Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

“Йакын-Инкар” Ошто да пайда болду


Көл кылаасындагы инкарчылар.
Көл кылаасындагы инкарчылар.

Кара-Кулжа районунунда дааватта жүргөн “Йакын-Инкардын” жети мүчөсү кармалды. Эч кандай уруксатсыз Ислам динине чакырып жүргөндөрдүн арасында жашы жете элек балдар да бар экени аныкталды.

Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз даават кылып жүргөн жеринен кармалган “йакын инкарчылар” Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Алардын арасында 11-класстын окуучусу да бар.

Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алардын дааватка чыгууга уруксат берүүчү тиешелүү кагаздары болгон эмес:

- Чачтары өскөн, кийимдери пакистандык адамдардыкындай болгон жети киши тууралуу жергиликтүү жарандар шектенип, милицияга кабарлашкан. Дааавтчылар чогуу бир унаада райондун Алайкуу өрөөнүндө дин жайылтууну көздөшкөн экен. Тагыраагы, Кытай менен чек аралаш аймакта даават кылмакчы болушкан. Мунун өзү да шек туудуруп жатат. Аларды текшерген учурда жанында өздүгүн аныктоочу эч кандай документтери болгон эмес. Казыяттан же муфтияттан эч кандай уруксат кагазы да болгон эмес. Биздин кызматкерлер алардын өздүгүн аныктоого аракет кылганда алар такыр тескери жооп берип туруп алышкан. Ал тургай түшүнүк кат жазууга да макул болбой коюшкан. Учурда алар кандай багыттагы үгүт иштерин жүргүзүп жатканы такталууда.

“Йакын-Инкар” Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Ага Кыргызстанда эч кандай тыюу салынган эмес. Ош облустук казыятынын өкүлү, даават иштери боюнча адис Нургазы Эрматов “Йакын - Инкар” аларга да баш ийбей жатышканын айтып берүүдө:

- Биз облус аймагындагы ар бир дааватчыны көзөмөлгө алып турабыз. Алар бардыгы казыяттан, муфтияттан уруксат кагазын алып, анан дааватка чыгат. Эгерде жаш болсо ата-энесинен, үй-бүлөлүү болсо балдарынан, аялдарынан да уруксат алуусу керек. Үчүнчүдөн, жергиликтүү участкалык милициядан да түшүндүрмө кагаз алуусу керек болот. Бирок, тилекке каршы, ушул “Йакын-Инкар” уюмунун кээ бир мүчөлөрү муфтиятка баш ийбей жатышат. Бизден уруксат албай эле өздөрү дааватка чыгып кетип жатышат. Кээ бирлери ал тургай үй-бүлөлөрүн карабай, алардын муктаждыгын камсыз кылбай кетип калышууда. Аларга биз акырындан айтып, эскертип жатабыз, мыйзамдуу жолго салып жатабыз. Бирок белгилей кетчү нерсе, “инкарчылардын” ишмердүүлүгү коомго анчалык зыян эмес.

Кыргызстанда өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “Йакын-Инкар” жамаатынын мүчөлөрү бир-эки жыл мурда алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Алар заманбап турмуш-тиричиликти четке кагып, даават ишинде муфтият көрсөтүп берген айрым тартиптерге баш ийишпейт деген сындар айтылып жүрөт. Айрымдар аларга тыюу салып, ишмердүүлүгүнө мамлекет бөгөт коюшу керектигин да белгилешет. Алардын бири Оштогу байкоочу Азамат Асаттулла уулу:

- “Йакын-Инкар” тобу Кыргызстанда экстремисттик деп табылган эмес. Ошол себептүү милиция кармаганда деле аларга эч нерсе кыла албайт. Ашып кетсе 500 сом, 1000 сом айыппул салат. Бирок аларга кандайдыр бир чара көрө турган мыйзамдарды иштеп чыгып, алардын ишин бир чектөө киргизүү керек. Анткени алар Кыргызстанда көп жарандарды адашуу жолуна түшүрүп жатат. "Инкарчылар" пайгамбардын тушундагыдай жашайбыз деп алышып, элди бузуп жатат. Жаштарды азгырып, туура эмес жолго тартып жатат. Бүгүнкү кармалгандардын арасында деле жаш бала бар экенин айтып жатышпайбы.

Кыргызстандагы “инкарчылардын” жалпы саны белгисиз. Алар эң көп жайылган аймак катары Ысык-Көл облусу аталып жүрөт. Буга чейин ушул облустан да бул кыймылдын бир нече мүчөлөрү кармалган болчу. Алар балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу керек, телефон, телевизорлорду колдонбоо керек деген сыяктуу билдирүүлөрдү таратып келишкен.

Ысык-Көлдөгү "йакын инкарчылар". 1-февраль, 2016-жыл
Пайгамбарды туураган “йакын-инкарчылар”
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG