Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Сирияга кеткен эки кыз Бишкекке кайтарылды


Сириядагы казакстандык жихадчылар. (Ютуб сайтынан алынган скриншот)
Сириядагы казакстандык жихадчылар. (Ютуб сайтынан алынган скриншот)

Улуттук коопсуздук кызматы Сирияга барган кыргызстандык эки жаш кыз Бишкекке алынып келгенин ачыкка чыгарды.

УКМКнын маалыматына таянсак, Кыргызстандан Сирияга аттангандардын саны 70тен ашты. Арасында үй-бүлөсү менен кеткендер да бар.


Кыздар алданганын айтууда


Жакында эле аталган өлкөдөн 17 жана 24 жаштагы эки кыз Кыргызстанга алынып келгени белгилүү болду.

Алардын бири, жоолук салынган 24 жаштагы Асел 5 маал намаз окуйт экен. Аны менен 17 жаштагы Шахинур деген кыз да Сирияга кошо барган. Алар Сирияда колуна курал кармап, согуштук даярдыктан өткөн.

Асел азыр Сирияга интернет аркылуу таанышкан жигиттин чакырыгы менен алданып барып калганын айтууда:

- Бейтааныш жигит интернеттен Сириядагы жихад тууралуу видеолорду, фотолорду жөнөтүп, ал жакта мусулман бир туугандар кордук көрүп жатат деп ишендирди. Видеолорду көрүп кадимкидей ишендим. Барып өз көзүм менен көрөйүн дедим. Ал мага билет алып берди. Ошентип Түркия аркылуу Сирияга өтүп кеттик. Алданганымды кеч билип калдым.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов кыздардын мекенине алынып келиниши боюнча “Азаттыкка” буларды айтты.

- Эки кыздын ата-энеси бизге жардам сурап кайрылган. Түркия полициясы менен кызматташып, аларды Кыргызстанга алып келдик. Кыздардын бири 17, экинчиси 24 жашта. Бири Сирияда сексуалдык кулчулукта жүргөнүн мойнуна алды. Экинчиси болсо иштеп жүрдүм дейт. Бирок эмне иш экени белгисиз, териштирип жатабыз.

Сулаймановдун ырасташынча, учурда Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 70тен ашты. Ал жакка барып, кайра кайткандар ондоп саналат. Сирияга агылгандардын басымдуу көпчүлүгу түштүк аймактардан. Маселен Кызыл-Кыядан эле 44 жаран кетип, көпчүлүгү кайтып келишкен. Көбү согушка деп жөнөгөндөр, арасында иш же жакшы жашоо издегендери да жок эмес.


Диний сабатсыздыктын кесепети


Муфтийдин орунбасары Равшан ажы Эратов болсо Сириядагы жарандык согушка өз жанынан кечип жөнөп жаткандардын көбү материалдык байлыкка азгырылган жаштар деген ойдо:

- Ал жакка кеткендердин көбү динге терең сугарылбаган, акчага кызыккан жаштар. Ал эми динди түшүнгөндөр, жихад эмне экенин билгендер андай жолдорго барбайт. Баары эле согушка кетип жаткан жок.да. Айрымдары жакшы жашоо издеп кетишти. Негизи муфтият Сирияда болуп жаткан окуялар жихад эмей эле саясый оюн экенин мечиттерде имамдар аркылуу элге жеткирип жатат.

Эратов Сирияга кеткен кыргызстандыктардын көп болуп жатышына диний караңгылык да башкы ролду ойноп жатканын айтып, муфтият жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Коопсуздук маселелери боюнча адис, “Антитеррор” уюмунун башчысы Артур Медетбеков Сирияга аттангандардын саны расмий маалыматтан 2-3 эсе көп экенин айтат. Ал аталган өлкөдө согуштук даярдыктан өткөн эл аралык экстремисттик, террористтик уюмдардын мүчөлөрү Кыргызстан үчүн кооптуу экенин баса белгилеп, бул жаатта алдын-алуу иштери жүрбөй жатат деп бийлик өкүлдөрүн сынга алды.

- Президент баш болуп ушундай коркунучтарга ырааттуу иштерди жасап, каршы механизмдерди иштеп чыгыш керек. Кагаз жүзүндө эле буйрук чыгарып койбой, ага атайын каражат бөлүш керек. Аларга каршы идеологиялык программаларды ишке ашырыш керек болчу. А бизде оозеки эле бакылдап, иш жүзүндө эч нерсе жок болуп жатат. Эми экстремисттик, террористтик уюмдарга каршы УКМКнын азыркы күрөшү жетишсиз экени көрүнүп турбайбы.

УКМК учурда Сириядан келген 25 кыргызстандыкты теракт уюштурууга аракет кылган деген шек менен тергөө абагында убактылуу кармап турат. Адистер Сирияга кеткен радикал исламисттерди тыкыр көзөмөлгө албаса Кыргызстандын коопсуздугу үчүн өтө опурталдуу жагдай жаралып жатканын эскертип келишет.

XS
SM
MD
LG