Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Сальваторе Адамо - түбөлүк романтик


Бельгиялык шансонье Сальваторе Адамо - сейрек кездешкен романтик. Тагыраак айтсак, ырдагы, шансондогу романтик.

Жетимиштин кырынан эбак ашса да жүрөгү картайбаган, жаш кезинде тапкан музыкалык стилинен эч бир тайбаган кайталангыс ырчы. Ал эми анын “Себелейт кар” (“Падает снег” - Tombe la neige) аттуу ыры - анын эң эле белгилүү, дүйнөгө кеңири таралган шедеври. Дагы да тактап айтсак, бул ыр 60-70-жылдарда турмуш босогосун аттаган муундун белги ыры, төлгө ыры, магнитофондун тасмасы менен ойноткучтун грампластинкасынан түшпөгөн сүйүктүү шансону.

Ооба, Сальваторе Адамо Европадагы эң эле атактуу жана популярдуу ырчы-шансонье. Баса, “шансон” деген француз тилинен оодарганда өзү обон чыгарып, обонуна сөзүн өзү жазган, аны өзү ырдап чыккан ырчыларды билдирет эмеспи. Бул музыкалык агымдын же жанрдын Европадагы эң эле туу чокулары деп Эдит Пиафтын, Морис Шевальенин аты аталса, орустар негизинен Владимир Высоцкий менен Булат Окуджаваны, Александр Галичти айтып жүрүшөт.

Баса, биз сөз кылганы жаткан Сальваторе Адамо ошол орус шансоньеси В. Высоцкийди абдан жогору баалачу экен. Өзү да Советтер Союзуна бир нече жолу келип концерт берип, дүркүрөгөн кол чабууларга, артынан калбай ээрчиген фанаттарга чын дилинен ыраазы болуп, кан-жаны менен канааттанып жүрүп өз мекенине кеткен дешет тарыхчылар.

Эстрада ырчыларынын сахнадагы өмүрү кыска болору, кечээ эле артынан топураган күйөрмандарды ээрчиткен артисттер бара-бара унутта калары башынан белгилүү го. Бирок Адамо андай тагдырга тушуккан жок. Тескерисинче, анын музыкалык чыгармалары бүтүндөй доордун маанайын, музыкалык табитин чагылдырган ырлар катары тарыхта калды. Маселен, жогорудагы “Себелейт кар” (“Падает снег” - Tombe la neige) аттуу ырды интернетттен 6 миллиондон ашык киши таап, угуп чыгыптыр. Андан башка да жоон топ ырлары (“Мен эңсеген Ева”, “Инш Алла”, “Гүл”, “Розина” ж.б.) дээрлик жарым кылымдан бери улам жаңы муундардын эстетикалык моокумун кандырган музыкалык хиттердин тизмесинен түшө элек. Демек Адамонун музыкасы, ырчы катары деңгээли, эч кимге окшошпогон, ошон үчүн кайда болсо да дароо таанылган кайталангыс үнү - бүтүндөй доордун жүзүн чагылдырган үн, бир нече муундун музыкадагы сапарлашы, кыял дүргүткөн табериги.

Сальваторе Адамонун түпкү теги Италиядан, себеби ошол өлкөдө туулган, бирок француз тилинде сүйлөгон, ырдаган тили да ошол тил. Ал эми өнүп-өскөн мекени, чыныгы ата-журту - Бельгия. Ошол Бельгияда жүрүп атагы чыгып, жаш кезинен тартып нечен конкурстарды жеңип, ырлары Европаны узун-туурасынан аралап, бара-бара эски континенттин чегинен алдаганча алыс узап, аты бүт дүйнөгө тараган.

Ырас, ырчынын эң эле жемиштүү, эң эле жылдыз жандаган жаркын жылдары - 60-70-жылдар. Ошол 60-жылдарда эрезеге жетип, 70-жылдарда чоң турмушка аралашкан муун үчүн, маселен, биздин муун үчүн Сальваторе Адамо - бул жаштыктын ыры, эң бир романтикалык курактын символу экени айтпаса да түшүнүктүү. Анын мен жогортодо санап өткөн ырлары - биздин муун үчүн эч бир алуу-кошуусу жок жаштык куракты эскерүүнүн музыкасы, ностальгиянын музыкасы.

Сальваторе Адамо - түбөлүк романтик
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:14 0:00

Эстрада жанрында кантип узакка чейин элдин назарынан түшпөсө болот? Бул суроого жооп издегендер көп, бирок жооп тапкандар аз. Анан калса өткөн кылымда ондогон, керек болсо жүздөгөн дүйнөгө аты угулган ырчылар чыкты го, бирок ошолордун ондон бири гана музыканын тарыхына кирди. Сальваторе болсо ошолордун арасында эң эле назик, ошону менен бирге абдан кыялкеч, сезимтал, не бир акценттүү эстетикасы менен эсте калды. Анын шансондору кулактын эле кумарын кандырып тим болбой, жүрөктүн да не бир түпкү тереңин аралайт, эң бир кылдат, угумдуу, ошону менен бирге бирде басыңкы, бирде бийик патетикалуу обону менен башкалардан кескин айырмаланып турду.

Деле 60-70-жылдар музыкадагы шансон жанрынын туу чокусу болду го деген ой кетет. Башканы айтпай эле, Кыргызстанды эле алалычы. Обонун да чыгарып, ырын да өзү ырдап, бүтүн калайык калктын сүймөнчүгүнө айланган ырчылар бизде деле ондоп чыкты го. Маселен, Рыспай Абдыкадыров баштаган жоон топ обончу-ырчылар - ошолордун катарындагылар. Ырас, биз аларды биз шансонье дебей, негизинен обончу деп атап жүрөбүз.

Жогоруда Сальваторе Адамо Италияда (1943-жылы), Сицилияда туулса да, каны-жаны француз болуп калган ырчы дедик. Чынында да анын ырлары - нака француз ырлары, шансон деген ырчылык өнөрдүн нака сеңирлеринин бири. Ошону менен бирге Сальваторе Адамо көп кырдуу талант экенин да белгилей кетүү керек. Ырчы, акын, жазуучу, кинопродюсер, актер, сүрөтчү. Дагы баса белгилей турган нерсе - Адамо сүйүү же табият көрүнүштөрү тууралуу эле эмес, ар кайсы темаларга обон чыгарган масштабдуу талант. Маселен, “Иншалла” деген ыр палестиналык арабдар менен израилдик жөөттөрдү тынчтыкка, ынтымакка чакырган ыр. Адамодо мындай ырлар бир нече. Ошол ырларын автор дүйнөнүн тогуз тилинде ырдайт.

“Себелейт кар” - Tombe la neige деген ырдан тартып эң жаңы деген чыгармалары жазылган дисктердин саны эбак эле 100 миллион нускадан ашып кеткен. Адамо кыдырбаган мамлекет, ал ырдабаган атактуу концерттик залдар жокко эсе болсо керек.

Айтууга караганда, анын эң эле ышкылуу күйөрмандары мурунку Советтер Союзунда, андан соң Жапонияда экен. Ошол тизмеге Кыргызстанды да кошсок эч бир жаңылбас элек. Бирок Адамонун аябагандай фанат күйөрмандары Латын Америкасында, айрыкча Чили менен Аргентинада дешет. Ал жерде Сальваторе негизинен стадиондордо концерт берет, анткени эң эле чоң деген залдарга да анын ырын кастарлаган угууучулар эч качан сыймак эмес, батмак эмес.

Сальваторе Адамо азыр 74 жашта. Брюсселдин чет жакасындагы Юккла деген чакан шаарда үч баласы, бала кезинен бери арзып жүрүп алган өмүрлүк жары Николь менен жашайт. “Ата-тегим жашаган Италияга жылына бир жолу барбасам бир жерим толбогонсуп, бөксөргөнсүп турат, бирок француз маданияты менин каны-жаныма сиңген маданият”- дейт Адамо.

Ал Франциянын эң атактуу жана абройлуу сыйлыгы - Ардактуу легион ордени менен сыйланган. Ал эми Бельгиянын королу Альберт Экинчи бул ырчыга рыцарь деген титул берген, башкача айтканда Адамо бул мамлекеттин дворяндарынын катарына кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG