Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Орусия "Таблиги жамаатты" тамырлатпайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн аптада Орусиянын Москва шаарында "Таблиги жамаат" диний уюмунун жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыкты.

Орусия экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген бул жамаатка Кыргызстанда тыюу салынган эмес. Ошондон улам Орусиядагы мечит кызматкерлери маалыматтын жоктугу Кыргызстандан келген эмгек мигранттарын жабыркатып жатат дешүүдө.

23-декабрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги бирге өткөргөн операция учурунда "Таблиги жамаат" уюмуна мүчө болгон алты кыргызстандык камакка алынган. Күч органдары аларга ар кандай экстремисттик адабияттарды үйүнө сактаган, Орусияда халифат курууну көздөгөн деген өңдүү дооматтарды коюуда.

Кармалгандардын кийинки абалы тууралуу Орусиянын тиешелүү органдары да, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү да азырынча маалымат бере элек.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москвадагы расмий өкүлү Бакыт Тополоңов ар бир чет өлкөлүк жаран, анын ичинде кыргызстандыктар да ошол турган өлкөнүн мыйзамына баш ийиши керектигин, бирок мекендештер аны эске албагандын айынан ушундай жагдайга кириптер болуп жатканын айтты:

- Кыргызстанда уюмга тыюу салынган эмес деп эле бул жерде иш-аракеттерди жүргүзө албайбыз. Биз жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарына баш ийебиз. Бул жакта кандай саясат жүргүзүлсө ошого баш ийебиз жана мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаганга аракет кылабыз. Муну Кыргызстандан тыйыш керек. “Урматтуу бир туугандар, Орусияга баргандан кийин иштегиле. Башка иш-аракеттерди токтоткула” деп. Түшүндүрүү иштери мамлекет деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Биздин бул жактагы лекцияларыбыз жетишсиз болуп жатат.

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"

Акыркы кезде Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйгөнү байкалган. Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери бул жамааттын 117 мүчөсүн кармап, эскертүү берген.

Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов болсо маселенин чыгышын Кыргызстанга салыштырмалуу башка өлкөлөрдө дин тутуу эркиндигинин чектелгендиги менен байланыштырды.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик дин комиссиясынын башчысынын орун басары Закир Сатаев буларды белгиледи:

- Мигранттар менен иштөө биздин жоопкерчилигибиздин тышында турат. Биз түшүндүрүү иштерин өлкө ичинде гана жүргүзөбүз. Ошондой эле негизги басымды өлкөдөгү дин тутуу эркиндигине бардык шарттар түзүлгөнүнө жасайбыз. Ал эми башка өлкөлөрдө "Таблиги жамаат" уюмуна тыюу салынгандыгын биз жөн гана мисал катары колдонобуз.

Ишмердиги дааватчылыкка байланыштуу деп саналган "Таблиги жамаат" уюмун Орусия, Тажикстан экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизген. Казакстан деструктивдүү уюм катары тааныган.

Кыргызстанда дааватчыларга тыюу салынган эмес. Муну кыргыз бийликтери коопсуздукка коркунуч келтирбейт, дааватчылар динге үгүттөөдөн башка ишке барбайт деп негиздеп келатат.

Молдалиев: Даават мечитте гана жүрүшү керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:23 0:00
Түз линк

Кыргызстанда "Таблиги жамаат" уюму расмий түрдө каттоодон өткөн эмес. Бирок, дааватчылыкты жактагандар арбын.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму түзгөн аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирген уюмдардын бирдиктүү тизмесине Кыргызстан бул уюмду киргизген жок, бирок айрым экстремисттик элементи бар агымдарга карата сунуштарды берген.

Дин иштери боюнча комиссия алардын катарына "Йакын инкардын" тобун кошкон. Фундаменталдуу идеяларды карманган “Йакын инкар” сыяктуу агымдар мамлекеттин светтик курулушуна доо келтирет деген көз караштар басымдуу. Алардын ичинде эмдөөгө ачык каршы чыккан же балдарын мектепке жибербей жаткан топтор тууралуу маалыматтар буга чейин да ачыкталган. Ошол эле учурда динге үгүттөйм деп барып, чет жерде сабатсыздыктын курмандыгы болуп жаткандар да жок эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG