Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Кечээ жакында акын Алмаш Чойбекова арабыздан келгис сапарга узады.

Артына «Ак булут» баштаган бир нече ыр китебин, анын ичинде маданият менен адабиятка кызыккандар үчүн жат болуп калган бир катар кайталангыс ырлары менен саптарын калтырып кетти.

Ыр менен адабияттан башка нерсеге анча шыгы да, ыгы да жок Алмаш дээрлик отуз жыл бою соо жерден туруп тапкан кырсык менен кармашып жүрүп, акыры канаты талыган сыяктанат. Өмүрүнө эртелеп кеч кирип, бир кездеги чайыттай ачык көңүлү, шаңылдап чыккан доошу, булактай тунук акылы акыры биротоло тумандап, жылчыксыз караңгычылыктын кучагында калган акын эжебиз – тагдырдын тамашасын караңыз - акыры Бишкектеги өкмөт берген өз үйүндө эмес, эмнегедир Сузактагы карылар үйүндө дүйнө салыптыр. О, тагдыр…

Алмаш эжебиздин акындык тагдыры бир башка, адамдык жазмышы андан да башкача болду. Албетте, көзү мурункудай көрүп, ден соолугу жакшы, акылы ордунда болгондо мындан да көбүрөөк чыгармалар жазат эле, адабияттагы орду мындан да салмактуураак болмок. Тилекке каршы, Алмаш Чойбекова адам катары, аялзаты катары эми ачылып, эми толуп-ташып келаткан кезде дал ошол таланты менен сулуулугунун курманы болду. Дегеним, кыз курагынан көргөндүн көңүлүн бурган сулуулугу Аалы Токомбаевден Рыспай Абдыкадыровго чейинки залкарлардын көңүлүн буруп, акындык шыгы да эрте ачылып, эрте оозго алынды. Айтылуу «Алмашым» аттуу ыр ушул Чойбековага арналган ыр деген сөз бери болгондо отуз жылдан бери аңыз болуп айтылып келатат. Башкача айтканда, Алмаштын акындыгы менен сулуулугу ал үчүн бакыт да, трагедия да болду, чиркин...

Биринчи күйөөсү менен 12 жыл бактылуу жашаса да, перзенттүү боло албаган себептүү, үй-бүлө, бала-чака урунуу бакыты Алмаштан жаа бою качты. Талантына эмес, жалаң сулуулугуна суктанып үйлөнгөн экинчи жолдошу болсо каны кызуу Отелло чыкты. Алмашка кимдир-бирөөнүн шайкелең көз карашы эмес, кичинекей желаргы аны көздөй соксо, ошол оргу-баргы Отелло сыңары жини жаман, зили жаман кызганычтан акылынан адашты. Классик айткандай, арам ойлоп, арамдыктан кетпеди. Акыры жүрүп Алмашты жок кылыш үчүн бир эмес, төрт ок атты. Төрт октун бири акын эжебиздин өмүрүн кыя албаса да, көзүн алып тынды. Акыл-эсине, ал эле эмес, талант-шыгына доо кетирди. Акындын адам катары кеминде кырк жылга жакын созулган трагедиясы ошентип башталды.

Андан кийинки тарткан азаптары менен тозокторун айтып отурбайлы – акыры Алмаштын өмүрү Бишкектеги өкмөт берген үйдө эмес, Сузактагы карылар үйүндө кыйылыптыр. Мен, маселен, муну укканда уккан кулагыма ишенбедим, эмне үчүн акын, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген ишмер өкмөт берген үйүнөн ажыраганына акылым жетпеди. Баса, убагында такай президенттик стипендияга кошуп, квартирасы тууралуу камкордук кылып, китептерин да чыгарууга көмөк көрсөтүп келдим.

Эми Алмаш Чойбекованын акындык тагдырына келели. Мен, адабиятчы жана кыргыз адабиятынын тарыхчысы катары, Алмаштын чыгармачылыгына ар дайым жогору баа берип келдим, азыр да ошол пикирдемин. Ал эми анын «Байыркы талаада байыркы таш жатат» аттуу философиялык шедеврин кыргыз поэзиясынын тарыхындагы эң эле терең жана маанилүү чыккан ырлардын бири катары китептеримде жана монографияларымда үлгү катары көрсөтүп жүрөм.

Баарынан кызыгы, философ эмес, лирик катары таанылган акын эмне деген шедевр жазганын билди бекен, туйду бекен – менин буга чынында да шегим бар. Бирок талант дегендин оозуна кудай сала берет экен да, эмне жазганын акын өзү да байкабай калат да. Он жыл эртеден кечке ыйынып, бирок бир сап нака поэзия жарата албагандар ошол табият берген белектен куру жалак калгандар окшобойбу…

Алмаш Чойбекова – кыргыз кыздарынан чыккан эң эле таланттуу жана элге таанымал акын, муну ачык айталы. Анын «Барам сага», «Жаштык, жаштык», «Кыялдануу» сыяктуу ырлары калың элдин катмарына тараган, керек болсо жат болуп калган ырлар болду. Жоон топ ырларына обон да чыгарылды, ал обондор оңой менен үналгы менен сыналгыдан түшпөгөн хиттер болду.

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Бул сыяктуу акындык таланттын, лирикалык тереңдиктин касиетинен жаралган саптар Алмаш Чойбековада жетишээрлик. Дагы кайталайын: нечендер өмүр бою ыр жазуу менен алек болуп, кастарланып тема издеп, уйкаш издеп, бирок бир сап элдин назарына урунган ыр жаза албагандар арабызда канча?

Албетте, акын эжебиздин жазгандарынын баары эле Анжияндын атилесиндей сыйда же болбосо Теңир-Тоонун сеңириндей жогорку деңгээлде болгон жок. Менин терең ишенимимде, баары бир башка тийген ок, кумдай чуурган санаа, толук кандуу турмуштан куру жалак калуу, сырткы дүйнөнүн сулуулугу менен кооздугунун көз менен эмес, кыял менен сезүү, жалгыздык Алмаш эжебиздин кийинки жылдардагы ырларында ачык эле сезилип турду.

Бирок адабият деген нерсе – бул спорт же аламан байге эмес го. Адабият «дарбыздай дабыраган» сан менен эмес (Салижан Жигитовдун төл сөзү), ириде сапат менен өлчөнгөн нерсе. Ошондуктан арабыздан эртерээк кетип, турмуштун жыргалынан эрте кол жууган акын эжебиз дал ошол сапат жагынан көп замандаштарынан алда канча озду жана адабияттын тарыхынан өзүнө тиешелүү ордун тапты. Маселен, жогоруда аталган «Байыркы талаада байыркы таш жатат» аттуу философиялык этюд кээде гана жаралып кала турган поэтикалык шедевр деп тартынбай айтсак болоор эле.

Байыркы талаада байыркы таш жатат,

Байыркы жылдардын күнүнө какталат,

Кээде аны улуган бороон да жалмалап,

Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.

Мезгилге кайтарып ал таштар кум болоор,

Кум кайра жер болуп, ал жерге гүл толоор.

Жок болбос бир гана Күн, Жер, Ай, жылдыздар,

Океан чайпалаар, эң көрктүү гүл солоор.

Билинбей өткөндө жылдардын закымы,

Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.

Эскирбей, өлбөй да калат го түбөлүк,

Адамзат өнөрү, даанышман акылы.

Бул ыр Алмаш Чойбекованын түбөлүктүк жолуна алган акындык мандаты, артына калтырган ыр берметтеринин эң эле мыктыларынын бири.

"Азаттыктын" "Жан дүйнө" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы акын Алмаш Чойбековага арналды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG