Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

УКМК: Сириядан келген террордук топ кармалды


Кыргызстан -- Атайын даярдыктагы аскерлердин Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы антитеррордук машыгуусунан, Ысык-Көл облусу, 31-октябрь, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Кыргызстан -- Атайын даярдыктагы аскерлердин Орто-Токой суу сактагычынын жанындагы антитеррордук машыгуусунан, Ысык-Көл облусу, 31-октябрь, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Августтун этегинде кармалган бул топ эгемендик күнүндө жана ШКУ саммити учурунда теракт жасамак болгону айтылууда.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 16-сентябрда тараткан маалыматта “Исламдык жихад союзу” деп аталган топ 31-август - эгемендик күнүндө жана Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммити маалында теракт жасамак болгону айтылат. Топко кыргызстандык эки, казакстандык бир жаран кирген жана алар Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкан.

Террордук топко катыштыгы бар делген Кыргызстандын эки жараны өткөн айдын этегинде Ош шаарында колго түшүрүлгөнүн УКМКнын маалымат кызматкери Тилек Чокморов “Азаттыкка” айтып берди:

- Аталган топ Кыргызстандын эки жана Казакстандын бир жаранынан түзүлүп, террористтик актыларды өткөрүү максатында Сирия араб өлкөсүнөн Кыргызстанга атайын жөнөтүлгөн. Кармалган адамдар Сириядагы террористтик уюмдардын катарын толуктап, өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп турушкан. Тергөөдө белгилүү болгондой, алар июнь айында эл аралык террордук уюмдардын башчыларынан Бишкек жана Ош шаарларында жардырууларды уюштуруу боюнча тапшырма алышкан.

УКМКнын ыкчам тасмасы
Террордук делген топ кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Бул окуя кыргыз журтунда катуу талкуу жаратты. Буга чейин Кыргызстан УКМКсында жетекчи кызматтарда иштеп келген чекисттердин бири Марат Иманкулов терроризмден Кыргызстан эмес, АКШ да сактана албай жатканын эске алып, Кыргызстан эл аралык террористтерге каршы күрөшүүдө шериктеш өлкөлөрдүн жардамына муктаж деген ойдо. Ал өлкө коопсуздугуна кооптуу делген уюмдарды да санап өттү.

- Негизинен бизде сот тарабынан ишмердигине тыюу салынган Өзбекстан ислам кыймылы, Ислам жихад кыймылы сыяктуу эл аралык террордук топтор бар. 2 жыл мурда биздин эле радикалдуу жаштардан "Жайшул Махди" уюму түптөлгөн. Мына ушул сыяктуу топтордон азыр да реалдуу коркунучтар бар. Коркунучту экстремисттик кыймыл саналган "Хизб-ут Тахрирден" да күтсө болот. Орусияда бул кыймыл экстремисттик эмес, террористтик деп табылган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев УКМК тараткан маалыматтын чын-бышыгынан күмөн санайт:

- Бул фактыны биринчиден такташ керек. Тактала элек факты боюнча алдын ала эч нерсе деп айта албайм. Бирок теракт бизде деле болушу мүмкүн. Анткени биздин чөлкөмдө террористтик, экстремисттик топтор күч. Алар менен каршы күрөшүү үчүн чоң каражат жана техникалык күч керектелет. Мен Кыргызстандын террористтерге каршы туруштук бере аларына ишенгим келет, бирок абалыбыз азыр мактанарлык эмес.

Мындай ойго Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү, депутат Анвар Артыков да кошулат. Ал УКМК тараткан маалыматка ишенбей турганын жана учурда бул факт боюнча тиешелүү органдар тергөө иштерин жүргүзүп жатканын айтат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергөө кызыкчылыгы үчүн кармалгандардын аты-жөнүн ачыкка чыгара элек. Алардын маалыматына таянсак, террордук топ Бишкек жана Ош шаарларындагы стратегиялык мааниге ээ болгон ири объекттерди жардырууну көздөгөн. Учурда кармалгандарга каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризм”, “Мыйзамсыз курал колдонуу, ташуу жана сактоо” сыяктуу бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин 2011-жылы Кыргызстанда бир катар террорчулук аракеттер катталган жана шектүү адамдар кармалып, иши сотко өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG