Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:09

“Жан дүйнө” радио түрмөгүндө маркум ырчы, обончу Медербек Кыдыршаевдин чыгармачылыгы жана тагдыры тууралуу кеп болду. 41 жашында бул дүйнө менен коштошкон таланттуу ырчы быйыл 55ке толмок. Ал өзгөчө үнү, обончулук таланты менен жанып өткөн жарык жылдыз катары өз күйөрмандарын тапкан.

Өткөн кылымдын 90-жылдарында кыргыз эстрадасында жана музыкасында Медербек Кыдыршаев деген жаңы ысым пайда болду.

Медербек 1962-жылдын 18-августунда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында карапайым үй-бүлөдө алты бир туугандын бешинчиси болуп жарык дүйнөгө келген.

Оштогу музыкалык окуу жайын бүтүрүп, андан соң Москва мамлекеттик маданият институтунун хор дирижеру факультетинде билим алып, өз доору үчүн жогорку таалимдүү музыка өнөрпозу болгон.

Ал алгач сахнага чыкканда эле аткарган ар бир ырын жөн эле ырдап койбой, ошол ырдын сөзү, музыкасы менен жашап, обологон мукам ыргактар менен бир бүтүнгө айланып кеткен өзгөчө талант катары жылдызы жанган.

Көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлуп жатыптыр. Анын ушул элеси такыр эсимден кетпей калды. Көрсө ал ар бир ырын сахнада ыйлап аткарат экен.
Элмирбек Иманалиев

Бир кезде мукам үндүү ырчы менен чогуу иштеп калган Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиев Кыдыршаевдин чыгармачылыгы тууралуу мындайча эскерди:

- Бир жолку сахнага чыкканын айтып берейин. Экөөбүз ээрчишип жүргөнбүз. Ал кайсы бир концерттин ортосунда эки ыр ырдамак. Кыдыршаев сахнага чыкты. Мен бери жакта күтүп турам. Себеби экөөбүз андан кийин да бир жакка кетмекпиз. Медер аке чыгып эки ыр ырдады. Аябай мыкты аткарды. Мен жан дүйнөм титиреп уктум. Эл дуулдата колдоду. Көрүүчүлөр бир топко чейин кетирбей кол чаап туруп алды. Анан үчүнчү ыр ырдалды. Күйөрмандар дагы деле сахнадан кетирбей жатышты. Бирок кетиш керек эле. Себеби башка ырчылар ашып кетсе экиден ыр аткарып жатышкан.

Ошондо Кыдыршаевдин сахнадан чыгып келаткан абалы таптакыр башкача экенин көрдүм. Гитарасын кармап шашпай басып келип чекесиндеги терди аарчыды. Көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлуп жатыптыр. Анын ушул элеси такыр эсимден кетпей калды. Көрсө ал ар бир ырын сахнада ыйлап аткарат экен.

Элмирбек кыргыз эстрадасы фонограммага өтүп, жасалма ырлардын доору жүрө баштаган кезде Кыдыршаевдин табигый үн, өзгөчө аткаруучулук жөндөм менен сахнага келиши ыр күйөрмандарын кубандырып, тилекке каршы, жаркын таланттын чыгармачылык жолу, өмүрү кыска болуп калганы убайга салганын кеп кылды.

Медербек Кыдыршаев кыргыз музыкасына чоң даярдык менен келген талант. Ал алгач Оштогу музыкалык окуу жайын бүтүрүп, андан соң Москва мамлекеттик маданият институтунун хор дирижеру факультетинде билим алган.

Орусияда окуп жүргөндө ал хор жамааты жана атактуу артисттер менен ири концерттерге катышкан. Бул тууралуу Москвада чогуу билим алган, жатаканада бир бөлмөдө жашаган досу Жумабек Дүйшөналиев айтып берди:

- Ал жөнөкөй эле студент болгон эмес. Медер Москва маданият институтунун маданият программасында негизги ролду ойногон ырчылардан болгон. Өзү гитаранын коштоосунда Ян Френкелдин «Журавли» деген чыгармасын ырдаган. Студент кезде эле он сегизден ашуун шаарды кыдырган. Зазулина деген биздин тайпалаш кызыбыз бар эле. Ал азыр Америкада. Экөөсү аткарган дуэт бүтүндөй СССРдин шаарларында аншлаг менен өткөн. Совет өлкөсү кезинде эле дүйнөгө таанымал болгон композитор, ырчы Игорь Николаев, Леонид Агутин менен чогуу окуп, алар менен ырчылык өнөр боюнча теңтайлашып жүргөн. Андан кийин орус эстрада ырчысы, Орусиянын эмгек сиңирген артисти Алексей Глызин менен жакшы болуп жүрдү.

Дүйшөналиевдин айтымында, анткен менен адис музыканттардын чөйрөсүндө зор кадыр-баркка жеткен кесипкөй ырчынын окууну бүтүп, өз мекенине келген учур эгемендиктин алгачкы оор жылдарына кез келгени өкүнүчтүү болду.

Кыдыршаев Москвадан келгенден кийин Бишкекте Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редакторлук кызмат менен алгачкы эмгек жолун баштаган.

Турдубек Чокиев
Турдубек Чокиев

Ошол кезде жумушсүз жүргөн жаш адисти аталган редакциянын башкы радактору, композитор Турдубек Чокиев кызматка алган экен:

- 1989-90-жылдар болушу керек эле. Менден Медердин эжеси Клара Кыдыршаева "Москвадан иним окууну бүтүп келатат. Ага орун караштырып берчи" деп суранып калды. Мен ал кезде Кыргыз радиосунда музыкалык редакциянын башкы редактору болчумун. Ал жерде камералык хор бар эле. Мен башында Медерди ошол жерге сүйлөшкөм. Бирок ал өзү хордо иштегиси келбей, редакциядан башка жумуш сурады. Андыктан биз аны музыкалык редактор катары жумушка алганбыз. Башында бир аз кыйналды. Себеби Москвада беш жыл окуп, орус тилинде сүйлөп калган экен. Бирок кийин бат эле өздөштүрүп кетти

Редакциянын жумушу менен концерттик программаларды түзүп жүргөн жаш адис кийинчерээк ырчылык өнөргө аралаша баштайт:

- Биздин редакцияга келип жүргөн Эсенбек Сасыбаев деген обончу бар эле. Ал Медердин пианинодо ырдап жатканын угуп: "Ай, бул бала жакшы ырдайт турбайбы, мен ырларымдан жаздырып көрөйүн", - деп эң биринчи жолу “Дале жүрөм” деген обонун жаздырды. Андан кийин Абас Чикеев өзүнүн “Ойлойсуңбу” деген обонун жаздырды. Андан кийин Медердин жылдызы жана баштады. Радиодо ошол учурда эки жылдай иштеп калды. Кийинчерээк "байке, мен концерттерден жетишпей калат экем, ырчылык менен эле кетейин", - деп жумуштан чыгып алды.

Т. Чокиев Кыдыршаевдин талантына баа берип жатып, анын чыгармачылыгы музыкалык билимге баа берилбей калган 1990-жылдарга туш болгонун, ал учур кандайдыр бир деңгээлде ырчынын чыгармачылыгын өксүткөнүн белгиледи.

1990-1995-жылдар Медербек Кыдыршаевдин чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгил болду. “Ойлойсуңбу” ырынан тышкары анын “Аманат” деген айтылуу ыры обого жаңырды. Анан соң “Сен өчпөдүң сезимден”, “Курбулар”, “Тамаша кечеси”, “Айсулуу”, “Астра гүлү”, "Кайыр кош", “Кыялдануу”, "Туулган жер" сыяктуу чыгармаларды эл купулуна жеткирип аткара баштады.

Ушул ырлардан кийин Медербек Кыдыршаевдин чыгармачылыгы узак тыныгууга туш болот. Замандаштарынын айтымында, бул кезде ырчы турмуштун өйдө-ылдыйынан, чыгармачылыктагы кризис, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер, ичимдик сыяктуу себептерден улам биринчи келинчеги менен ажырашып, ошол эле учурда чыгармачыл чөйрөдө кээ бир досторунан шагы сынып, көңүл чөгүүгө кабылган.

Кыдыршаев өмүрүнүн соңунда өзү туулуп-өскөн айылынан Фарида аттуу айымга үйлөнүп, жаңы жашоо баштаган. Аттиң, жазмыш! Таланттуу өнөрпоз жети айдан кийин, 2004-жылы 7-январда, оорунун айынан 41 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кете берди...

Жарынан ажырап калган Фарида “Жүрөгүмдү ырларың менен дарылайм”, “Акыркы коштошуу”, "Сүйүүмдү ала кеттиң келбес жакка" деген армандуу ырларды жараткан.

Арген үндүү Медербекти азыр да замандаштары ырааттуу эскерип, интернеттен анын кайталангыс үнү менен жаздырылган чыгармаларды ыракаттана угуп келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG