Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Жихадчылар видеосу Казакстанды чууга салды


Сирияга барган казактар. (видеотасмадан алынган сүрөт)
Сирияга барган казактар. (видеотасмадан алынган сүрөт)

150 казакстандык үй-бүлөсү менен Сирияга жихадга барганы тартылган тасма чоң талкууга түштү.

Алардын арасында 7-8 жаштагы балдар, эмчектеги наристелер да бар. Ал эми тасмадагы чоң кишилер Сирияга барган максаттарын Кудайдын ыраазычылыгын табуу, ошол жолдо шейит болуу деп түшүндүрүшүүдө.

Дүрбөлөң салган тасма

Казак жарандарынын Сирияга жихад үчүн келгенин баяндаган 20 мүнөттүк видео тасма интернетке 15-октябрда жайгаштырылган. Toran Wahood аттуу колдонуучу Ютуб сайтына илген бул видео казакстандык интернет колдонуучулардын көзүнө өткөн дем алыш күндөрү чалдыкты. Ошондон тарта кантип 150 адамдан турган бир канча үй-бүлө эмчектеги балдары менен кошо жарандык согуш жүрүп жаткан Сирия жергесине барып калды деген суроого жооп изделүүдө. Аталган тасма 21-октябрда Ютубдан алынып салынганы менен, ал башка сайттарга таралып кетти.

Чуу жараткан тасма
Чуу жараткан тасма
Тасма бардык тарабы бийик тосулган кайсы бир эки кабаттуу чоң үйдүн короосунда жана ичинде тартылган экен. Арапча субтитр менен берилген тасмадан куралчан казакча жана орусча сүйлөгөн адамдарды көрүүгө болот. Мындан тышкары үйдүн короосунда куран окуп жаткан 7-10 жаштагы бир канча эркек балдар жана кыздар бар. Кыз балдардын айрымдары хижапчан, кээ бири паранжычан. Андан да кичинекей жөрмөлөгөн наристелер дасторкон жээгинде жатышат. Жаш балдардын саны жыйырмадай, арасында ыйлап жаткандары да бар. Ал эми бой жеткен кыздар жана аялдар тасмада байкалбайт.

“Шам жергесине жер которуп, жихадга келдик” деген 25 жаштардагы жигит тасмада өз максаттарын түшүндүрүп берүүдө. Анын видеодогу аты Абд-ул-Рахман ал-Казаки.

- Биз Шам жерине көчүп, жер которуп, жихадга келдик. Алла Таала исламда жихаддын эң бийик экенин көрсөттү. Куранда дин үчүн жер которуп көчкөндөр, алардын ала турган сыйлыктары тууралуу айтылат.

Балдар эмне дейт?

Короодогу 7-8 жаштагы балдардын жер таянып, машыгып жаткан көрүнүштөрү да бар. Ал балдардын бири ыр менен өз максаттарын айтып отурат:

- Мына заман өзгөрдү,
Аттана турган кез келди.
Жүрөктө ыйман ойгонуп,
Найза канга боёлду.
Биз чыктык, мына,
Жетүү үчүн максатка...


Видеодо чоң кишилерден беш адам сүйлөгөн. Алардын баары ушул жолдо шейит болгулары келерин, бейишти каалашарын, Алланын буйругун орундап, сыйлыгын издей тургандыктарын айтышат. Видеонун акыркы мүнөттөрүндө 40тай куралчан эркек (арасында балдар да бар) топтолуп, алардын бири Сирияга келгендеги максаттары тууралуу дагы бир ирет сүйлөйт:

- Колдорубуздагы мындай куралдар менен жихад кылууга чыктык. Ошого амал жасоонун үстүндөбүз. Бардык мактоолор Аллага болсун. Өзүбүздүн араб бир туугандарыбызга да саламдарыбыз бар.

Ал эми видео тасма соңунда кайсы бир имараттын жарылуусу менен аяктайт.

Учурда бул тасма боюнча Казакстандын атайын кызматтары иликтеп жатышат. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков “Сирияга жихадга барган 15 казакстандык тууралуу” видеону “кайсы бир адамдардын үгүтү” деп сыпаттады. Ошону менен бирге Сирияда чыны менен Казакстандын жарандары бар экенин кошумчалап, аларды мекенине кайтаруу, дегеле чет жерге мындай максат менен баруудан баш тартууга үндөгөн аракеттер жасалып жатканын айтты.

Кыргызстандан да Сирияга кеткендер болгон

Буга чейин Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарынан жана Жалал-Абад облусунан Сириядагы согушка кеткен он чакты адам боюнча маалыматтар айтылган. Бирок алардын айрымдары Түркияга жеткен соң кайра үйлөрүнө кайтып келишкен эле. УКМКнын алдындагы Антитеррордук борбордун директорунун орун басары Таалай Жапаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, дагы бир канча адамды Сирияга бармакчы болгон жеринен кайтарып калган учурлар болду. Бирок Казакстандагыдай болуп, Кыргызстанда жүздөп жөнөгөн учурлар жок дейт Жапаров.

- Бизде бирин-серин гана кеткендер бар, массалык жөнөгөндөр жок. Аларды кетирбей кармап калуу боюнча иштер жүрүп жатат. Чынын айтканда, Сирияга кетип жаткандардын ичинен өзбек улутундагы жарандар көп. “Тиги кетип жатыптыр” деп алдын-ала маалымат алганга бизде мүмкүнчүлүктөр болуп калууда. Ошолорду токтотуп калган, сүйлөшүп, алдын-алуу иштерин жүргүзгөн учурлар бар.

Таалай Жапаровдун билдиришинче, Сирияда оппозиция чачкын болуп жаткандыктан, ал жакта өз алдынча аракеттенген ондогон уюмдар бар. Бирок тарам-тарам болгон ал уюмдардын колу түрдүү жолдор аркылуу Кыргызстанга чейин жетип жатканы күрөштү татаалдаштырууда. Кыргызстандыктар негизинен Сирияга Түркия аркылуу аттанып жатса, ошол эле кезде бөтөн жерде жүргөн кыргыз мигранттар да ал жакка барып калышы мүмкүн дейт Жапаров.

Сириядагы согуш жихад эмес

Диний маселелер боюнча эксперт Кадыр Маликовдун пикиринде, Борбор Азияда жүрүп жаткан диний өзгөрүштөрдү эске алганда жихадга чакырган идеялар бул аймакта өркүндөөрү күтүлгөн окуя болчу. Айрыкча Сириядагы эки жылдан бери уланып жаткан кризис аны күчөттү дейт эксперт.

- 2011-жылы Сирия кризиси башталса, 2012-жылдан тарта интернетте талаа командирлеринин жихадга үндөгөн чакырыктары чыга баштаган. Башкача айтканда, Сирия жихад идеясы аркылуу дүйнөдөгү жаштарды согушка чакырууга негизги себеп болду. Бизде Сирияга кеткен адамдардын пайда болушу, алардын кайра Кыргызстанга кайтып келиши ошол иштердин натыйжасы.

Талдоочулардын айтымында, Сирияга барууга жихад идеологиясы менен катар, каражат маселеси да негизги ролду ойноп жатат. Август айында Сириядан келип, Бишкекте жана Ошто террордук аракеттерди жасамакчы болгон Казакстандын бир, Кыргызстандын эки жараны кармалгандыгын УКМК билдирген болчу.

Ал эми бир катар аалымдар, айрыкча Борбор Азиядагы диний ишмерлер жана окумуштуулар Сириядагы жарандык согуш башка мамлекеттердеги мусулмандар үчүн парз болгудай жихад эмес экенин айтышат. Алар президент Башар Асад менен куралдуу оппозициянын ортосундагы чыр-чатактар өздөрүнүн сүйлөшүүсү аркылуу гана чечилиши керек деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG