Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:36

Сахнаны тойго алмашпаган ырчылар


Музыкант. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Музыкант. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Өнөрпоз чыныгы элдик болсо - анда той-торопону да өөн көрбөй, элге тейлөө кызматын көрсөтсө эмнеси жаман? Же өнөрпоз үчүн бул кесипкөйлүктөн жануубу?

Заманбап кыргыз эстрадасы тойлордо ырдаган жана ырдабаган ырчылар болуп экиге бөлүнөрү айтылып келет. Тойго тез-тез чакырылган айрым ырчылар мындай cуроо-талапты өздөрүнүн чыгармачылык жетишкендиги катары бааласа, экинчи тарап эл тамактанып отурган жерге барып ырдоону уят көрөрүн айтышат. Адискөй музыканттардын арасында кийинки мезгилде ырчылардын дээрлик көбү атайын той үчүн жазылган чыгармаларга басым жасап жатканы чыныгы чыгармачылыкка залалын тийгизет деп эсептегендер жок эмес.

Кыргыз эл артисти, таанымал композитор-аткаруучу Каныкей Эралиева илгертен эле кез-кезде гана кыйбаган тааныштарынын же чыныгы күйөрмандарынын жакшылыгына катышып, ырдап калган учурлары болбосо, дээрлик атайлап акча табуу үчүн тойго барып ырдабай тургандардын катарына кирет:

- Кээде гана барбасам, мен негизинен тойго барып ырдабайм. Сен ырдап жатсаң: бирөө тамак ичип жатат, экинчиси мас, үчүнчүсү ырыңды укса, төртүнчүсү укпайт. Ошондуктан тойдо ырдаганда ыңгайсыз болом. Менимче, чыгармачылыкта өзүн баалаган өнөр адамы тойго барганда өзүнүн чыгармачылыгын өзү тепселеп жаткандай сезиле берет.

Жакында эле бул тема боюнча интернеттеги коомдук тармактардын биринде жүргөн талкууда ырчы Айгерим Расул кызы "чыгармасы элге өтпөгөн өнөрпоздор гана тойго чакырылбай турганын" айтып чыккан.

Ырчы бул пикирин “Азаттык” үналгысына ырастап, бүгүнкү күндө тойлор угарман кайсы ырчыны угуп, кайсы ырчыны укпайт деген суроого жооп бере турган көрсөткүч болуп калган деген оюн билдирди:

- Ошол эле Орусия, Американы алсак ырчылар кечеге барат. Мисалы, Женнифер Лопес, Шакира, Бионсе... Айткан сумманы төлөп берсең, алар ырдап беришет. Бизде деле ошондой эле да. Болбосо алар кантип жан багат, кантип жашайт? Ошондуктан “мени тойго барып ырдасам деңгээлим түшүп калат, уят” деген жөн гана шылтоо деп ойлойм. Тойго чакыруу албагандар гана ушундай шылтоону айтышат.

Айгерим бул сөздү өз муунундагы ырчылар үчүн айтып жатканын белгилеп, алар азыр тойлорго эки жүз доллардан баштап, миң долларга чейин тейлөө кызматынын акысын бычып барышарын, ырчынын баа-баркы анын коомдогу баасына карата да бычылып, бул - чыгармачылык атаандашуу жаратарын кеп кылды.

Буга чейин тойго барбаган Эл артисти Керим Турапов бир кезде тойго барып ырдоону уят деп келсе, азыр ал пикирин жаңылыштык деп эсептейт. Бирок адис-ырчы тойлордо аткарылган чыгармалар сапаттуу, көркөмдүк деңгээли бийик болушу керек деген пикирин ортого салды:

- Мурда той деген нерсени бир аз туура эмес түшүнүп жүргөн экем. “Мен тойлорго барбайм, чоң сахналарда гана ырдайм” дечүмүн. Көрсө азыр тойлор беш жүздөн миң кишиге чейинки чоң залдарда өтөт экен. Филармониянын чоң залы миң кишилик. Алардын алдында эмнеге ырдаганга болбойт? Алар деле угарман да. Эгер чыгармаң жакшы болсо, жеп жаткан тамагын, сүйлөп жаткан сөзүн таштап сени угушат. Мен башында бир, эки ыр ырдап, залдын укпаганын байкасам кетип калам. Укса, төрт-беш ыр аткарам.

Бирок Керим Турапов тойлорго чакырылганда өзүнүн өнөрүнүн баасын кымбат айтарын, эгер баасы чыкпаса, андай жерлерге убактысын коротпой турганын кошумчалады. Ырчы музыкалык жактан сабатсыз фонограммалар кымбат соодаланып жатканда жандуу үн менен ырдаган өнөрпоздордун баасы өйдө болушу керек деген пикирде.

Турдубек Чокиев
Турдубек Чокиев

Композиторлор бирикмесинин төрагасы Турдубек Чокиев "ошентсе деле учурда атайын той үчүн адистешкен ырчылардын катары калыңдап баратат" деген санааркоосун да айтат. Анын оюнча, кыргыз маданият тарыхында ырчылар өз өнөрүн илгертен эле той-топурда көрсөтүп келгени менен, азыркыдай деңгээли төмөн чыгармаларды соодалаган жоон топ ырчылар болгон эмес.

- Мен баягыда радиодон бир ырчы жигиттин маегин угуп калдым. Атын айтпай эле коёюн, анын ырдап жүргөн жападан жалгыз ошол ыры эле бар. Тойлорго барып деле ошол ырын ырдай берет. Радиодон ал чыгармасын аткарып жүрүп, машина алганын айтты. Бул, албетте, жеңил баалуулук. Ырчылыкты алар пайда табуу деп түшүнөт. Ушундай жаштар ырчылык өнөрдү төмөнкү деңгээлге түшүрүп коюшту. Мен ойлойм, бул деле убактылуу көрүнүш. Себеби азыр эл окшош тойдон тажап, чыныгы чыгармаларды укканга умтулуп баратат.

Чокиев, эгер кыргыз ырчыларынын баары тойлор үчүн ырдап калса, анда адистик музыка өнөрүнө залалы тийет деп эсептейт.

Учурда адистердин бир даары ырчылардын дээрлик баары той үчүн ыр жазып, той үчүн музыка чыгарып калганын айтышып, анын чыгармачылыкка, жалпы улуттук маданиятка зыяны тийерин какшап келишет.

Музыкант болом деген жаштарга "алгач билим алгыла" дейт элем. Билими бар музыкант той менен алек болбойт. Билим албагандардын чыгармачылыгы көңүл ачуу деңгээлинде кала берет.
Жамила Муратова

Композитор, педогог Жамиля Муратованын пикиринде, тойлорго адистешүү билимдүү музыканттардын жумушу эмес:

- Мен той үчүн жаралган ырларды көркөм өнөр ("искусство") деп айтпайм. Ар бир чыгармачыл инсан өзүнө ылайыктуу чөйрөдө жүрөт эмеспи. Ырдап жүрө беришсин. Бирок бир гана тыюу: той ырчылары ошол ырлары менен ыйык сахнага чыкпасын. Той ырлары менен концерттик сахналарда туруп, элдин башын айлантканга болбойт. Негизи эле мен эч кимди, эч нерсени тыйбай, сындабай туруп, ырчы, музыкант болом деген жаштарга "алгач билим алгыла" дейт элем. Билими бар музыкант той менен алек болбойт. Билим албагандардын чыгармачылыгы көңүл ачуу деңгээлинде кала берет.

Муратова өзү ырчы катары тойлорго каалабагандыктан эмес, убактысы жоктуктан улам барбай жүргөнүн айтып, кез-кезде кыйбас адамдарынын жакшылыгына катышып, атайын акча үчүн эмес, көңүл үчүн ырдап турарын кошумчалады.

Тамадалардын айтымында, учурда кыргыз ырчыларынын тойдогу тейлөө акысы миң сомдон миң долларга чейин бычылат. Алардын ичинен, мисалы, жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган кээ бир адис эмес ырчылар миң долларга барып ырдаса, наамы барлардын калем акылары алардан эки же үч эсе төмөн болуп калат.

Негизи, көркөм өнөр үчүн коомдук турмуш талаасы азыр расмий театр жана филармония сахнасы менен той-торополор сахнасына гана байланып калган жок. Кыргыз диаспорасынын чакырыгы менен мухиттердин ары жагына чейин барып, кыргыз өнөрүн чакан топко даңазалап келгендер да бар. Алар өздөрү акысыз жер көрүп тим болбостон, кыргыз өнөрүн акындар Арстанбек, Токтогул Сатылган уулу Анжыянда даңазалагандай эле, же Жамбыл Жабай уулу келип, Чүйдөгү кыргызга казак өнөрүн тааныштыргандай эле, элдик дипломатиянын милдетин ыктыярдуу аткарышууда. Жалаң интернет аркылуу өз кардарын табууга умтулган өнөрпоздор да пайда болду. Алардын бардыгы тең эле соода-сатыкты көздөбөйт.

Демек, азыркы талкууга чек коюуга али эрте.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG