“Азаттык”: Жүзгө чукул кыргыз жараны Сириядагы согушка катышып жатканы айтылып келатат. Сиздер Түркияга барган учурда бул маалыматты тактай алдыңыздарбы?
Турсунбек Акун: Түркияга барганда толук тактадык деп айтыш кыйын. Бирок Түркияда Сирияга барып келген балдар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алдык. Согушка барып келгендерден сураганыбызда, кыргыздар, өзбектер көп барып жатканын айтышты. Бирок алардын саны айтылган жок.
“Азаттык”: Ал жигиттер Кыргызстандан кандай жолдор менен барып, кандай максат менен согушка катышкан?
Турсунбек Акун: Алар түрдүү максаттар менен барышкан. Алардын арасында идеологиялык максатты көздөп, жихадга катышып, бейишке чыгышыбыз керек, ислам дини үчүн күрөшөбүз деген идея менен баргандар дагы бар. Андан сырткары көр турмуш, акчага алданып баргандар бар. Алар менен сүйлөшүүдө бул белгилүү болуп калды. Анан түрдүү жолдор менен барып жатышат. Азыр негизги база Түркия болуп турат. Бул жерде атайын адамдар бар экен үгүттөп, кылтакка илип алчу. Мына ошол адамдардын очокторун билип, аларга байкоо жүргүздүк. Алар кандай жолдор менен жөнөтүп жатканын да изилдеп келдик.
“Азаттык”: Демек, жихад жарыялайбыз, бейишке чыгабыз дегендерди Кыргызстанда даярдаган топтор бар экен да...
Турсунбек Акун: Сиз туура айтып жатасыз. Тилекке каршы, алар Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда да бар. Бул аймакты алар Борбордук Азия жамааты деп коюшат экен. Бул жактарда, бизде да таксырлар, молдокелер бар. Мына ошолор үгүттөп, Түркияга барасыңар, ал жерден акча аласыңар, андан ары жөнөйсүңөр. Анан келечекте жихад үчүн күрөшүп, бейишке чыгасыңар деп башын айлантып жиберишет экен. Тилекке каршы, ошондой адамдар аларды туура эмес жолго түртүп жатышат.
“Азаттык”: Ошол согушка катышкан жарандар менен сүйлөштүк дедиңиз. Алар өздөрү согушка катышуунун жыйынтыгын кандай баалап жатышат. Адаштык дейби же туура кылдык дейби?
Турсунбек Акун: Биз сүйлөшкөн жигиттер айтып жатышат, алар көбүнчө өзбек улутундагы адамдар. Кыргызстандан баргандар да бар экен, бирок Өзбекстандан баргандар көп. Алар айтып атышат: "Биз адегенде жихад үчүн, таза дин үчүн, ислам үчүн деп барганбыз, бирок баргандан кийин алардын тартибин көрүп, алардын бизге мамилесин көрүп, кыйнаганын көрүп, адамгерчиликсиз мамилесин көрүп, туура эмес жерге түшүп калган экенбиз, алданган экенбиз деп эптеп жатып, “тилибизди тишибизге катып” жатып качып чыктык. Аз жерден өлүп кала жаздадык, ал жердегилердин миңден бири гана качып чыктык", - деп айтышты. Ал жакка баргандар кайра келбейт экен. Ошондуктан учурдан пайдаланып кыргызстандыктарга кайрылып айтарым, балаңыздарды ушундай туура эмес жолго жөнөтпөңүздөр. Ал акыры чоң трагедия менен бүтөрүн эскертким келет.
“Азаттык”: Ага жол бербеш үчүн өкмөт тарабынан, коомчулук тарабынан кандай чаралар көрүлүш керек?
Турсунбек Акун: Эми бул абдан чоң маселе. Биздин бийлик органдары бул багытта абдан катуу иштеш керек. УКМК, ИИМге катуу тапшырмалар бериш керек. Андан сырткары биздин Муфтият деген бар, Мусулмандардын диний башкармалыгы бар. Булар дагы катуу иштеш керек. Анан бизде даават деген бар. Даават жакшы. Аны мен дагы колдоймун. Бирок ошол дааватка жамынып, багалеги узун шымдарды кийип, сакал койгондордун арасынан алып кетип жатат. Дааватка чыккандар арасынан алып кетип жатат. Бул багытта жакында талкуу уюштурабыз. Ага Муфтиятты, бийлик органдарын, эксперттерди чакырып, муну кантип тыябыз, бул оор маселени кантип чечсе болот деп коңгуроо кагалы деп жатабыз.