Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Котормо ыр автордук укукту эске салды


Нурлан Насип жана Самара Каримова
Нурлан Насип жана Самара Каримова

Нурлан Насип менен Самара Каримова аткарган "Бололу бирге" ыры кыргыз эстрадасындагы плагиат маселесин талкууга чыгарды.

Башка тилдеги ырларды кыргызчалоодо автордук укук эске алынабы? Деги эле ырчылар эмне үчүн башкаларды туурашат? Жакшы ырды өз эне тилине которуу ошол чыгарманы урматообу же маданият жаатындагы кризиспи?

Ырчылар Нурлан Насип менен Самара Каримованын аткаруусундагы "Бололу бирге" деп аталган бул ыр соңку күндөрү кыргызстандык музыка ышкыбоздорунун кызуу талкуусуна түштү. Анткени, ырчылар чыгарманы жарыялагандан көп өтпөй интернеттен анын казакча жана өзбекче варианттарын таап чыккандар болду.

Айрымдар бул ырдын түп нускасы казакча десе, кээ бирлер өзбектердин эски чыгармасы экенин айтышты жана кыргыз ырчыларын "плагиаттык кылган" деп айыпташты.

Ырды аткаргандардын бири Самара Каримованын пикиринде, жакшы чыгарма бир нече тилге которулуп ырдала берет, бул чыгармачыл дүйнөдө кадыресе көрүнүш:

-"Бололу бирге" деген ыр бир нече тилдерге которулган экен. Анын башаты тээ Индиядан келген дешет. Бирок мен хинди тилинде ырдалганын уккан жокмун. Өзбекчесин, казакчасын уктум. Аябай мыкты ырдашыптыр. Мага бул ырды аткарууну Нурлан Насип сунуш кылды. Мен макул болдум. Дүйнө жүзүндө деле мыкты ырларды башка тилдерге которуп ырдап жүрүшпөйбү.

Талаш жаратып жаткан бул чыгарма өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунда тартылган "Маскарапоз" аттуу өзбек киносунда ырдалган "Атыргүлдөр жүзүн ачты" аттуу ыр.

Ноокендик музыкант Сапар Расулов эми ошол ырды Нурлан Насип менен Самара Каримова жаңы ыр деп жарнамалап жатканын орунсуз деп эсептейт:

- Бул ырды "жаңы ыр" деп жарнамалашты. Чынында жаңы ыр эмес. Элге туурасын эле айтуу керек. Эл ырдын таржымалы тууралуу талкуулап баштагандан кийин аткаруучулар аталган ырды казактардан алынган дешти. Чындыгын айтканда бул ыр токсонунчу жылдардын ортосунда Өзбекстанда тартылган "Маскарапоз" деген тасмадагы саундректердин бири. Аны Совет доорундагы белгилүү артист Казым Каюмов менен ырчы айымдардын бири аткарган.

Дилноза Акбарова жана Жасурбек Жаббаров
Дилноза Акбарова жана Жасурбек Жаббаров

Расуловдун айтымында, “Маскарапоз” Өзбекстан телевидениесинин Алтын корунда сакталган фильм экенин эскерткен жазуу бар.

​Бул ыр заманбап өзбек шоу-бизнесинде үч жолу кайта ырдалган. Акыркы жолу 2015-жылдын күзүндө Жасурбек Жаббаров жана Дилноза Акбарова аткарып, клип менен чыгарган. Андан соң Куандык Рахым жана Албина Шардарова 2016-жылы казакча которуп, “Болайык бирге” деген аталышта ырдап чыгат. Быйыл кыргыз ырчылары Самара Каримова жана Нурлан Насип ырдап чыгышты.

Албина Шардарова жана Куандык Рахым
Албина Шардарова жана Куандык Рахым

Ырды үч тилде, үч башка жасалгада угуп көргөн акын Улукбек Омокеевдин пикиринде, текстти которууда чыгарманын маани-маңызы так сакталбай, чыгарма түп нускасынан алыстап, автордук укук бузулган:

- Мен бул ырды алгач казак тилинде угуп көрүп аябай жактыргам. Тексти да, мелодиясы да керемет таасир эткен. Кийин ырдын түп нускасын өзбек тилинде уктум. Ал андан да мыкты экен. Ал эми биздин ырчылар казак тилинен түз которуп алышыптыр. Өзбек тилинде сөзү аз эле, бирок мыкты текст. Мисалы, "жылдыздардын арасында жалгыз гана ай сыяктуу сен дагы менин жалгызымсың" деген сап казак тилинде таптакыр башкача болуп өзгөрүп кеткен. Андыктан кыргыз тилиндеги котормо да түп нускага окшобой калыптыр.

Музыка таануучу, композитор Тимур Саламатов башка элдин чыгармаларын ырдап чыгуу боюнча атайын эрежелер бар экенин айтты:

- Мындай ырларды ырдоо үчүн автордун өзүнөн же анын мураскерлеринен уруксат суроо керек. Бул эл аралык автордук укуктун талабы. Жаңы ырдап чыккандар тек гана өздөрүнүн вариантын сунуштап жатканын айтышы зарыл. Тилекке каршы биздин ырчылардын клибинде андай шилтеме жок. Ал эми казактар тарткан клипте ырдын кимдерге тиешелүү экени айтылган.

Саламатов кыргыз эстрадасында башка бир улуттун ырларын суроо-сопкутсуз эле алып, каалагандай пайдаланып жүргөн аткаруучулар көп экенин, мисалы учурда угармандарга кеңири белгилүү болуп калган "Кара жорго" ыры мындан бир топ жыл мурун казак тилинде чыгып, акыркы жылдары ал ыр которулуп кыргыздын ыры болуп кеткенин, ошол эле учурда кыргыздардын бир топ ырлары казактын обонуна айланганын белгиледи.

Анткен менен шоу-бизнестеги бөтөн элдин ырын которуп ырдоо бир гана кыргызстандык ырчыларга мүнөздүү көрүнүш эмес. Эл аралык деңгээлде таанылган эстрада ырчыларына да маал-маалы менен ушундай кинелер коюлуп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG