Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:50

Кезектеги сыйлыктар парады


Президент Алмазбек Атамбаев кызматынан кетерде 150дөн ашык адамды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо боюнча жарлык чыгарды.

Кызматынан кетип жаткан президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда 154 жаранга мамлекеттик сыйлык ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкта сыйлыктар өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн берилип жатканы айтылат.

Сыйлыкка татыгандардын сап башында президент Атамбаевдин кеңешчилери турат. Тагыраагы, анын коомдук башталыштагы кеңешчилери Фарид Ниязов жана Икрамжан Илмиянов II жана III даражадагы “Манас” орденине татыктуу деп көрсөтүлгөн. Жаңы негизделген “Курманжан датка” орденине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова татыган. Мындан сырткары БШКнын дагы төрт мүчөсү “Даңк” ордени баштаган мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Наам - шайлоонун үзүрүбү?

Жогорку Кеңештеги эркин депутат Жанар Акаев бул жолку сыйлык мамлекетке чындап кызмат кылгандар арасында эмес, шайлоодо ким, кандай иштегенине жараша бөлүштүрүлдү деген ойдо.

- Сыйлык алгандардын 80 пайызы шайлоодо жакшы иштеп бергендер. Ырчы-чоорчудан баштап, башкасына чейин шайлоодогу кызматына жараша сыйлык алды. Болбосо сыйлыкка татыктуу канчалаган адамдар турат. Мамлекеттик сыйлыктардын баасы, баркы болуп көрбөгөндөй түштү. Соңку жарлыктан кийин көпчүлүк сыйлык алууга деле умтулбай калат деп ойлойм. Анткени сыйлык берүүнүн эң башкы критерийи “шайлоодо бизге иштеп берсе болду” деген талап болуп жатпайбы. Ошол эле Шайлдабекова, Бекматов жана башкалар шайлоодо бийликти жактаганы үчүн сыйлык алып отурушат.

Фарид Ниязов президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген.

Анткен менен бийлик мындай дооматтарды негизсиз деп четке кагууда. Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева сыйлыктар татыктуу гана адамдарга берилип жатат деп ишендирүүдө.

- "Сыйлыктар бийликти жактагандарга берилип жатат" деген туура эмес. Булар чынында Кыргызстанга эмгеги сиңген адамдар. Бийликке сын айткандарга деле сыйлыктар берилип келет. Баш мыйзамда "мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу президенттин жеке укугу" деп жазылып турат. Ошол эле учурда "Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзамга ылайык, сыйлыктарды берүүдө иерархияны сактабаганга президенттин укугу бар.

Сыйлык алгандардын бири, БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Атамбаев эмгек сиңиргендерди баалап жатат деген пикирде. Ал өзүн президент ыйгарган “Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер” деген наамга татыктуумун деп эсептейт.

- Менин оюмча мамлекет башчысы бийликке кызмат кылгандарды эмес, жаңы системаны киргизгендерди сыйлады. Алардын катарында мен да бармын. Биздин тандап алган шайлоо моделди дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөр өзүнө алууга аракет кылып жатат. Муну жашырып болбойт. Президент ошол шайлоонун эл аралык коомчулукта таанылышын, жогорку бааланышын эске алып сыйлык берип жатат деп ойлойм.

Эксперттер да эске алынды

Жарлыкка ылайык, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана “Бир бол” фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков “Даңк” ордени менен сыйланат. Ал эми “Бир болдун” лидери Алтынбек Сулайманов жана КСДПчы депутат Анвар Артыков “Достук” орденине көрсөтүлгөн.

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекет башчысына жан тартып, эксперттик пикир билдиргендер да сыйлыкка илинген. Маселен, саясат талдоочулар Жумакадыр Акенеев, Бакыт Бакетаев жана Токтогул Какчекеев “Даңк” медалына көрсөтүлгөн.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

Экс-депутат Улукбек Кочкоров сыйлыктар жеке эле мамлекет башчысына эмес, бүтүндөй мамлекетке кызмат кылгандарга берилиши керек деген ойдо.

- Мамлекеттик сыйлыктар эмне салымы үчүн, мамлекетке кылган кайсы жакшылыгы үчүн же коомдогу эмне жетишкендиги үчүн берилип жатканынан коомчулук кабарсыз. Мамлекеттик сыйлыктар кимге, эмне үчүн берилип жатканы ачык-айкын айтылса жакшы болот эле. Президент Атамбаев мамлекетке кошчу салымды жеке өзүнүн же партиясынын алдындагы салымга алмаштырып алды десек болот.

"Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө" мыйзам 1996-жылы кабыл алынган. 2012-жылы сыйлыктарды берүүгө мораторий жарыяланып, кийин бул чектөө алынып салынган.

Буга чейин мамлекеттик сыйлык алгандарга көп артыкчылыктар каралган. Маселен, эки же андан көп мамлекеттик сыйлыгы бар адамдар персоналдык пенсияга чыгууга укук алчу. 2015-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул артыкчылыктар алынып салынган. Бирок айрым сыйлык, наам ээлерине айлыгына 2500 сомдон 5000 сомго чейинки кошумча каражаттар каралган.

Президент Атамбаевдин сыйлык тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөздөрү:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG