Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:44

Талаштуу баннерлер бүт өлкөгө илинет


Бишкек
Бишкек

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 14-июлдун түнүндө белгисиз адамдар Юнусалиев жана Анкара көчөсүнүн кесилишинде илинген жарнаманы айрып кетишкен. Азыр алар издөөгө алынды.

Баннерлер башкалаанын көчөлөрүндө 12-июлда кечке жуук пайда болуп, ошондон бери коомчулукта кызуу талаш жаратууда. Анда улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү коюлуп, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп суроо салынган.

Айрымдар бул баннерлер коомчулукту экиге бөлүүчү чагымчыл мүнөздө деп баалашса, кээ бирөөлөр коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлери менен бөлүшүп жатышат.

Ал арада президент Алмазбек Атамбаев талаштуу баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү тапшырды. Ал президенттик аппараттын жетекчисине бул үчүн каржылык жардам көрсөтүү керектигин табыштаган. Атамбаев Кыргызстан эли миңдеген жылдардан бери өз салт-санаасын сактап келатканын, азыр динди жамынуу менен башка элдин маданиятын таңуулоо аракети көрүлүп жатканын белгиледи.

Кечээ президент Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйында коомдо кызуу талкуу жараткан жарнактар Бишкекте гана эмес, республиканын бардык аймактарында илинишин каалай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG