Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:51

Диний түшүнүктөн улам балдарын мектепке жибербей жаткан үй-бүлөлөр көбөйө баштады. Өзүн "Йакын-Инкар" тобу деп атагандар мектеп программасы шариятка туура келбейт деп, бийлик өкүлдөрүнө өз шарттарын коюуда. "Азаттык" бул багытта эксперт Нурлан Исмаилов менен маектешти.

“Азаттык”: Нурлан мырза, “Йакын Инкар” бизге каяктан келди жана кандайча тарап жатат?

Исмаилов: Мунун түбү даават ишмердүүлүгү мурда мамлекет жана муфтият менен түздөн-түз байланышта жүргүзүлбөй келгенинде жатат. Даават системасы өз алдынча жүргүзүлүп келген. Муфтият менен мамлекеттин ортосундагы белгилүү бир келишимден кийин дин башкармалыгында өзүнчө бөлүм ачылып, муфтияттын каттоосун алгандар гана дааватты иреттүү түрдө жүргүзө алат деген эреже кирди. Бирок бул топ ал келишимди тааныбай, “биз мамлекеттин болобу, муфтияттын болобу, эч кандай уруксатысыз өз ишмердүүлүгүбүздү жүргүзө алабыз, каттоо, уруксатты тааныбайбыз” деп “Таблиги жамааттан” өзүнчө бөлүнүп чыкты.

“Азаттык”: "Инкарчылардын" башаты кайсы жактан болот? Бизге Пакистандан келди деп айткандар бар...

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"

Акыркы кезде Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйгөнү байкалган. Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери бул жамааттын 117 мүчөсүн кармап, эскертүү берген.

Исмаилов: Мындай топтор бир эле Кыргызстанда эмес, көпчүлүк жерлерде бар. Мамлекет аларды өз убагында башкарып, талаптарын койбосо, кийин өзүнчө бөлүнүп чыккандар боло берет. Мындай топтор Пакистанда да, Индияда, кээ бир Европа мамлекеттеринде да бар. Чоң уюмдардын ичинен жаралып, бирок аларды да тааныбай, өзүн Кудайга жакыныраак көрсөтүш үчүн өз алдынча иш алып барып, баш ийбеген топтор башка өлкөлөрдө деле бар.

“Азаттык”: Кыргызстанда “Йакын Инкар” тарай баштаганына канча болду?

Исмаилов: 3-4 жылдай болуп калды. Алар муфтият даават ишмердүүлүгүн иретке келтире баштагандан тарта бөлүнүп чыгышты. Жамаат, уюмдар чоңойгон сайын анын ичинде белгилүү бир деңгээлде макул же ыраазы болбогон топтор пайда боло берет.

“Азаттык”: Дин таануу илиминде "инкарчылар" тууралуу эмне деп жазылган? Булар топпу, сектабы же агымбы?

Исмаилов: Топ десек болот. Секта деп атоого болбойт. Келечекте бул көрүнүш эмнеге алып келиши мүмкүн? Аябай эле чоң экстремисттик уюмга айланат деген пикирден алысмын. Бирок ошентсе да айрым кооптуу жагдайлар бар. Жөнөкөйү – заманбап түзүлүштү, замандын жаңылануусун, илимди, билимди тааныбагандыгы. Экинчиден, бул нерсе алардын үй-бүлөсүнө да кедергисин тийгизет. Жубайы, балдары жеткиликтүү деңгээлде медициналык жардам, билим албай калат. Натыйжада алар коомдон артта калат. Келечекте алар үчүн бул чоң проблема жаратышы мүмкүн.

“Азаттык”: Муфтият "инкарчыларды" мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирбеген, сопулук ишке өтүп кеткендер деп атаган жайы бар эле. Анда эмне себептен жер-жерлерде аларды жергиликтүү бийлик сотко берип жатат?

Исмаилов: Муфтияттын даваат бөлүмү булар менен бир канча жолу жолукту, сүйлөштү. Бирок, мындай топтордун бир өзгөчөлүгү – мамлекет алар менен канчалык күрөшүүгө аракет жасаган сайын көгөрүп, кайра башташат.

“Азаттык”: Мунун кесепети кандай болот?

Исмаилов: Өтө эле чоң көйгөйгө алып келбейт, бирок Кыргызстан үчүн жагымсыз диний агым жаралып калышы ыктымал. Кесепети балдарына, өзүнө тиет. Бирок бир мыйзам ченемдүүлүктү да унутпаш керек – мындай уюмга киргендер менен катар кайра чыгып кеткендер да көп болот. Себеби алардын жашоосу азыркы табигый жашоодон оолак болгондуктан, албетте, турмуштун шарттарына, замандын талабына жараша андан чыга башташат.

“Азаттык”: Бул уюмдун катарына кошулгандардын саны көбөйүп жатышы эмнеден болууда?

Исмаилов: Биринчиден, даават ишмердиги тартипке салынышына макул болбогондор ошол жакка өтүп кетүүдө. Экинчиден, түрдүү себептерден улам ошондой уюмда кыска мөөнөт же узакка жүрүүгө психологиялык жактан даяр болуп, мисалы, турмуштан кыйналып жаткандар кирүүдө.

“Азаттык”: Негизи Кыргызстанда "инкарчылар" көбөйүп жатат дегенге сиз да кошуласызбы?

Исмаилов: Чынында көбөйүп жаткан темп бар. Мурда Бишкек, Чүйдө белгилүү болсо, азыр башка аймактарда топ-топ болуп иштей баштады.

Кыргызстан үчүн жагымсыз диний агым жаралып калышы ыктымал. Кесепети балдарына, өзүнө тиет.

Биз бир нерседен жаңылыштык кетирип жатабыз: мамлекет мындай уюмдар менен иштөөнүн эки эле ыкмасын колдонууда. Биринчиси – уруксат берүү, экинчиси – тыюу салуу. Ушундан чыга албай жатабыз. Мечиттерге тыюу салып койсо булар айылдарда кароосуз, алыс калган арзан үйлөрдү алып, ошол жерге секта болуп куруп жатышат.

“Азаттык”: Мамлекет эмне кылыш керек анда?

Исмаилов: Биринчиден, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, туура багыт берүү керек. Экинчиден, жазалоо системасына көңүл буруу зарыл. Мындай система дээрлик жок Кыргызстанда.

“Азаттык”: 500 сомдук айыппул салынат экен...

Исмаилов: Ооба, милиция алып келип 500-1000 сомдук айыппул салып жатат. Бирок ал чара Административдик кодексте да так жазылган эмес.

“Азаттык”: Көбөйтүлүш керек дейсизби бул сумма?

Исмаилов: Менимче, көбөйтүү керек. Дагы бир маанилүү нерсе – биз диний реабилитациялык борборлорду ача башташыбыз керек болуп калды. Бул жерде маселе бир гана "инкарчыларда" эмес, экстремисттик, террористтик уюмдарга кирип, ошолордун идеологиясына багынып калган жаштарыбыз да бар экенинде болууда. Алар кароосуз калып жатат. Биз жазалоо менен гана чектелүүдөбүз.

Теологиялык, диний реабилитациялык борборлорду ачып, илимдүү аалымдар менен чогулуп аларга психологиялык жардам бериш керек. Дин тууралуу билимин жогорулатуу зарыл. Ошондо гана бул маселени чечүүгө болот жана методика иштелип чыгат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG