Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Сирия: АКШ-Орусия планы аткарылабы?


Жон Керри жана Сергей Лавров. Женева, 12-сентябрь, 2013-жыл.
Жон Керри жана Сергей Лавров. Женева, 12-сентябрь, 2013-жыл.

Дүйнө лидерлери Сириянын химиялык куралы боюнча АКШ - Орусия макулдашуусун кубатташты.

Вашингтон жана Москва апта соңунда макулдашкан планга ылайык, Сирия химиялык куралынын тизмесин бир апта ичи бериши, ал эми 2014-жылдын ортосуна чейин ал куралдар түгөл жок кылынышы абзел.

Сириянын химиялык куралы боюнча план макулдашылганын АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевадагы үч күндүк сүйлөшүүлөрдүн артынан ишемби күнү жарыялашкан.

Ага ылайык, Дамаск химиялык куралынын толук тизмесин бир апта ичинде бериши, өлкөгө ноябрдан кечикпей курал инспекторлорунун барышы, ал эми 2014-жылдын ортосуна чейин Сириянын химиялык куралы түгөл жок кылынуусу керек.

Мамлекеттик катчы Жон Керри жекшембиде Израилде болгон кезинде Вашингтон менен Москва Сирияны химиялык куралдан арылтуунун жолдору боюнча өзөк принциптерди гана макулдашканын, калган чоо-жайы алдыда такталып, ишке киргизилүүсү керектигин белгиледи:


- Мен адамдар биз Женевада макулдашкан негизги элементтерди түшүнүп коюшун каалайм. Бул негизи гана, ал акыркы келишим эмес. Ошол негизди азыр Улуттар уюму ишке киргизүүсү абзел. Сирия оппозициясына жана Сириядан химиялык куралды алып коюу менен эле жумуш бүтпөстүгүн түшүнгөндөргө айтып койгум келет: бул биз аткара тургандын баары эмес. Бирок бийликте калуу үчүн өз элине каршы эч нерседен кайра тартпаган адамдан бул куралды алууда бир кадам алга жылуу.

Макулдашууну Кытай, Британия, Франция, Германия, Иран кубатташты.

Израилдин премьер- министри Биньямин Нетаньяхунун айтымында, АКШ –Орусия макулдашуусу үчүн сыноо али алдыда. Бул ал кандай ишке ашарына жана Сириянын химиялык арсеналы жок кылынар – кылынбасына көз каранды.

Араб лигасынын башчысы Набил ал-Араби макулдашууну Сирия боюнча “саясий чечимди көздөй кадам” деп атады. Сирия өкмөтүндө улуттук жарашуу маселесин тейлеген министри Али Хайдар болсо макулдашууну “Сириянын жеңиши” деп мүнөздөдү. Анын пикиринде, макулдашуу “согуштун алдын алат”, “сириялыктарга кризистен чыгууга жардам берет”.

Бирок Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясы планды сынга алууда.

Эркин Сирия армиясы баары бир Асадды кулатуу максатындагы күрөшүн уланта берерин билдирди.

Алардын колбашчысы Салим Идрисстин ырастоосунда, Сирия армиясы химиялык куралын соңку күндөрү коңшу Ливан менен Иракка жайгаштырууда:


- Улуттар уюмунун инспекторлору Сирияга келгенде, режимдин химиялык куралы жана химиялык материалдары Ливан менен Иракта болот. Биз режим бул материалдарды жөн-жай тургундарга жана Эркин Сирия армиясынын согушкерлерине каршы колдонобу деп кооптонобуз.

Салим Идрисс Стамбулдагы басма сөз жыйында АКШ-Орусия макулдашуусу Сирия режими үчүн “убакыттан утуу” болорун гана кошумчалады.

АКШ президенти Барак Обама макулдашууну кубаттап, президент Башар Асаддын өкмөтүн аны аткарууга чакырды. Ал белгилегендей, эгер дипломатиядан майнап чыкпаса, “АКШ чара көрүүгө даяр бойдон калат”.

Ал жекшемби күнкү теле интервьюсунда орус президенти Путиндин Дамасктын жанында 21-августа жасалган химиялык газ чабуулга козголоңчулар жоопкер деген ырастоосун четке какты.

Обаманын пикиринде, Путиндин дооматтарын “дүйнөдө эч ким деле олуттуу кабыл алган жок”. Бирок ал Путин дипломатиялык чечимге аралашуусун кубаттап, Асаддын химиялык куралдан арылуусу текшерүү аркылуу ырасталуусу зарылдыгына токтолду.

АКШ – Орусия планына тушташ Сирия БУУнун химиялык курал конвенциясына октябрда кошула турганы белгилүү болду. Дамасктын аталган конвенцияга кошулуу арызы расмий кабыл алынганын Улуттар уюму кечээ ырастады. БУУнун жарыясына караганда, Сирия эми химиялык курал конвенциясына 14-октябрдан тарта кошулмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG