Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Дин тармагы боюнча эксперттер, теологдор Кыргызстанда ар түрдүү ислам акыйдаларынын (ишенимдердин), идеологияларынын күрөшү жүрүүдө деген пикирлерди айтууда.

Мамлекет жана Муфтият болсо, Кыргызстанда матуридий акыйдасын, ишенимин колдойбуз деп жар салган жайы бар.

Аалымдардын айтымында, Ислам дининде төрт мазхаб - жол, тагыраак айтканда мектеп, багыт бар. Алар: ханафи, шаафи, ханбали жана малики. Дүйнө жүзүндө 69 пайыз мусулмандар ханафи мазхабы менен жашайт. Анын ичинде Борбор Азия элдери да илгертен ханафи мазхабын карманат. Ал эми матуридий акыйдасы​ ханафи мазхабынын ишеним жактан системалашкан жыйындысы, идеологиялык негизи катары каралат. ​

"Азаттык" матуридий ишениминин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинин мугалими, теология илимдеринин доктору Майрамбек Жусуповду кепке тартты.

"Азаттык": Майрамбек мырза, алгач акыйда деген эмне? Муну ишеним деп которсок болобу? Дегеле "акыйда" деген сөздүн лексикалык мааниси, терминдик мааниси эмнени түшүндүрөт?

Майрамбек Жусупов: "Акыйда" деген сөздү ишенүү, ишеним деп которсок болот. Мусулман дининин ажырагыс бөлүгү жана биринчи негизи болуп саналат.

Акыйда деген сөз бул араб тилиндеги “а-к-д” деген сөздөн келип чыккан. Сөздүк мааниси чың көңүлдөн тастыктап ишенүү, чын жүрөктөн кабылдоо дегенди билдирет. Терминологиялык мааниси – Аллахтан пайгамбарларга келген нерселерди тастыктоо жана аларга ишенүү дегенди түшүндүрөт. Акыйда ыйман менен бирдей мааниде колдонулуп келет.

"Азаттык": Бардык мусулмандар бир эле нерсеге - Алла Таалага, анын пайгамбарына, аркы дүйнөнүн бар экендигине ишенишет эмеспи. Анда эмнеге акыйда боюнча ар түрдүү көз караштар чыгууда, тарыхта акыйдага негизделген талаш-тартыштар орун алганбы, болсо алардын себеби эмнеде?

Майрамбек Жусупов: Ишеним боюнча мазхабдардын (жолдордун же ишеним мектептеринин) пайда болушунун негизги себеби - мусулмандар ортосундагы пикир келишпестиктер. Мисалы, пайгамбарыбыз бул дүйнө менен кош айтышкандан кийин анын ордун ким басаары, саясий жактан анын ордуна келе турган халифти шайлоо мусулмандар ортосунда алгачкы олуттуу пикир келишпестиктерге себеп болгон. Анын артынан эле үчүнчү халиф азирети Осмондун өлтүрүлүшү да чыр-чатакты күчөткөн. Ушуга окшогон бир канча себепти айтсак болот.

"Азаттык": Куранда айтылган нерселерди жана хадистерде айтылгандарды чечмелөө маселесинин айынан мусулмандардын арасында ар түрдүү көз караштар жана ишеним мектептери калыптанган экен да.

Майрамбек Жусупов: Ооба, ар түрдүү ишеним агымдары пайда болгон. Мисалы, Ашария агымына (ишенимине) караштуу Низамия мектептерин айтсак болот. Бул мектептерде Ашари агымынын идеологиясын үйрөтүлүп келген. Бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн булуң-бурчуна жиберилип, Ашари ишениминин көз-караштары жайылтыган. Ал эми матуриди акыйдасынын баштоочусу Имам Матуридий Самаркандагы ханафи мазхабындагылар (Ханафи мазхабы Имам Абу Ханифа тарабынан негизделген, Ислам дининдеги негизги төрт мазхабдын - жолдун бири) тарабынан түптөлгөн “Дарул Жузжания” атындагы ишеним мектебинде таалим-тарбия алган.

"Азаттык": Экөөнүн ортосундагы айырмачылык эмнеде?

Майрамбек Жусупов: Ашария агымынын "Низамия" мектептеринде дин, укук жана дил сабактары окутулганы менен философияга байланыштуу сабактар алынып салынган. Матуридинин “Дарул Жузжания” мектебинде болсо, башка багыттагы сабактар менен бирге философия сабактары да окутулуп келген.

"Азаттык": Кээ бир аалымдар Куранда жазылгандарды сөзмө-сөз кабыл алуу, акылды, ой-жүгүртүүнү колдонбостон сөзмө-сөз айтылган нерсеге моюн сунууну жактаса, ал эми айрымдары муну акылга таянып чечмелөө керек деген көз карашты карманат. Мазхабдардын арасындагы айырмачылыктар ушундайча келип чыккан деп айтсак болобу?

Майрамбек Жусупов: Албетте, мазхабдардын (жолдордун же мектептердин) чыгышында түрдүү көз-караштарды айтсак болот. Төрт халиф доорунан кийин исламдын чек аралары кеңейип, ар кыл маселелер анын ичинде ишенимге байланыштуу маселелер да чыга баштаган. Мисалы, араб эместердин ислам динин кабылдоосу, башка динди кармангандардын ислам динине кириши ж.б.у.с. түрдүү себептерди айтсак болот. Ал эми ошол мезгилге чейин калыптанган илимий мектеп жана мекемелер жаңы шарттардын талабына жооп бере албай калган. Жооп берем дегендер кээде диний эмес философиялык методдорго өтүп кетишкен. Мындай агымдарга мисал катары мутазила агымын айтсак болот. Ошондуктан матуридий мектеби ушуга окшогон философиялык агымдарга же болбосо акылды чанган фундаменталисттик кыймылдарга жооп катары пайда болгон. Имам Матуруди , өкүм чыгарууда биринчи Куранга, сүннөткө (хадистерге, пайгамбардан калган мураска), жана мурдагы аалымдардын чечимдерине таянган. Эгер анда жок болсо акырында ой-жүгүртүү аркылуу өкүм чыгарган.

Имам Матуриди азыркы Өзбекстандын Самарканд облусуна караштуу Матурид деген айылда туулуп өскөн. Имам Матуриди түрдүү агымдар, түрдүү идеологиялар байыр алган доордо жашаган. Жогоруда белгилеп кеткендей, Абу Ханифа тарабынан түптөлгөн “Дарул Жузжания” мектебинде окуган. Күнүбүздө айрымдар Абу Ханифа менен Матуридини эки башка көз караштагы аалым катары сыпатташат. А чындыгында андай эмес, Матуриди Абу Ханифанын ишенимге байланыштуу көз караштарын системалаштырган, тартипке салган аалым болуп саналат. Азыр биз тутунуп жаткан акыйда (ишеним) (Абу Ханифанын акыйдасынын дал өзү.

"Азаттык": Орто Азияда, түрк элдеринде матуриди ишениминен башка ишенимдер да жайылганбы же башка акыйда системалары, ишеним мектептери таасир тийгизген эмеспи?

Бишкекте салынып жаткан жаңы борбордук мечиттин үстүнөн көрүнүшү.
Бишкекте салынып жаткан жаңы борбордук мечиттин үстүнөн көрүнүшү.

Майрамбек Жусупов: Түрк элдери байыр алган аймактарда көптөгөн ишеним агымдары идеологияларын жайып келген. Аттарын атай кетсек, “муржия”, “мушаббиха”, “жабрия” сыяктуу толгон-токой ишеним агымдары бар. Тарыхта Аббасийлердин доорунда (аббасийлер бийликке 750-жылы умавийлердин бийлиги кулагандан кийин келген) мамлекеттин ишенимдеги мазхабы жалгыз гана “ашария” болгон. Идеологиялык агымдар Аббасийлердин борбору эсептелген Багдад шаарында жана анын айланасында өз идеологияларын жайылта албай Мавреннахрга, тагыраак айтканда, Борбор Азияга кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондуктан хижрий жыл санагынын үчүнчү кылымында Орто Азияда идеологиялык агымдардын күрөшү күчөгөн. Матуридийлик ушундай талаш-тартыштарга жооп катары пайда болгон.

"Азаттык": Матуриди агымы эмне үчүн башка ишеним агымдарына салыштырмалуу араб дүйнөсүнө көп жайыла алган эмес?

Майрамбек Жусупов: Мунун бир канча себебин айтсак болот. Матуриди түрк тектүү болгондугуна байланыштуу айрым араб улутчул аалымдар Матуридий туурасында өз эмгектеринде жазган эмес. Ашарилер "Низамия" мектептери аркылуу дүйнөгө таанылса, Матуриди андай мүмкүнчүлүккө ээ боло албаган. Матуриди акылга, ой-жүгүртүүгө да маани бергендиктен Ханафий мазхабындагы айрым аалымдардын сындарына кабылган. Ханафий мазхабындагы айрым аалымдар Имам Матуридий Абу Ханифаны илимий жактан ашып өтүп кетет деген таризде өздөрүнүн китептеринде ал жөнүндө жазган эмес.

"Азаттык": Матуридийлик ой-жүгүртүүгө, акылды колдонууга маани берет деген сөз, белгилүү бир маселени чечүү муктаждыгы пайда болсо, ошол нерсенин жообун алгач Куран жана сүннөттөн карайт. Ал жерден таппай калса, акылга таянып, логикага таянып ошол нерсеге жооп изделет дегенди билдиреби?​

Матуриди түрк тектүү болгондугуна байланыштуу айрым араб улутчул аалымдар ал туурасында өз эмгектеринде жазган эмес. Ашарилер "Низамия" мектептери аркылуу дүйнөгө таанылса, Матуриди андай мүмкүнчүлүккө ээ боло албаган.

Майрамбек Жусупов: Туура, бирок акылга таянып кабыл алынган чечим Куран жана сүннөттүн негизги принциптерине карама-каршы келбеши керек. Акыркы учурда өлкөбүздө Куранды түздөн-түз кабыл алган, ой-жүгүртүүнү жээриген айрым идеологиялар күч алууда. Ал эми Матуридийликтин өзгөчөлүгү кандайдыр бир маселени алгач Куран менен, андан кийин хадистер менен чечмелөө максат кылынат. Эгер Куран жана хадистерде даана жазылган бир жобо болбосо, анда сахабалардын жана кийинки аалымдардын сөздөрү каралат. Эгер дагы эле жооп таппай жатсак анда чечмелөө, Курандын жана хадистердин принциптерине салыштыруу, ой жүгүрүү аркылуу маселени чечүүгө аракет жасалат.

"Азаттык": Күнүмдүк жашоодо кээ бирөөлөр Куранда мындай нерсе жок, жашоодо да жок, бул нерсени жасоо күнөө деп айтышууда. Ушул нерсе түркөйлүккө алып барган жокпу?

Майрамбек Жусупов: Мындай көз карашты кармануу эски түшүнүккө алып барат. Замандагы шарттардын өзгөрүшүнөн улам жаңы маселелер чыгат. Биз маселелерге диндин негизинде жооп берүүгө аракет кылышыбыз керек. Ал эми баарын четтетип койуу бул туура эмес. Мындай көз караш Курандын универсалдуулугуна каршы келет.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG