Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Мирей Матье: ырчы, модель жана легенда


Улуу француз маданиятынын эмблемалары кимдер же эмнелер? - деп сураганда алды менен Парижди, атактуу Эйфель мунарасын, Нотр-Дам де Парини, Бальзак менен Роденди, Гаврош менен “Марсельезаны”, Жанна д’Аркты, Жан-Поль Маратты түшүнөбүз.

Эң кеминде дегенде. Бирок булар өткөн замандын элестери менен тарыхый символдору го. Ал эми жаңы замандагы Францияныкычы? Албетте, генерал де Голль, Сартр жана Камю, Коко Шанель менен Пьер Карден, Диор менен Легар. Ушул катардагы дагы бир супержылдыз - Мирей Матье.

Заманыбыздын эң эле атактуу ырчыларынын бири, Франциянын эле эмес, бүтүн Европанын маданий сыймыгынын, символдорунун бири Мирей Матье быйыл июль айында 70 жашка чыкты.

Убакыт деген нерсени эч бир пенде жүгөндөй да, токтото да албайт белем - дайыма жаш, дайыма сулуу бойдон кала бере тургандай көрүнгөн Мирей азыр, албетте, бир кездеги чачы ийнине төгүлгөн, көздөрү ботодой жайнаган Мирей эмес. Ошондой болсо да ал ырчылык формасынан эч бир тая элек, дале болсо бир буту сахнада. Ата мекени Францияда, сүйгөн калаасы Парижде көптөн бери жашабаса да, негизинен француздардын бир нече мууну үчүн ыр, музыка деген нерсенин, айрыкча шансон деген музыкалык жанрдын эң мыкты өкүлү бойдон кала бере турган ушул Мирей Матье го. Мирей көп жылдан бери Голливудда, Лос-Анжелесте жашаса да, каны-жаны француз бойдон кала бере турган улуу ырчы…

Мирей атактуу Авиньондо, Франциянын эң эле кооз жерлеринин биринде 1946-жылы туулуп, абдан жөнөкөй үй-бүлөдө, болгондо да 14 балалуу жаш аялмет куруучунун үйүндө өсүп-чоңоюптур.

Мектепте ар дайым начар окуган окуучу катары эсептелип, акыры мектепти да таштап, ата-энесине жардам бериш үчүн заводго иштеп кетиптир. Бирок Мирей Матьенин ырчы катары багын ачкан анын атасы болгон дешет билгендер. Анткени атасы ыр дегенде, опера дегенде жантыгынан жата калган ышкыбоз киши экен. Кичинекей эле бош убактысы болсо үнүн созолонтуп, аны туурап Мирей да ырдай коюп, ага жетине албаган атасы кызын ар кайсы конкурстарга катыштырып, кыскасы, Мирейдин табият берген зор талантын алгач ачкан анын атасы болуптур.

Мирейдин үнү 16 жашка келгенде кадимкидей ачылып, бышып-жетилип дегендей, бир конкурстун артынан экинчисин жеңип, тез эле оозго алынат. Анын багына ошол кездеги эң эле профессионал продюсер жана таланттуу импрессарио аталган Жонни Старк Мирейди өз учурунда байкап калып, ал жаш ырчыга ырчылык өнөрдүн бардык сырларын үйрөтүп, таалим-тарбия берип, акыры Мирей бүткүл Францияга белгилүү ырчылардын бири болуп чыга келген экен.

Эдит Пиаф
Эдит Пиаф

Ырас, үнүнүн тембри легендарлуу Эдит Пиафка окшошуп кеткендиктен, Мирей үчүн өз жолу, өз стили жана репертуары бар ырчы катары таанылуу үчүн бир топ эле кыйынчылыкка турган сыяктанат. Чындыгында да Мирей өзүнүн улуу жердешинин көлөкөсү, дубликаты болуп калбаш үчүн көп аракет жасап, керек болсо Эдит Пиафтын ырларын укпаганга тырышыптыр. Ошентип жүрүп Мирей Матье ырчылык өнөрдө өз жолун, өз чыйырын таап, акыры Франциянын музыкадагы чолпон жылдызы, маданий эмблемаларынын бири катары таанылган.

Мирей Матьени бир эле Франция эмес, бүт Европанын чыныгы кызы десек болор эле. Анткени ал континенттин дээрлик бардык тилдеринде ырдады. Ага эң сонун күбө “…Кош бол, Акрополь, кош бол, ак сүйүү!”, “Ла Палома”, “Карузо”, “Санта Мария” сыяктуу ырлар. Немис тилинде, испан тилинде, ал гана эмес орусча ырдаган, ошентип, бүт континенттин сүймөнчүгүнө айланган бирден бир француз ырчысы ушул Мирей Матье.

Өзгөчө көркөм жана кимдин гана болбосун жүрөгүн толкуткан хит - жогоруда аталган Акрополь тууралуу ыр. Байыркы грек цивилизациясынын бүт дүйнөгө белгилүү символу, азыр да Афина шаарынын чок ортосундагы легендарлуу дөңсөөдө жайгашкан, азыр да көргөндүн көз жоосун алган Акрополго, байыркы маданиятка суктануу ыры, Европа маданиятынын алтын бешигине арзуу гимни…

Мирей Матье - Франциянын улуу ырчысы Эдит Пиафтан кийинки чыккан эң эле атактуу француз ырчысы десек туура болот. Ырчы катары эле эмес, модель катары да даңкы чыккан, француз аялдарынын сулуулук пири деп таанылган Марианнанын наамын алган да ушул Мирей Матье го.

Ырчынын музыкадагы тагдыры өтө бактылуу, өтө жемиштүү болду десек эч бир жаңылбайбыз. Анан калса белгилүү музыкалык менеджер жана импрессарио Морис Шевалье Мирейди эң биринчи жолу укканда эле: “Мирей, сен өз жолуң менен кетишиң керек. Эдит Пиаф турмуштун караңгы тарабында жүрүп ырчылык даңкка жетсе, сен жарык жагы менен жүрүп отуруп жетесиң!” деген экен. Айткандай эле Мирей азыркы күндө репертуарында 1000ге жакын ыры бар, миллиондогон пластинкалары, дисктери бүт дүйнөгө таралган, Франциянын Ардактуу легион ордени менен сыйланган атактуу ырчы. Анын синглдери, Том Жонс, Шарль Азнавур, Хосе Иглесиас, Пласидо Доминго, Лучано Паваротти сыяктуу дүйнөгө белгилүү ырчылар менен чогуу аткарган ырлары музыка маданиятынын тарыхындагы маанилүү барактардын бири.

Ал эми Мирей Матьенун СССРде кантип таанылганы өзүнчө тема. Аны Союздун көп улуттуу калкы кандай жакшы көргөнүн, бир канча жолу гастролго келгенин, ал гана эмес, Уралдан ары өтүп, Сибирге чейин барып концерт бергенин айтып отурбайлы.

Ырчы азыркы учурда да Москвада, Кызыл аянтта жыл сайын өткөрүлгөн “Спасская башня” деген гала-концерттин сыйлуу коногу. Ал “Подмосковные вечера”, “Очи черные” деген ырларды, Орусиянын гимнин да эң сонун ырдаган чет элдик ырчы бойдон келатат.

Баса, Мирей Матье коммунисттик Кытайда да Батыштан келип концерт берген эң биринчи ырчы экенин эске сала кетели. Мирейдин ырчылык талантынын башаты, зор таасирин тийгизген адамы - жогоруда аты аталган Эдит Пиаф. Ал эми Пиаф болсо француз маданиятындагы, музыкасындагы өзүнчө бир доор. Аз жерден Мирей бар болгону легендарлуу Эдитти туурап ырдаган кайталама ырчы катары тарыхта кала жаздады. Ошондуктан Мирей үчүн өз жолун, өз чыйырын табуу оңой жумуш болгон жок. Нечен изденди, талыкпай эмгектенди, нарыдан бери кетти дегендей. Акыры ал эч кимге окшошпогон, ким да болсо жазбай тааныган, планетанын эң эле популярдуу ырчысы, Франциянын маданий сыймыгы катары таанылган Мирей Матье болуп чыга келди.

Бирок баары бир легендарлуу Эдит Пиаф Мирейдин музыкалык кумирлеринин бири катары кала берди окшойт. Бекер жеринен ал эң эле мыкты деген, миллиондогон тираж менен дүйнөгө тараган ырлар жыйнагын Пиафтын жаркын элесине арнабаса керек.

Ал эми Парижде Эйфель мунарасынын 100 жылдыгы белгиленгенде Франциянын гимни “Марсельезаны” аткаруу ардагы Мирей Матьенин наамына туш келди. Мунун мааниси аябагандай чоң. Себеби бул өлкөдө Эйфелдин түбүндө, Улуттук гвардиянын коштоосунда, мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда “Марсельезаны” аткарган ырчы көзү тирүү кезинде улуу ырчы катары таанылганы менен барабар болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG