Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Сириядан келген топтун изи менен


Эркин Сирия армиясынын жоокерлери, Дамаск
Эркин Сирия армиясынын жоокерлери, Дамаск

Сириядан келип, Кыргызстанда террор уюштурууга камылга көргөн топ боюнча УКМК видео тасма таратты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет августтун этегинде кармалган бул топ Эгемендик күнүндө жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда теракт жасамак болгонун билдирүүдө. Атайын кызмат бул Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган “Ислам жихады союзунун” мүчөлөрү деп эсептейт.

Улуттук коопсуздук кызматы тараткан тасмада атайын кызмат тарабынан кармалгандардын бири Сириядан келип, Кыргызстанда кантип террор жасамакчы болгонун баяндап жатканы көрсөтүлгөн. Ошондой эле тасмадан ал каармандын өзүнүн Сирияда түшкөн сүрөттөрүн жана кыска видеолорун да байкаса болот.

- Бизди "Шейх Сулайман" деген жерге алып келди. Бул мусулмандарды согуштук аракет жүргүзүүгө даярдаган жер. Мусулман бир туугандарыбызга жардам берүү үчүн аэропортко барыш керек деп айтышты.

Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия
Бул жарандын сөзүнө ишене турган болсок, ал Башар Асаддын режимине каршы согушкан оппозициялык күчтөр ээлеп алган Сириянын Алеппо шаарында болгондой. Ал сөз кылып жаткан “Шейх Сулайман” аскерий базасын өткөн жылдын декабрь айында согушчандар өкмөттүк аскерлерден тартып алдык деп билдиришкен. Ошондой эле тасмадагы бул адам Орусия аркылуу 21-августта Кыргызстанга келүүнү пландаганын, террор уюштурууга камылга көргөнүн баяндайт.

- Биздин Сириядагы планыбызга ылайык, биз менин эски тааныштарым аркылуу Кыргызстандын жасалма паспортторун жасатышыбыз керек болчу. Паспорттор даяр болгондон кийин мен, Рахмонов Сардор жана Абдуллаев Мажид Бишкекте жолугушмакпыз. Андан кийин жездемди уурдап, 50 миң долларды талап кылуу үчүн Казакстандын Алматы шаарына бармакпыз. Кылмышты жашыруу жана өзүбүздү коркунучтан куткаруу үчүн аны өлтүрүүнү да ойлогон элек. 20 миң долларды биз Түркиядагы Салимге жөнөтмөкпүз, ал аны Сириядагы өзбек жамаатына жихадды улантуу үчүн бермек. Ал эми калган 30 миң долларды өз ара бөлүп алып, анан Бишкекте курал-жарактарды, ок-дарыларды жана түндө көрүүчү шаймандарды алмакпыз. Андан кийин Ошко барып, Сириядагы амирлерибиздин көрсөтмөсүн күтмөк болчубуз.
Сириядан террордук ыкмаларды үйрөнүп келип, Кыргызстанда кандайдыр бир аракеттерди жасашы да мүмкүн.

Улуттук коопсуздук кызматы бул боюнча үч адам кармалып, кылмыш иши козголгонун, алар “Ислам жихады союзунун” мүчөлөрү экенин айтууда. Алардын бири Казакстандан, экөө Кыргызстандын Ош облусунан экен. Тергөөдөгү алгачкы маалыматтар боюнча, булар июнь айында эл аралык террордук уюмдардын башчыларынан тапшырма алып, Бишкек жана Ош шаарларында жардырууларды уюштурмак болушкан.

Атайын кызматтын мурдагы төрага орун басары, генерал Артур Медетбековдун айтымында, “Ислам жихады союзу” 2002-жылы Ислам Каримовдун бийлигине каршы багытталган Өзбекстан ислам кыймылынан бөлүнүп чыккан террорчул уюм.

- Бирок бөлүнүп чыкканы менен максаты, жасай турган иштеринин баары террорчул аракеттерге байланган. Азыркы убакта алар Европа мамлекеттерине жана Орто Азия аймагына өздөрүнүн идеяларын таркатууну максат кылышкан. Ошонун үстүндө катуу иштеп жатышат.

Кыргызстандан Сирия өкмөтүнө каршы согушка адамдардын кетип жатканы боюнча маалыматтар быйыл жазда пайда болгон. Бирок божомолдор айтылганы менен Ооганстанда же Сирияда Кыргызстандын канча жараны жүргөнү боюнча так маалыматтар жок. Артур Медетбеков кармалгандардын террорчул топко тиешелүүлүгү боюнча жыйынтык чыгаруу эрте дейт.

- Булар Сириядан террордук ыкмаларды үйрөнүп келип, Кыргызстанда кандайдыр бир аракеттерди жасашы да мүмкүн. Бирок бул жерде баарын тыкыр териштирип, аныкташ керек. Андыктан аларды толугу менен террористтик же экстремисттик топтор үчүн иштеген, Кыргызстанда террордук акцияларды өткөргөнү келген деп эч ким айталбайт.

Теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, “Исламдык жихад союзунда” өзбек, кыргыз, казак улутундагылардын тышкары, Орусиянын Түндүк Кавказындагы калктардын өкүлдөрү, татарлар жана башкырлар да бар. Алардын максаты - Борбор Азиядагы авторитардык режимдерге, исламдык эмес мамлекеттерге жана империалисттик өлкөлөргө каршы жихад кылуу. "Башкача айтканда, “ал-Каида” кандай максатты көздөсө, аталган уюм да ошолорду жактайт", - дейт Кадыр Маликов.

“Ислам жихады союзу” Кыргызстанда 2008-жылы сот аркылуу террористтик уюм деп табылып, иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG