Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Москвада кармалган “таблиги жамаатчылардын” алтоо кыргызстандык


Орусияда экстремисттик саналган “Таблиги жамаат” уюмуна мүчө деп Москвада жети киши кармалды. Анын алтоо кыргызстандыктар. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Алар бейшембиде ФСБ менен Ички иштер министрлиги бирге өткөргөн операцияда колго түштү. Күч органдарынын кабарларына караганда, шектүүлөр Орусияда тыюу салынган диний адабияттарды сактап, халифат орнотуу аракетин көрүшкөн. Айрым мүчөлөрүн Пакистан менен Ооганстанга даярдыктан өтүүгө жөнөтүшкөн.

Бир катар өлкөлөрдө экстремисттик деп табылган “Таблиги жамаат” уюму Кыргызстанда эркин ишмердик жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG