Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Сирияда өрттөлгөн тажик паспорту


Сириядагы тажик жиадчылар паспортторун өрттөө алдында.
Сириядагы тажик жиадчылар паспортторун өрттөө алдында.

Дүйшөмбүдө тажикстандык жихадчылардын кезектеги видеосу интернетке жарыяланды. Сириядагы согушта каза тапкан тажик жарандарынын баары Куляб районунан.

Сирияга согушканы кеткен тажик жарандарынын өз паспортторун жалпыга жарыялап өрттөгөн видеосу интернетке жарыяланды. Исламисттердин орус тилдүү сайтына чыккан үч мүнөттүк видео аркылуу тажик жарандары Сириянын президенти Башар Асаддын режимине каршы согушканы келгенин дүйнөгө жар салышты.

Тажик тилиндеги субтитрлерде кетирилген көп каталар тажик жихадчыларынын билим деңгээли канчалык экенин көрсөтөт. Кадр сыртында "капырлар" менен согушту туура көргөндөрдүн орусча-тажикче аралаш сүйлөшкөнү угулуп турат.

- Мына, жихадга согушканы жаңы инилер келди. Кудай кааласа, биз капырлардын паспортторун өрттөп жатабыз. Биздин ниетибиз ал капырлыкка кайтпоо, – дейт алардын арасында орусча дурус сүйлөгөн бирөө.

Видеодо андан соң жалпысынан беш тажик паспорттун өрттөлгөнү көрсөтүлөт. Кадр сыртында угулган кепке кулак салсак, паспорт өрттөө жөрөлгөсү тажик жигиттердин Сириядагы жихадда өлүмгө чейин салгылашуу ниетин айгинелейт.

Тажик жарандарынын күйүп жаткан паспорту.
Тажик жарандарынын күйүп жаткан паспорту.
Жалын чырмаган паспорттор күйүп жатканда "Аллах акбар" жана "Биз Тажикстандагы капырга жетебиз" деген чакырыктар даана угулуп турат. Паспорттор өрттөлүп бүткөн соң көптөн бери согушуп жүргөндөр жаңы келген тажиктерди "капырлардан боштондук алып эми Ирак жана Шам (Сирия) ислам өлкөсүнүн жарандары болушу менен" куттуктайт.

Интернетке 7-апрелде чыккан видеонун аныктыгын тактоо мүмкүн эмес жана ал кайсы күнү тартылганы да белгисиз. Ал паспорттор кимдерге таандык экени да беймаалым. Ал ортодо башка исламисттердин сайтына марттын аягында Сирияда Абу Ахмад Тожики атуу тажик жараны каза тапканы жарыяланган.

Куляб шаарынын тургундары "Азаттыктын" тажик кызматына видеодогу бирөөнү таанышканын кабарлашты. Ал эки жыл мурда Орусияга иш издеп кеткен жана акыркы айларда үй-бүлөсү менен байланышка чыкпаган 26 жаштагы Бахтиёр Шеров экен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүндө Араб өлкөлөрүндө мыйзамсыз окуп-иштеген кулябдыктардын тизмеси бар.

Куляб шаар бийлигинин Дин бөлүмүнүн төрагасы Жамшид Одиноев атайын тизмедеги 63 шаардыктын тизмесине кирген 54ү мекенине кайтарылганын айтты. Ал атайын тизмеде Шеровдун аты жоктугун тастыктайт.

Мен Бахтиёр Шеровдун үй-бүлөсү менен сүйлөштүм. Ал кандайча Сирияга барып калганын сурадым. Версиялар, албетте, көп. Балким, ал Орусиядан ары кетип калган. Аны Сирияга ким азгырганы белгисиз.

Сирия. Дамаск. 2-апрель, 2014-жыл.
Сирия. Дамаск. 2-апрель, 2014-жыл.
Шеров Сирияда жан бергени белгилүү болгон төртүнчү тажик жараны. Буга чейин Сирияда Кулябдын эки жана Восе районунун бир тургуну мерт кеткени кабарланган. Тажикстандын бийликтери Асаддын режимине каршы 200гө чейин тажик жараны согушуп жатканын божомолдойт.

Тажикстандан 4000 чакырым алыс Сирияда согушуп жаткан тажик жарандары расмий Дүйшөмбүнү катуу кыжалат кылды. Сирияга аттанып жаткан кулябдыктар Хатлон облусунун коопсуздук кызматын өзгөчө кабатырлантууда. Себеби Сирияда каза тапкан төрт тажикстандык Хатлон облусунун тургундары. Жада калса интернетке чыккан видеодо дагы тажик жихадчылар кулябдык диалект менен сүйлөшөт.

Тажикстандын Жогорку Соту 2013-жылы Сириянын жогорку окуу жайларында окуган беш тажик студентти "Асаддын режимине каршы согушкан" деген айып менен эки жыл эркинен ажыраткан. Кийинчерээк соттолгондордун бири Бахриддин Мухминов жергиликтүү телеканалдардын бирине атасы экөө оппозициялык "Исламчыл кайра жаралуу" партиясынын мүчөсү экенин айткан.

Сирияда тажик жарандарынын тышкары казак, өзбек жана кыргызстандыктар да Асаддын режимине каршы согушуп жатканы маалым.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG