Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Диний концепция: багыты ханафи, тамыры матруди


Борбор Азия жана Түркияда тараган матруди окуусу “акыл-эске таянууну” жактоосу менен өзгөчөлөнөт.
Борбор Азия жана Түркияда тараган матруди окуусу “акыл-эске таянууну” жактоосу менен өзгөчөлөнөт.

3-ноябрда Коргоо кеңешинин жыйынында диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясы жактырылды.

2006-жылдагы концепциянын ордуна келген жаңы концепциянын өзгөчөлүктөрү жана басым жасаган багыттары эмнеде?

​Жаңы концепция 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктаган. Анда Кыргызстан укуктук мамлекет экени жана дин менен мамлекеттик органдар бири-биринен ажыратылганы белгиленип, бирок мамлекет диний иштерди өз алдынча таштап коё албасы бекем эскертилген.

Маселен, концепцияда Кыргызстан светтик мамлекет экени, диний чөйрөдө, өзгөчө коопсуздукту камсыздоодо мамлекеттин ролу бекемделери, динди саясатка аралаштырбоо жана диний билим берүүнү колдоо жактары белгиленген.

Жаңы концепция мурункудан айырмаланып, Кыргызстандагы мусулмандар исламдын сунний агымындагы ханафий мазхабын жана матруди ишенимин карманары, мамлекет бул мазхабдын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөрү жазылган.

Борбор Азия жана Түркияда тараган матруди окуусу “акыл-эске таянууну” жактоосу менен өзгөчөлөнөт.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси Кадыр Маликов матруди түшүнүгүнүн концепцияга киргизилүүсүн мындайча негиздеди:

- Мисалы, талиптер, “Өзбекстан ислам кыймылы” же уйгурлардын жикчил уюмдары, ушулардын баары ханафи мазхабындагылар. Сирияда согушуп жаткандар арасында да ханафи жамааттар бар. Ошондуктан маселе мазхабда эмес, идеологияда. Ошол себептен биз концепцияга ханафий мазхабынан сырткары матруди идеологиясын киргиздик. Бул бизде, Борбор Азияда жана Түркияда бар матруди мектеби. Бул эң башкысы.

Кадыр Маликовдун айтымында, бул мектеп ата-бабалардын салт-санаасын, үрп-адаттарын четке какпай, алар менен кылымдар бою эриш-аркак жүрүп келатат. Ошондой эле мамлекетке, бийлик түзүлүшүнө жана башка диндегилерге либералдуу көз карашта.

Бирок да акыркы жылдары Кыргызстанда Пакистан, Түркия, Иран жана араб өлкөлөрүнүн каражаттары менен мечиттер, диний уюмдар түзүлүп, объекттер курулуп, аларда диний жөрөлгөлөрдүн, жүрүм-турумдардын өзгөчөлүгү пайда боло баштаган. Бул өз кезегинде мусулмандар ичинде биримдикти азайтып, алардын арасында талаш-тартыштарды, карама-каршылыктарды күчөтүүдө.

Көз кырынан чыккан мечиттер

Концепцияда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда 1990-жылы 39 мечит болсо, азыркы күндөрү алардын саны 2362 жеткен жана 81 диний окуу жай бар. Алардын ичинен 10у жогорку окуу жайы. Бирок жогорку окуу жайлардын бири дагы мамлекеттик сертификатка ээ болгон эмес. Ошондуктан мамлекет диний агымдардын ортосундагы араздашууларды, түшүнбөстүктөрдү, чатактарды четтетүү үчүн диний сабатты, илимди өнүктүрүү жагына өзгөчө көңүл бурууну жактаган.

"Мамлекет ханафий мазхабын колдоп эле калбай, аны модернизациялоого көңүл буруу керек", - дейт Кадыр Маликов:

- Биз ханафи мектепти жөн эле тандап калган жокпуз. Биз аны модернизациялашыбыз керек. Анткени биздин азыркы молдолор башка агымдарга туруштук бере албай жатышат. Бул эми билимдин начардыгы, кадр саясатынын аксашына жана интеллектуалдуулуктун жоктугуна байланыштуу. Ошондуктан мамлекет ханафизмди өнүктүрүүгө жардам берет. Анын интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө, билим берүү жагын терең реформалоого көмөктөшөт.

Мечиттер жана диний окуу жайлар кайсы бир деңгээлде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана муфтияттын көзөмөлүндө турат. Алардын статусу жана иштөө жол-жоболору аныкталган. Бирок укуктук статусу аныктала элек намазканаларда эмне болуп жатканы мамлекеттин көз кырынан чыгып калганы белгиленген. Демек жакын арада алардын статусу, иштөөсүнүн жол-жобосун аныктаган документтер кабыл алынышы күтүлөт.

Булардан сырткары концепцияда прозелитизм, же башка динге үгүттөп өткөрүү зыяндуу катары бааланган. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын айылдарында жаңжал жаратып келатканы маалым. Өзгөчө башка динге өткөн адам дүйнөдөн кайтканда, анын сөөгүн мусулмандар мүрзөсүнө коюуда жаңжалдар чыгып жүрөт.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты аныктаган концепцияны үч этап менен ишке ашыруу каралган. Анын биринчи этабында мыйзамдар, жол-жоболор, мамлекеттик органдардын функциялары талданууга тийиш. Экинчи этабында концепция ишке ашырылат. 2020-жылы болсо үчүнчү этабында концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары талданат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG