Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Жихаддын мааниси башкада


"Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү Сириянын Кобани шаарында. 7-октябрь, 2014-жыл
"Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү Сириянын Кобани шаарында. 7-октябрь, 2014-жыл

Тарых “ыйык согуш” же болбосо “дин үчүн согушуу” деген нерсеге көп эле күбө болду.

“Кудайдын өкүмүн орнотуу”, “Кудайдын аты менен башкаруу”, “Кудайдын максатын ишке ашыруу”, “Чыныгы динди жайылтуу” үчүн көп кан төгүлдү, азыр да төгүлүүдө. Тарыхта катталган эң байыркы “Ыйык согуш” б.з.ч. 5-кылымда Грекияда болгондугу маалым.

Кийинчерээк 11-13-кылымдардагы кресттүүлөрдүн жортуулдары, 16-17-кылымдардагы католиктер менен протестанттардын согушу “ыйык согуш” катары ишке ашканы маалым. Ал эми ислам тарыхы да “ыйык согуштардан” куру эмес. Ислам дининде жихад түшүнүгү Мухаммед пайгамбар мезгилинен бери чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп, акыркы учурда “Ыйык согуш” деген мааниде колдонула баштады.

Исламда согуш эч бир убакта “ыйык” деп эсептелген эмес жана Куранда согушуу “мусулмандарга жакпаган нерсе” катары сүрөттөлгөн (Куран 2:16).

Куранга ылайык карай турган болсок, жихад жалгыз эле согуш маанисине ээ эмес. Куранда “согуш” деген сөз “китал”, “харб”, “мухараба”, ошондой эле “жихад” деген сөздөр менен айтылат. Эгер жихад азыркы убакта согушчандар айткандай жалгыз гана согуш жана өлтүрүү маанисине ээ болгондо, Куранда жана сүннөттө жогорудагы башка терминдер колдонулмак эмес. Башкача айтканда, жихад “мухараба” (согуш), “харб” (согуш) жана “катлдан” (өлтүрүү) көп жагынан айырмаланат.

Тарыхтагы диний-улуттук “ыйык согуштар”

19-кылымдан тарта мамлекеттерин жана байлыктарын тарттырып жиберген мусулмандардын колониализмге каршы күрөшү “жихад” катары ишке ашырылган. Улутчулдук менен синтезделген “жихад” түшүнүгү Африка жана Азияда көптөгөн саясий-аскерий түзүмдөрдү, жихадчыл уюмдарды пайда кылган. Тарых жолунда өздөрүн “халиф”, “эмир”, “имам” катары таанытып, жихадчыл согушкерлерди өлүмгө, “шейит” болууга түрткөн көптөгөн “лидерлер” да болуп өткөн. Большевиктерге каршы Кавказ өлкөлөрүндө жана Орто Азияда да (басмачылар тарабынан) жүргүзүлгөн куралдуу көтөрүлүштөрдө да жихад чакырыктары кеңири колдонулган.

Ушул күндө да дүйнө жүзүндө исламды жана мусулмандарды “куткаруунун” негизги жолу катары “жихад” түшүнүгү жайылууда. Өзгөчө жаштар арасында жихад деген ат менен согуш идеологиясы популярдуу болууда. Бул жараянды түшүнүү үчүн эки негизги нерсеге маани беришибиз керек: биринчиси - жихадга байланышкан Куран жана сүннөттөгү эрежелер, ал эми экинчиси болсо, мусулмандардын жашоосундагы тарыхый жактан калыптанган пикир, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү жана тажрыйбалар. Башкача айтканда, Куран жана сүннөттөгү жихад түшүнүгү менен мусулмандардын турмушундагы жихад түшүнүгүн (“жихад” деп жасаган иштерин) бөлүп кароо зарыл.

Арабча “жахд” (аракет кылуу, болгон күчтү колдонуу, сыноо, кыйынчылыктарга чыдоо) деген сөздүн негизинде куралган “жихад” сөзү Куран жана хадистерде Кудай жолунда жасалган аракеттерге карата колдонулган. Ислам аалымдары жихадды ички жана сырткы жихад деп экиге бөлүшкөн. Ички жихадда адам өзүнүн ички дүйнөсүн тарбиялаганга, өзүн туура мусулман кылып тарбиялоого аракет кылат. Ой-пикирин жөнгө салууга, каалоо, ышкысын жана напсисин тыюуга, ички кыжаалатчылыгынан кутулууга, илим алып өзүн өркүндөтүүгө аракет кылат. Мужахид (жихад менен алек болгон киши) үчүн өзүнүн ички дүйнөсүн иретке келтирүү эң оор жана машакаттуу иш болуп эсептелинет. Пайгамбардын “Чыныгы мужахид бул өзүнүн напсиси менен күрөшкөн киши” (Тирмизи, Ал-Жамиус-Сахих, “Китабу Фадаилул Жихад”, 2) деген сөзү исламда ички жихадга канчалык маани берилгенин көрсөтүп турат.

Ал эми сырткы жихад болсо, кишинин өзү жашаган чөйрөсүн исламга ылайыкташтыруу аракети болуп эсептелинет. Мусулман өзүнүн убактысы, мал-мүлкү, байлыгы жана жаны менен бул жашоонун жакшылыгы үчүн кызмат кылуусу да жихад. Сырткы жихад катары Курандын негиздерин коомчулукка жеткирүүнү (Куран 25:52), өзүнүн, туугандарынын, жалпы мусулмандардын жыргалчылыгы үчүн мал-мүлкүн сарптоону (Куран 8:72) жана Алланын ыраазычылыгы үчүн согушууну (Куран 9:41) айтсак болот. Сырткы жихад албетте, мусулмандарды коргоого багытталган согуш түшүнүгүн да өзүнө камтыйт. Бирок согушуу, сырткы жихаддын бир гана түрү жана согуш аркылуу жихад кылуунун жол-жобосу ислам укугунда (фикх) өз алдынча каралган. Ислам укугуна ылайык, душмандардын мусулмандардын өлкөсүнө кол салуусу согушууга негиз болуп эсептелинет (Сарахси, Аль-Мабсут, 10/5). Бирок Куранда “Силерге согуш жарыялагандарга каршы силер да Алланын жолунда согушкула, бирок чекти ашпагыла” (Куран 2:190) деп айтылганы да чоң мааниге ээ.

Жихадды ким жарыялайт жана баштайт?

Ханафи-мазхабынын укуктук нормаларына ылайык, эч бир мусулман, диний лидер же болбосо кандайдыр бир топ (уюм) согуш маанисиндеги жихадды өз алдынча жарыялоо укугуна ээ эмес. Согуш жарыялоо жоопкерчилиги мамлекетке жана бийлик жетекчилерине жүктөлгөн. Башкача айтканда, өлкөнү сырткы коркунучтардан коргоо (жихад жарыялоо) мамлекеттин төрт негизги функциясынын (1. Башкаруу; 2. Жалпы кызмат көрсөтүү үчүн салык топтоо; 3. Ички коопсуздукту жана соттук иш-чараларды жүргүзүү; 4. Коргонуу) бирөө болуп эсептелинет. Ушул себептен согуш жарыялоо жоопкерчилиги мамлекет жетекчилигине жүктөлгөн, ал согуш болсо аскерлер тарабынан ишке ашырылган жана чек араны кайтарып, мамлекетти коргоп жатып курман болгондор шейит деп аталган.

Азыркы мезгилде тескерисинче, кээ бир мусулмандар жана диний уюмдар мамлекеттин укук-милдеттерин жана жоопкерчилигин талашып, өзүнүн атынан жихад жарыялоого аракет кылууда. Зордук-зомбулук менен алек болуп жатып, өлгөн кишилерди “шейит” деп атагандар “жихад”, “шейит” түшүнүктөрүн бурмалап колдонууда. Бул көрүнүштөр мусулмандарды түрдүү күмөн иштерге түртүүдө жана ар түрдүү күчтөрдүн максатына кызмат кылууга ылайыкташтырууда.

Жихадды ар ким өзү билгендей чечмелегендиктен мурдатан баскынчыларга, кол салып келген душманга каршы жүргүзүлгөн жихад акыркы мезгилде мусулман мамлекеттерге да жарыяланууда. Өлкө жетекчилерин “каапырлардын малайы” катары сүрөттөп күнөөлөгөндөр жана өлкө жетекчилерине “жихад” (согуш) жарыялагандар пайда болууда.

Жогоруда айтылгандай, жихад жалгыз эле согуш маанисине ээ эмес. Куранда “жихад” сөзү 34 жолу айтылып, алардын ичинен төрт гана жолу (Куран 9:41, 73; 25:52; 66:9) согуш маанисинде колдонулган. Ал эми башка жерлерде руханий, адеп-ахлактык, илимий аракет кылуу, коомдук жашоону жакшыртуу (жөнгө салуу) жихад деп сүрөттөлүүдө. Пайгамбардын жихадга (согушка) баргысы келген бир адамдан: “Ата-энең тирүүбү”- деп сурап, “ооба” деген жоопту алгандан кийин ал кишиге: “Сен ошолор үчүн жихад (аларга кызмат) кыл”- деп айтканы (Бухари, Ал Жамиус-Сахих, “Китабул Жихат”, 138; Муслим, Ал Жамиус-Сахих, “Китабул Бирр”, 5) күнүмдүк жашоодо да жихад менен алек болуу керек экендигин көрсөтүп турат.

Чоң жана кичине жихад

Эгер жихадды мусулмандын жаны, малы, үй-бүлөсү, дини жана ар-намысын коргоо үчүн жүргүзгөн согуш катары карай турган болсок, пайгамбарыбыз тушунда согуштар негизинен коргонуу максатында болгондугун көрөбүз. Бадр, Ухуд, Хандак согуштары мусулмандардын Мадинадагы тынч жашоосун сактоого багытталганын ислам тарыхын окугандар жакшы билишет. Ал эми ислам укугунда (Куран жана сүннөттүн негизинде) согушуунун да өз эреже жана нормалары иштелип чыккандыгы маалым. (Ал жөнүндө кийинчерек өзүнчө дагы сөз кылабыз).

Жыйынтыктап айтканда, исламдагы жихад түшүнүгү менен мусулмандардын “жихад” түшүнүгүн бөлүп кароо зарыл. Пайгамбардын мусулмандардын өз напсисин жеңүүгө багытталган күрөшүн “чоң жихад” (“жихад ал-кабир”), ал эми сырткы дүйнөдө жасаган жихадын “кичине жихад” (“жихад ас-сагир”) деп айтуусунун өзү, жихадды жалгыз гана согуш деп кабыл албоо керектигин көрсөтүп турат. Андыктан “жихад” делип кылынган ар бир согушту жана зордук-зомбулукту исламга шылтоо - ислам динине карата адилетсиздик катары эсептелинет.

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG