргызстанда мындан бир ай мурун тыюу салынса да, ал коомчулукка эми гана белгилүү болду.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-июнда бул агымды экстремисттик уюм катары чечим чыгарган.

Мындай маалыматты Жогорку Соттон "Азаттыкка" ырасташты. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон.

Алар балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбоо керек деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чачтарын өстүрүп, узун кийинип келишкени менен белгилүү.

"Йакын инкар" мыйзамдарды аткарбай келген"

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Закир Чотаевдин айтымында, аталган диний топ өлкө мыйзамдарын аткаруудан баш тартып келген:

- Бул агым боюнча сотко күч органдары кайрылды. Биздин комиссия тиешелүү экспертизаны жүргүзүп бергенбиз. Анын жыйынтыгы менен сот экстремисттик уюм деп тапты. Себеби агым өз диний ишмердигин мыйзамсыз жүргүзгөн. Башкача айтканда, мамлекеттик мыйзамдарды тааныбай келген. Акыркы эки жылда алардын ишмердиги активдешкен. Укук коргоо органдары биздин кызматкерлер менен бирге ишмердигин токтотконго аракет кылганбыз.

Закир Чотаев.
Закир Чотаев.

Закир Чотаевдин айтымында, соттун чечимине ылайык, бул агымдын жолдоочуларынын өлкө аймагында даават же башка ишмердик жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

Шаардык сотко жазылган арыз

Бирок айрым диний уюмдар "Йакын инкар" агымына салынган тыюу жалпы дааватчылык ишине терс таасир этиши мүмкүн деп тынчсызданат. Мындан улам райондук соттун чечимин четке кагуу боюнча Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу "Ислам борбору" диний уюмунун башчысы Камчыбек ажы Өмүрзаков билдирди:

- Мыйзам боюнча сотко берген соң доогер, жоопкер деген болот. Сот болуп жаткан соң "инкарчыларды" чакырышы керек болчу. Кыргызстандын диний башкармалыктын даават бөлүмү бар. Мына ушулар келип, эмне деген уюм деп такташы керек эле. Анан айрым органдар чогулуп алып эле чечим кабыл алып койгону мыйзамга туура келбейт да. Биздин өлкөдө мыйзам иштейт да, кандайдыр бир режим эмес. Бул учурда болсо ИИМ, УКМК жана Дин иштери боюнча комиссия чогулуп алып, чечим чыгарып койгон. Бул мыйзамга каршы келет.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп саналат.

Алар балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбоо керек деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып келишкени менен белгилүү.

Өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү бир-эки жыл мурда алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган.

Ал эми Кыргызстандын муфтияты тышкы келбетин тыкан алып жүрбөйт, үй-бүлө мүчөлөрү уруксат берген тилкатты алып келишпейт деген негиз менен аларга дааватка чыгууга уруксат бербей келген.

Буга байланыштуу өлкө аймактарына дааватка чыккан "йакын инкарчылар" кармалып, милиция аларга тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген.

Муфтият дааватчыларга атайын бирдиктүү кийим сунуштаган. Бирок "йакын инкарчылар" ага баш ийбей келгени айтылат.
Муфтият дааватчыларга атайын бирдиктүү кийим сунуштаган. Бирок "йакын инкарчылар" ага баш ийбей келгени айтылат.

Таарынычтан бөлүнгөн жамаат

Кыргызстандын дин башкармалыгы - муфтият "Йакын инкар" тобуна тыюу салуу боюнча сот чечиминен кабары бар.

Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиевдин айтымында, аталган диний топтун жолдоочулары айрым мыйзамдарды жана жоболорду аткарбаган учурлары болгон. Бирок Сайпиев агымдын экстремисттик деп табылышы ашыкча болгонун айтууда:

- "Йакын инкар" деген жамааттын Кыргызстанда пайда болгонуна көп болгон жок. Үч жылдын эле тегерегинде мезгил болду. "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыккан деп жазып жатышпайбы. Мурда алар туура эле иштеп жүргөн. Таарынычтын айынан бөлүнүп кеткен жамаат болуп эсептелет. Чачыңды кыскарт, илим-билим ал, оку десе окубай, бул сүннөт, андан баш тартпайм деп бөлүнүп чыккан жамаат. Негизинен окуган китеби, сүйлөгөн сөзү Баш мыйзамга каршы келбейт. Сүйлөгөн сөзүндө же кылып жаткан ишинде экстремисттик же террористтик идеяга чакырган же түртө турган аракет жок.

Дин иштер боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы, эксперт Орозбек Молдалиевдин пикиринде, аталган диний топту мыйзам менен көзөмөлгө алуу туура эле кадам болду:

- Албетте, сотто булардын өкүлдөрүн же материал алгандарды катыштырып койсо туура болмок. Ал жагынан айтылып жаткан жүйө туура. Бирок бул диний топтун өкүлдөрү мыйзамдарды көзгө илбей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш бербей, "биз мыйзам менен эмес, шарият менен жашайбыз" дегендери чыккан. Бул топту тартипке чакыргыла деп, муфтиятка 2014-жылы эле айтканбыз. Ал кезде муфтият кийлигишпей, көңүл бурбай койду. Анда аз санда эле Балыкчы шаарында чыккан эле. Ал эми экстремизм боюнча чочуткандын себеби Сириядагы окуялар да болду. Анткени булар радикалдаша баштады, мыйзамды сактабай, муфтияттын жоболоруна баш бербей, Коргоо кеңешинин чечимин аткарбай жаткан соң демек экстремисттик топ деп айтсак болот.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Кыргызстанда учурда 19 диний уюм экстремисттик жана террордук багытта деп табылып, алардын ишмердигине тыюу салынган. Эгер "Йакын Инкар" Жогорку Сот чечими менен тыюу салынса жыйырманчы уюм болмокчу.

Ысык-Көлдөгү "йакын инкарчылар". 1-февраль, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG