Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруудагы мыйзам бузууларга жол берилип жатат деген дооматтар айтыла баштады.

Сыйлыктарды өң тааныштык, жеке мамиле жана таасирдүү адамдардын колдоосу аркылуу гана ыйгарылып жатат деп, муну эски өнөкөт катары баалаган пикирлер көбөйдү.

Мындай пикирлердин жанданышына жакында берилген мамлекеттик сыйлыктар себеп болуп, номинанттардын мекен алдында өтөгөн эмгегин жана өзгөчө салымын аныктоодогу талаптар одоно бузулган учурлар боюнча мисалдар келтирилүүдө. Айрыкча жаш музыка ышкыбоздоруна эмгек стажы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөткө жетпегенине карабастан Эмгек сиңирген артист наамынын берилгени коомчулукта кескин талкууга алынды.

Жогорку мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында ишмердиги күмөн жараткан адамдар да бар деп нааразы болгондор да чыкты.

Эмгек жолун 11 жаштан баштагандар

Коомчулук өкүлдөрү чыгармачылык чөйрөдө жетиштүү эмгек стажы жок жаш музыка ышкыбоздоруна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти мамлекеттик наамы ыйгарылган жагдайга өзгөчө көңүл бурушту.

Башында коомчулуктун кайсы бир катмары жаш музыка ышкыбоздоруна улуу муундагы өнөр адамдарынан мурун наам ыйгарылганын сындап чыгышса, айрымдары муну кадыресе көрүнүш катары кабыл алууга чакырышты.

Мында айрыкча 26 жаштагы эстрада ырчысы Самара Каримова менен 28 жаштагы кыл кыякчы жана ырчы Нурайым Азыкбаевага наам ыйгарууда мыйзамдын талабы сакталганбы деген маселе көтөрүлдү. Анткени "Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзам боюнча, ардак наам маданият жана искусство тармагында 15 жылдык эмгек стажына ээ болгон жана жогорку кесиптик даярдыктагы жарандарга ыйгарылат.

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова бул жерде наам ыйгарууда көз көрүнөө мыйзам бузуу жагдайлары бар деп, прокуратура органдары буга көңүл бурушу керектигине токтолду:

- Мыйзам жагынан алганда, наам жана сыйлык ыйгаруунун өзүнүн тартиби бар. Ал милдеттүү түрдө бир катар инстанциялардан өтүшү кажет. Мыйзамдан тышкары дагы өкмөттүн токтому менен бекитилген жобо бар. Быйыл мына ошол мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, Эмгек сиңирген артист наамын алуу үчүн эмгек стажы мурда 10 жыл болсо, азыр ал 15 жылга узартылган. Бирок талап күчөтүлгөнүнө карабастан ошол мыйзамдын 14-беренесинин талабына ылайык аталган наамды алуу үчүн 15 жылдык эмгек тажрыйба болушу шарт. Бирок жаш ырчыларга наам ыйгарууда эмнегедир ошол талапты карашкан эмес. Мисалы, мыйзам талап кылган эмгек стажы боюнча караганыбызда, Самара Каримовага 26 жашында эле наам ыйгарылып жатканын эске алсак, демек ал 11 жаштан эле чыгармачылык менен алектенип, маданиятыбызга эмгегин сиңире баштаган болуп чыгат. Бул, албетте, мыйзамдын сакталышы боюнча чоң суроо жаратат. Муну прокуратура текшерип чыгып, баасын бериши керек.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Жоопкерчиликтин жоопсуз сааты

Кылмыш укугуна ылайык, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды мыйзамсыз ыйгарып алуу кызматтык жасалмалуулукка барабар жоосун болуп эсептелинет. Ошондуктан жогорудагы мыйзамды жетекчиликке алган мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча атайын жобо дагы бекитилген.

Ошол жобого ылайык, атайын тизмедеги тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдар номинанттарды сыйлыкка көрсөтүп, алардын талапкерлиги тармактык министрликтин коллегиясынан өткөн соң президенттин астындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгында каралат. Бул катчылык уюштурган мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мекемелер көз карандысыз комиссия ар бир номинанттын талапкерлигине добуш берип, бекитет. Бул мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды ыйгаруунун мыйзамда көрсөтүлгөн тартиби.

Бирок маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков тиешелүү тармак боюнча мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууда кетирилген кемчиликтер жана мыйзам бузуулар үчүн жооптуу эмес экенин төмөндөгүчө билдирди:

- Журналисттер биринчи ошолорду ким бергенин тактабайсыңарбы. Мисалы, Жалал-Абад облустук администрациясы же Бишкектин мэриясы көрсөткөн кишилерди деле менден сурап жатасыңар. Алардын талапкерлиги боюнча документтер бизге келбей эле, түптүз комиссиянын кароосуна барат. Бизде азыр ондон ашуун мекеме-уюм адамдарды өз алдынча сыйлыкка көрсөтө алат. Анан ошонун баарын бүгүн менден сурап жатышат. Облустук акимчиликтер, мэриялар, фракциялар мына ошол 15 жылдык эмгек стажы боюнча мыйзам талабын карап отурган жок. Мына ошонун баарына мен кандай жооп берем? Биздин министрликтин өкүлдөрү мына ошол комиссияга кирген эмес. Ал комиссияда Бексултан Жакиев, Топчубек Тургуналиев, Саламат Садыкова сыяктуу көрүнүктүү инсандар бар. Сыйлык ыйгаруу кандай болгонун ошолордон сурбайсыңарбы. Биз болгону башкалар сыяктуу эле сунуш беребиз. Өтөбү же өтпөйбү анын баарын ошол комиссия чечет. Акыркы чечимди мына ошолор кандай кабыл алып, кандай критерийлердин негизинде ошол сыйлык-наамдарды бергенин алардан сурабай эле беш күндөн бери баары эле менин "канымды ичип" жатышат. "Жыйыныңар болдубу, анда кандай талкуулар болду, эмненин негизинде мына ошол сыйлыктар ыйгарылды?" деп ошолорду өздөрүнөн сурагыла. Мени отуруп алып эле сыйлык-наамдарды таратып жатат деп ойлошот окшойт. Казаков бир дагы кишиге сыйлык бере албайт. Илгеркидей министрликтин астында коллегиясы деген жок азыр. Өкмөттүн алдындагы коллегияга эле министрлик документтерди даярдап берет. Анын чечими президенттин астындагы комиссияга барып, ошол жерден акыркы чечим чыгат.

Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

Кыл жип каяктан буулган?

Ошол эле кезде маданият жана искусство тармагынын айрым өкүлдөрү министр Түгөлбай Казаковдун өнөр адамдарына мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруудагы алешемдиктер үчүн жоопкерчиликти башка бирөөлөргө оодарууга жандалбастап жатат деп чыгышты. Анткени алардын айтымында, сыйлыкка көрсөтүлгөн номинанттар арасында нааразычылыкты жаратпай, мыйзамда жана атайын жободо көрсөтүлгөн талаптарды бекем сактоо министрдин жеке жоопкерчилигиндеги маселе болчу.

Ошондуктан көп жылдардан бери маданият тармагына эмгеги сиңген жогорку кесиптик даярдыктагы ишмерлер четте калып, шоу-бизнестин жаш өкүлдөрү озунуп, наам алып жатканы нааразычылыкты жаратканы айтылды.

Кыргызстандын Эл артисти, сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комиссиянын мүчөсү Саламат Садыкова маданият министрин төмөндөгүчө сынга алды:

- Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп, жасаган адамдардын өздөрүнөн сурабайсыңарбы. Тиги жакта министр эмне кылып отурат? Кандай болгон күндө дагы адегенде министр өзү иретке келтирип, мына ошол үчүн өзү жооп берүүгө тийиш. Маданият министрлигинде коллегия деген болот. Ал коллегиядан өткөрбөй туруп, булар бир кишиге дагы кагаз бербейт. Бир дагы сыйлык, бир дагы наам министрдин эшигинен, министрликтин коллегиясынан кароодон өтпөй туруп, жогору жакка жетпейт. Эрежеси мына ошондой экенин баары билет. Адегенде мына ошол жактан өткөрүптүрбү? Ал жактан өтө тыгыз электен өтөт. Көп кишилердин кагаздарын ыргытып жиберип, "бул жарабайт, ал жарабайт" деп коюшуп отура беришет. Мына ошолордон документтери өткөндө анан комиссиянын кароосуна барат. Мен болсо, соңку сыйлык ыйгарууну караган отурумда болгон жокмун. Анткени мен кыргыз элинин туусун көтөрүп Самаркандда жүрдүм. Эгерде менин фамилиямды айтып жаткан болсо, айтаар жообум ушул. Ал жыйын менин катышуумсуз өткөн.

Саламат Садыкова.
Саламат Садыкова.

Элге алынган эмгектерби?

Ошол эле учурда соңку мезгилде жаштар арасында популярдуулукка ээ болуп, шоу-бизнестин алдыңкы өкүлдөрү катары таанылган эстрада ырчылары дагы бар. Аларды мамлекеттик жогорку сыйлыкка көрсөтүүдө өнөк адамдарынын кесиптик даярдыгы жана коомдук сүймөнчүлүккө ээ болгону кандайча аныкталып, номинанттарды иргеп алуу кандайча жүргүзүлгөнү дагы белгисиз.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган, эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбеков сыйлыкка көрсөтүлүшүн төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Мени наамга Жалал-Абад облустук администрациясы көрсөтүптүр. Мага чалып, "документтерди ырастап тапшырып бергиле" дешкенинен буга чейин алган дипломдорумду, грамоталарды жана башка документтерди топтоп жиберген болчумун. Анда Аксы райондук акимчилигинен жана айыл аймагынан дагы өтүнүч каттар тиркелген экен. Мени эми өзүм жөнүндө айтсам. Күйөрман топтогонго жетиштим. Кыргыз маданияты үчүн колдон келишинче иштеп жатабыз. Негизи элдин табитин табуу кыйын нерсе. Кээде өзүңө жакпаган чыгармалар элге жагып калат. Ар бир чыгарманын өзүнүн күйөрманы бар. Башында "Коштошуу" деген чыгармам элге алынды. Анан шаңдуу чыгармалар, той ырлары жазылды. Ошондой эле аккордеондун коштоосундагы ырлар жана мигранттар тууралуу чыгармалар жазылды. Менимче, ошол чыгармалар көбүрөөк элге сиңди окшойт.

"Жасалма атак, жалган даңк"

Анткен менен мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарууда өң тааныштык жана жеке мамилелер чоң роль ойной турганы мурдатан бери айтылып келген. Ошол эле кезде талдоочулар мекен астындагы өзгөчө эмгеги үчүн өнөр адамдарын, өндүрүшчүлөрдү, спортчуларды, дарыгерлерди жана башка тармактардын өкүлдөрүн баалоо адатта алардын бийликке карата мамилесине байланыштуу экенин байкашкан. Ошондуктан алардын айтымында, коомдун жана мамлекеттин астында жасаган эмгегинен сырткары бийликти мактап-жактап кошомат кылбаса да, инсандын бийлик менен жылуу мамиледе болушу мамлекеттик сыйлык алуунун башкы көрсөткүчүнө айланып калган.

Журналист Канышай Мамыркулова мына ошондуктан коомчулуктун кээ бир катмарларында жана айрым бир кесиптик чөйрөлөрдө жасалма атак, жалган даңк үчүн жан үрөгөн тенденция күчтүү экенин белгиледи:

- Маданият министрлигинин коллегиясында каралбаса деле, сыйлык-наамдар президенттик аппарат тарабынан бериле берет экен. Анда бул министрликтин кадыр-баркы каякта калат? Кол жеткен жердин баардыгы эле тааныш-билиш болуп калды. Биз ошондой жол менен алынган сыйлык-наамдарды жасалма атак, жалган даңк дегенибиз менен аларды алган кишилер камырабай эле, өздөрүн жакшы эле сезип жүрө беришет экен. Анткени сыйлык бере турган жердеги сакалдуу, аттуу-баштуу эле инсандарыбыз мына ошол сыйлык ыйгаруунун кыйшык экенин көрүп туруп, калыс сөзүн, акыйкат оюн айтпай жатышпайбы. Таразалап туруп, эмгекти баалоо деген болбой калды. "Кожо көрсүн" деген түшүнүк менен жашап, коомубуздун былгып жаткан жерин жапкан сайын мына ушундай нерселерде кайра өтүшүп, күчөп жатканын байкап жатабыз.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, руханий жана интеллектуалдык дараметине кошкон салымдары үчүн эгемендиктин 26 жылдыгына карата президенттин бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар менен сыйлоо тууралуу жарлыгы жарыяланган. Бул эгемендик майрамынын астындагы салттуу көрүнүш.

Бул жолу мамлекеттик жана коомдук ишмер, согуш ардагери, Панфилов дивизиясынын жоокери Муктар Нургазиев менен кинорежиссер Актан Арым Кубат II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланышты. III даражадагы "Манас" ордени Социалдык фонддун мурдагы төрайымы Роза Үчкемпировага, "Кыргызгаздын" мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевге, Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махаммадовго, "Дастан" корпорациясынын жетекчиси Юрий Васильевге жана жеңил атлетика боюнча башкы машыктыруучу Виктор Борисовго ыйгарылды. "Даңк" ордени менен жети адам, үч мекеме сыйланды.

"Достук" орденине муфтий Максатбек ажы Токтомушев, уламалар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов жана Бишкектеги Православ чиркөөсүнүн епискобу Семен Кузнецев сыяктуу дин адамдарынан башка дагы үч жаран арзыды.

Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комиссиясын мүчөсү Топчубек Тургуналиев сыйлык ээлери кандай талаптардын негизинде тандалганын айтып берүүдөн баш тартты:

- Мына ошол талаптардын бүт бардыгын мен сага айтып бере албайм. Анткени мен ошол комиссиянын мүчөсү катары эч нерсе деп айтпашым керек. Албетте ар бир адамдын талапкерлиги кылдат каралат. Анан жөн эле туруп эле аттап-буттап эле сыйлык берип коймок беле? Бул боюнча ошол комиссиянын катчылыгына кайрылгыла. Мен анын шарты жана талаптары тууралуу эч нерсе деп айтып бере албайм.

Өзгөчө эмгектин өтөлгөсү эмнеде?

III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган инсандардын арасынан "Кыргызгаздын" мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин ысмы учурунда андагы чуулгандуу иштер менен байланышканы белгилүү. Жогорку Кеңештин депутаттары кезинде "Кыргызгаз" "Газпромго" өтөрдө Баткендеги иштен чыккан газ куурларын Казакстанга сатуу аракети, ишкананын ири өлчөмдө карызга батышы жана ири каржылык мыйзам бузуулар тууралуу маселе көтөрүшкөн.

Эсеп палатасы "Кыргызгаздын" 2012-2013-жылдардагы ишмердигин текшерип, баасы бир нече миллиондогон сомдук газдын негизсиз чыгышталышы боюнча материалдарды таап чыккан. Анда ички керектөөгө жумшалды деген негизде чыгышталган жана техникалык жоготуу катары каралган жаратылыш газынын көлөмү боюнча дагы маселе бар экени Эсеп палатасынын мына ошол корутундусунда көрсөтүлгөн болчу.

Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Эльмира Ибраимова аудиттин ал материалдары чуулгандуу иштердин бири болгонун айтып, бирок аны териштирүүнүн аягы эмне менен бүткөнү белгисиз экенин кошумчалады:

- Ал жакта бизде өтө чуулгандуу материалдар болгон. Ал болсо мына ошолордун бири болчу. Кулмурзаев боюнча башка эч нерсе айта албайм. Бул боюнча Эсеп палатасына кайрылып, мына ошол кезде "Кыргызгазды" текшерген инспекторлорго кайрылышыңыз керек. Бизде текшерген соң, табылган мыйзам бузуулар боюнча материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына сөзсүз өткөрүп берүү практикасы бар болчу. Ар бир материал боюнча токтом кабыл алып, токтомдо аны кайсы органга өткөрүп берүү жагы көрсөтүлүп турчу. Бирок ал материалдар тууралуу маалыматтар азыр менин эсимде жок. Анан Эсеп палатасындагы тиешелүү кызмат адамдары мына ошол өткөрүлүп берилген материалдардын андан ары карай изилденишине көз салып турат. Ошондой эле укук коргоо органдары кайра текшергенде келип чыккан айырмачылыктар дайыма салыштырылып турат. Азыр менин колумда бул боюнча документтер болбогондуктан бир нерсе деп айта албайм.

"Азаттык" Эсеп палатасынын учурдагы төрагасы Улукбек Мариповго кайрылып, аталган материалдардын аягы эмне менен бүткөнү тууралуу комментарий ала алган жок. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү болсо мурдагы "Кыргызгаз" ишканасына байланыштуу кандайдыр бир иликтөөдө жаткан кылмыш ишинин материалдары жок экенин белгилешти.

"Кыргызгаздын" мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев учурунда Эсеп палатасы койгон дооматты четке кагып, ал жетектеген маалда мекемедеги кандайдыр бир мыйзам бузууларга байланыштуу жарыяланган фактылар ырасталбаганы тууралуу билдирген эле. Ошондой эле Кулмурзаев парламентте Баткендеги жарактан чыккан газ куурларын сатуу демилгеси боюнча дагы жергиликтүү бийлик менен орток пикир табылганын жана анда дагы эч кандай мыйзам бузуулар жок экенин билдирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG