Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Орусиялык аскерлер Сумы облусуна кирип, 50дөй украин жаранын алып кеткени кабарланды


Сумыдагы Орусия менен чектеш айылдардын бири
Сумыдагы Орусия менен чектеш айылдардын бири

Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусундагы чек арага жакын жайгашкан Грабовское кыштагына кирип барды.

Украинанын Куралдуу күчтөрү украин армиясы бир нече позициядан чегингенин ырастады.

Чек арага жакын жайгашкан Грабовское кыштагынын 50дөй тургуну Орусияга чыгарылып кеткенин "Суспiльне" басылмасына аталган айылдын башчысы Лариса Кремезна билдирди. Кыштак Белгород облусунан 200 метр аралыкта жайгашкан.

Медианын маалыматына караганда, 20-декабрга караган түнү орусиялык аскерлер кыштакка киргенде, тургундарды "тазалоо иш-чаралары" үчүн деген жүйө менен Орусиянын аймагына чыгарып кетишкен. Кыштактын тургундары буга чейин эвакуациядан баш тартып келген. Негизинен ал жерде кары-картаңдар калганы кабарланды.

Жекшембиде бул маалыматты Украинанын Жогорку Радасынын адам укугу боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец тастыктап, орус армиясынын аракетин эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу деп атады.

Лубинец Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковага кайрылуу жолдоп, чыгарылып кеткен украин жарандары тууралуу маалымат талап кылганын, "Кызыл Чырым" уюмуна да кат жибергенин айтты.

Орусия тарап комментарий бере элек.

Украин бийлиги Сумы облусунун чек арадагы аймактарынан жарандарын эвакуациялоону улантып жатканын дубандын аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди. Буга чейин орус армиясы Сумы облусуна быйыл майда кирүүгө аракеттенип, украин күчтөрү анын мизин кайтарган.


Шерине

XS
SM
MD
LG